Оштогу чоң муштумдардын чоо-жайы
19-июнда Оштогу эс алуу жайында тартылган мушташтын кыска видеосу Интернетке тарап, коомчулукта кызуу талкууга түштү.
19-июнда Оштогу эс алуу жайында тартылган мушташтын кыска видеосу Интернетке тарап, коомчулукта кызуу талкууга түштү.
2018-жылдын 1-апрелине карата Казакстандын тышкы карызы 166,6 миллиард долларды түзгөн. Бул тууралуу Казакстандын Улуттук банкы билдирди. Расмий маалымат боюнча өлкөнүн тышкы карызы бир жыл ичинде 0,8 миллиард долларга азайган. Ал эми тышкы карыздын көлөмү ИДӨнүн 102,2 пайызын түзөт. 2017-жылы Улуттук банктын төрагасы Данияр Акышев тышкы карыздын көлөмү 167,9 млрд. доллар экенин билдирген.
Таиланддын Чианг-Рай провинциясындагы үңкүрлөрдүн бирине кирген бойдон дайынсыз кеткен 11-16 жаштагы 12 бала аман-эсен табылды. Жергиликтүү футбол клубунун балдары 23-июнда үңкүргө машыктыруучусу менен кирген бойдон чыккан эмес. Куткаруучулар үңкүрдүн кире беришинен алардын велосипеддерин, спорттук кийим-кечелерин табышкан. Издөө иштерин жүргүзүүгө үңкүрдүн ичиндеги ондогон чакырымга созулган жалгыз аяк жолдорго нөшөрлөгөн жаандын суусу толуп калганы да оорчулук жараткан. Айрым жерлерде суунун бийиктиги беш метрге жеткен. Читать дальше...
Самара шаарында өткөн оюндун жыйынтыгында Бразилия 2:0 эсебинде жеңишке жетти.
1/8 финалдык бөлүктө Бразилияга Мексика туш келип, оюн 2:0 эсеби менен Бразилиянын пайдасына жыйынтыкталды. Натыйжада Мексика үчүн чемпионат аяктаса, Бразилия чейрек финалда Бельгия менен Жапониянын кимиси утса, ошол команда менен ойнойт. 1/8 финалдык оюндар эртең 3-июлда жыйынтыкталат. Андан соң калган сегиз команда чейрек финалды ойной башташат. Ушул учурда беш өлкө чейрек финалга жолдомо алды. Алар: Уругвай, Франция, Орусия, Хорватия жана Бразилия командалары. Футбол боюнча дүйнө чемпионаты быйыл Орусияда өтүп жаткан кези. Читать дальше...
Башкы прокурор Жогорку соттун үч судьясы баш болгон бир катар адамдарга кылмыш ишин козгоду. Алар "азиз активист Темирлан Ормуков тергөө абагына камалган учурда арызын убагында карабай, эркиндикке болгон конституциялык укугун бузган" деп айыпталууда. Бирок активист өзү ал судьяларга карата арыз жазбаганын билдирип, муну Башкы прокуратуранын өз күнөөсүн жабуу аракети катары баалады.
Кечээ жумушсуз жүргөн кыз-келиндер, бүгүн бизнести чагат. Ысык-суук дебей суу кечкен атбашылык мурап. Тазалыкты даңктаган кыз. Кыргыз-өзбек чек арасынан өтүү жеңилдегенден бери эки өлкө жаштары көбүрөөк үйлөнө баштады.
Бишкекте автоинспектор жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы "Азаттыкка" билдирди. Маалыматка караганда, жол кырсыгы 2-июлга караган түнү саат 2.30 чамасында Бишкектин Жантөшев жана Байтик Баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Жол кырсыгына кабылган "Nissan" машинесинде автоинспектор болгон. Ал өз машинеси менен башка жол коопсуздук кызматкерлеринин кызматтык автоунаасын сүзгөн. Азыркы учурда окуянын чоо-жайы боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатат. Читать дальше...
