«Апрель» каналынын юристтери Башкы прокуратурага кайрылышты
«Апрель» телеканалынын юристтери Ички иштер министрлигинин (ИИМ) тергөө тобунун кызматкерлеринин иш-аракетине каршы Башкы прокуратурага жана Биринчи май райондук сотуна кайрылышты.
Каналдын сайтына жарыяланган маалыматка караганда, 9-августта ИИМдин тергөөчүсү атайын даярдыктагы кызматкерлердин коштоосунда «Апрель-ТВ» жоопкерчилиги чектелген коому жайгашкан имаратка кирип келген. Ошондой эле каналдын кызматкерлерин кеңседен чыгып кетүүсүн талап кылган. Бирок күч кызматкерлери бир да документин көрсөтүшкөн эмес. Болгону «Медиа Форум» ишканасы камакка коюлганы боюнча оозеки билдирүү беришкен.
«Апрелдин» юристтери ИИМ канал колдонуп жаткан «Медиа Форум» ишканасынын имаратын гана камакка койгонун, ал жерде жайгашкан башка массалык маалымат каражаттары иштеп жатканын жүйө кылышууда.
9-август күнү кечинде Ички иштер министрлиги соттун чечими менен «Медиа Форум» ишканасынын жана «Апрель» телеканалынын мүлкүн камакка койгон. Бул аракетти бир катар медиа уюмдар жана айрым адамдар сөз эркиндигине басым катары баалашууда.
Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Маалымат жана массалык коммуникациялар департаменти «Апрель» каналы оор кылмышка шектүү адамдын мүлкү катары камакка коюлганын билдирген. (BTo)