Дональд Тусктун Борбор Азиядагы сапары Тажикстандан башталды
Европа кеңешинин төрагасы Дональд Туск Борбор Азиядагы төрт күндүк сапарын Тажикстандан баштады. Аны 29-майдын кечинде Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин тосуп алды. Буга чейин Европа Кеңеши Дональд Туск 29-майдын 2-июнга чейинки сапарында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугарын кабарлаган. Тусктун үч мамлекеттеги сапары Европа Биримдиги Борбор Азия боюнча жаңы стратегиясын кабыл алгандан кийин болуп отурат. Читать дальше...