Украинанын Жогорку Радасынын вице-спикери Ирина Геращенко расмий Киев Орусияда кармалып турган украиналыктарга алмаштырууга даяр болгон 23 орус жаранынын атын атады. “Булар Одессада, Харьковдо, Киевде, Херсондо, Тернополеде теракт даярдоого жана Донбасстагы согуштук аракеттерге катышууга айыпталып соттолгондор. Андан тышкары, учурда сот иши жүрүп жаткандар бар", - деди Ирина Геращенко. Бүгүн аты аталгандар арасында украин аскерлери 2017-жылы июнда Лугансктын жанында колго түшүргөн Виктор Агеев да бар. Читать дальше...
Украинанын Жогорку Радасынын вице-спикери Ирина Геращенко расмий Киев Орусияда кармалып турган украиналыктарга алмаштырууга даяр болгон 23 орус жаранынын атын атады. “Булар Одессада, Харьковдо, Киевде, Херсондо, Тернополеде теракт даярдоого жана Донбасстагы согуштук аракеттерге катышууга айыпталып соттолгондор. Андан тышкары, учурда сот иши жүрүп жаткандар бар", - деди Ирина Геращенко. Бүгүн аты аталгандардын арасында украин аскерлери 2017-жылы июнда Лугансктын жанында колго түшүргөн Виктор Агеев да бар. Читать дальше...
Кыргызстандык келиндер жубайы тууралуу кандай ойдо? Азыркы кыздар кандай жигиттерди тандашат? “Эже-сиңдилер” телебаарлашуусунун кезектеги коноктору фито-терапевт Ташбү Каразакова, активист Аманкул Бабакулов жана блогер Азиза Мурзашова.
Бүгүн 2-июль — Спорттук прессанын эл аралык ассоциациясынын (AIPS) түзүлгөн күнү. Бул уюм 1924-жылдан бери дүйнөлүк спортту, олимпиадалык кыймылды, дене тарбия, спорт ишин чагылдырып, көйгөйлөрдү жарыялап келет.
Таласта окуучу кызды зордуктоо боюнча шектүү катары Орусиянын жараны кармалды. Бул тууралуу "Азаттыкка" облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Динара Сарногоева билдирди. Окуя өткөн жуманын аягында болгон. Милицияга Талас шаарындагы №3 мектептин 16 жаштагы окуучусу зордукталганы тууралуу арыз келип түшкөн. Териштирүү иштеринин натыйжасында 33 жаштагы орус жараны кармалды. Ал Талас районунун Көк-Ой айылында убактылуу жашап жатканы маалым болду. Кылмыш-жаза кодексинин “Зордуктоо" беренеси менен кылмыш иши козголуп... Читать дальше...
Орусияда өкмөттүн пенсия курагын көтөрүү реформасына каршы акцияга чыккандардын жетөө кармалды. Германияда миграция маселеси үч ай мурда түзүлгөн башкаруучу коалицияны ыдырата турган болду. Таиландда үңкүрдө калган өспүрүм футболчулар табылганы кабарланды.
Орусияда өкмөттүн пенсия курагын көтөрүү реформасына каршы акцияга чыккандардын жетөө кармалды. Германияда миграция маселеси үч ай мурда түзүлгөн башкаруучу коалицияны ыдырата турган болду. Таиландда үңкүрдө калган өспүрүм футболчулар табыла элек.
Кремль президент Владимир Путин АКШнын мамлекет башчысы Дональд Трамп менен Орусия өзүнүн бөлүгү деп санаган Крым аймагынан башка бардык маселени талкуулоого даяр экенин билдирди. Бул тууралуу Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков 2-июлда Путин менен Трамптын 16-июлда Хельсинкиде өтө турган саммитин утурлай өткөрүлгөн басма сөз жыйынында айтты. Москва менен Вашингтондун мамилеси 2014-жылы Орусиянын Крымды каратып алышына, анын Сирия согушундагы ролуна жана 2016-жылдагы АКШдагы шайлоого кийлигишкени... Читать дальше...
