Бабанов: Курчуп турган кырдаалды токтотуш үчүн келдим
«Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов дээрлик эки жылдан кийин мекенине кайтып келишинин себебин саясатка кайтуу эмес, «кырдаалды токтотуу» аракети менен байланыштырат. Бүгүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) суракка кирип баратып журналисттердин суроолоруна жооп берип ал «7-8-августта Кыргызстанда курчуп турган кырдаал» тууралуу айтты:
- Кырдаал курчуп турганда токтотуш үчүн учуп келдим. Күч органдарынан бирөө кайтыш болуп, жөнөкөй жарандардан көбү жарадар болду. Саясаттын эң жогорку тепкичи – президенттикке талапкерлик. Мен программам менен элиме чыккам. Шайлоо болду, экинчи орун алдым. Шайлоонун жыйынтыгын тааныдым. «Саясаттан кеттим» деп айттым.
Бабанов президентке жана күч органдарынын жетекчилерине аны аэропорттон эле кармап кетпей, үй-бүлөсүнө жолугуп, кичи мекенине барууга мүмкүнчүлүк бергени үчүн ыраазычылык билдирди. УКМКга шайлоо маалында Он-Адырдагы билдирүүсүнө байланыштуу күбө катары чакырылганын билдирди.
Башкы прокуратура 2017-жылдын 28-сентябрында ошол кезде президенттикке талапкер катары үгүт иштерин жүргүзүп жүргөн Бабановдун Ош шаарынын Амир-Темир кичи районундагы сүйлөгөн сөзү боюнча кылмыш ишин козгогон. Эми ал УКМКга ошол иштин алкагында күбө катары суракка чакырылды.
Бабанов 2017-жылдагы президенттик шайлоодо азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун негизги атаандашы болгон. Утулуп калгандан кийин Кыргызстандан чыгып кетип, жакында гана кайтып келди. Ал Оштун Амир-Темир конушундагы сөзүндө улут аралык чыңалууга чакырык таштабаганын билдирген.
19-августта Бабанов Финансы полициясында «Кыргызстан» банкы боюнча сурак берип чыкты. Мындан тышкары ага карата «бийликти басып алууга даярдык көрүү» деген айып менен да иш ачылган.
7-8-августта Кой-Таш айылында кийин бир катар кылмыш үчүн айыпталган мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы учурунда бир офицер каза болуп, 130дай адам жабыркаган. (BTo)