Жергиликтүү кеңештердеги беш депутаттын ыйгарым укуктары токтотулду
Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештердин беш депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. Мындай чечим БШКнын 4-июлдагы жыйынында кабыл алынды. Маалыматка караганда, Ысык-Көл районундагы Темир айылдык кеңешинин депутаты Бактыбек Байгазаковдун башка кызматка дайындалгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты Белек Сатыбалдиевге берилди. Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты Мураталы Тагаев да ушундай эле негизде мандатын тапшырып, анын ордуна Заттарбек Боронбаев келди. Читать дальше...