Министрлик: Сапар Исаковдун абалы канааттандырарлык
Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун ден соолугу канааттандырарлык. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Мекеме социалдык тармактарда «Сапар Исаковдун оорусунун диагнозун аныктай албай жатышат» деген кептер чындыкта коошпой турганын жазды.
УКМКнын тергөө абагында отурган Исаков 16-августтан бери Улуттук госпиталда жатат. Ага «кыр арка артериясынын синдрому» деген диагноз коюлган. Мындан баш айланып, ооруйт. Бир нече дарыгер Исаковду текшерүүдөн өткөргөндөн кийин консилиум болуп, аны №2 неврология бөлүмүндө дарылоо жөнүндө сунуш түшкөн.
Исаков Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу жана Улуттук тарых музейин оңдоп-түзөөдөгү жемкорлукка тиешеси бар деген шек менен 2018-жылы камалган. Кылмыш иши боюнча соттук териштирүү уланып жатат. (TSh)