Кыргыз өкмөтүнүн медициналык билим берүүнү 8 жылдан 11 жылга узартуу тууралуу токтому тармакта талаш-тартыш пайда кылды.
Жогорку Кеңештин экс-депутаты, “Айкөл Ала-Тоо” коомдук бирикмесинин мурдагы төрагасы Мээрбек Мискенбаев өзүнө козголгон кылмыш иши, саясаттагы соңку жагдайлар тууралуу “Азаттыкка” маек курду.
Таласта жол кырсыгынан эки адам каза тапты. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустук башкармалыгы билдирди. Окуя бүгүн 2-июлда Талас-Тараз унаа жолунун 58-чакырымында болду. Honda StepWGN жана Audi маркасындагы автоунаалар сүзүшүп, анын кесепетинен жубайлар каза таап, 12 жаштагы небереси оор абалда ооруканага жеткирилгени кабарланды. Honda StepWGN машинасынын айдоочусу да ооруканада жатат. (AlS)
Жогорку Кеңештин "Бир Бол" фракциясынын депутаты, мурдагы вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевге байланыштуу үчүнчү кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн “Азаттыкка” Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын өкүлү Наргиза Куватова билдирди: - Кылмыш-жаза кодексинин 183-беренесинин негизинде кылмыш иши фактынын негизинде 29-июнда козголду. Тергөө амалдарын УКМК жүргүзүп жатат. "Кылмыштуу кирешени легалдаштыруу" деген берене. Буга чейин Башкы прокурор Шадиевге карата 25-июнда Кылмыш-жаза кодексинин... Читать дальше...
3-июлда көпчүлүк аймактарда маал-маалы менен жаан жаап, күн күркүрөшү ыктымал. Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарында жана Нарын, Ош, Бакен облустарынын тоо этектеринде, тоолуу райондорунда жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 17-22 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн 15...20, күндүз 23...28 Баткенде түнкүсүн 16...21, күндүз 25...30, Таласта түнкүсүн 10...15, күндүз 22...27, Ош менен Жалал-Абадда түнкүсүн 15...20... Читать дальше...
Орусияда пенсия курагын көтөрүүгө каршы акцияга чыккандардын жетөө кармалды.
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финполиция) Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Мээрбек Мискенбаевди суракка чакыра элек.
Советтер Союзун Иосиф Сталин башкарган жылдары Беларуста миңдеген адамдар атылган жердин жанына ресторан ачууга каршы чыккан бир канча активист өткөн дем алыш күнү кармалды. Алардын айрымдарынын соту болуп, активист Павел Северинец жана Ольга Николайчук 10 күнгө камалды. Павел Северинец - оппозициялык "Беларус христиан партиясынын" теңтөрагасы. "Европалык Беларус" кыймылынын активисти Леонид Кулаковдун "Азаттыкка" билдиргенине караганда, ишемби күнү кармалган эки оппозициялык активист - Денис... Читать дальше...
Көзү азиз активист Темирлан Ормуков Жогорку соттун үч судьясына кылмыш иши козголушун өзүнүн ишине байланыштуу, бирок негизсиз деп эсептейт. Бул тууралуу ал бүгүн “Азаттыкка” билдирди. “Менин ишим боюнча козголду. Бирок аларга кылмыш иши козголушуна мен макул эмесмин. Себеби мага карата мыйзамсыз чечим чыгаргандар - алар эмес, Башкы прокуратура өзү жана райондук сот. Мага Башкы прокуратурадан чалып, арыз жазууну сунуш кылышкан, бирок мен андан баш тарткам” деген Ормуков башкы көзөмөл органы бүгүн... Читать дальше...
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
123ru.net — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.