Пакистан менен Индия аскерлеринин ортосунда атышуу болду
17-августта Кашмирдин Пакистан менен Индияны бөлүп турган районунда эки өлкөнүн аскерлеринин ортосунда атышуу болду. Индия өкмөтүнүн өкүлү бул окуяны «оор кагылышуу» деп атады. Расмий такталбаган маалыматтар боюнча атышуудан индиялык бир жоокер каза болду.
Пакистандын премьер-министри Имран Хан БУУнун Коопсуздук кеңешинде бул чатактын талкууланышын кубаттады. БУУнун Коопсуздук кеңешине катышкан АКШнын президенти Дональд Трамп Пакистан менен Индиянын ортосундагы чыңалууну жоюш керек экенин билдирди.
БУУнун Коопсуздук кеңеши Кашмир маселесин акыркы жарым кылым ичинде биринчи жолу атайын жыйынында талкуулады. Анда Пакистандын премьер-министри БУУ Кашмирдин эли жапа чекпеш үчүн аракет кылышы керек экенин айтты. Ал эми Индиянын өкүлү «чөлкөмдүн статусуна байланышкан маселе - мамлекеттердин жеке иши. Ага ортомчулардын кереги жок» деп билдирди.
Кашмирдин Пакистан менен Индияны бөлүп турган районунда эки өлкөнүн жоокерлери 15-августта да атышкан. Исламабад анда Индиянын беш жоокери окко учканын маалымдаган.
Өзөктүк куралы бар бул эки өлкөнүн тиреш-жаңжалы Кашмирдин өзгөчө макамын жоюу тууралуу Нью-Делинин билдирүүсүнөн кийин күчөдү.
5-августта Индия өкмөтү Кашмирдин Нью-Делиге баш ийген бөлүгүнүн атайын макамын жокко чыгарууну чечкен. Ага ылайык, мусулмандар басымдуулук кылган Жамму жана Кашмир штаты мурдагыдай өз алдынча иш алып бара албай калат.
1947-жылы Британиянын чөлкөмдөгү үстөмдүгү аяктагандан бери мусулмандар басымдуулук кылган Кашмир аймагын дээрлик үч мамлекет башкарып келет. Аймактын түндүк-батышы Пакистанга баш ийсе, түндүк-чыгыш тараптагы бир аз бөлүгүн Кытай көзөмөлдөп турат. Кашмирдин түштүгүндөгү Жамму жана Кашмир аймагы болсо өзгөчө макам менен Индиянын курамында болууну чечкен.
Андан бери Пакистан менен Индия Кашмирге толук ээлик кылуу укугун талашып, эки өлкөнүн ортосунда кеминде эки ирет ири согуш чыккан. (BTo)