Путин менен Трамп АКШ-Орусия алакасын оңдоонун "алгачкы кадамын" кубатташты
Президенттер Дональд Трамп менен Владимир Путин АКШ - Орусия ортосунда сууп кеткен мамилени жандантуу үчүн "алгачкы кадамдар" жасалганын белгилешти. Трамп Ак үйгө келгенден берки 18 ай ичинде эки өлкөнүн лидерлери биринчи жолу саммит өткөрүштү. Путин Хелсинкидеги жолугушууну "ийгиликтүү жана пайдалуу" болду деп баалап, анда куралды көзөмөлдөө, Сирия жана Украинадагы жаңжалдар, соода жана башка маселелер талкууланганын айтты. Жалпысынан төрт сааттай созулган сүйлөшүүдөн кийин эки лидер бирге басма сөз жыйынын өткөрүштү. Читать дальше...