АКШ: “Крым декларациясын” жарыялады, Трамп-Путин жолугушуусу 2019-жылга калды
Мамлекеттик катчы Майк Помпеонун 25-июлда жарыялаган билдирүүсү “Крым декларациясы” деп аталат. Анда “АКШ Орусиянын Крымды аннексиялоо үчүн көргөн аракетин четке кагат жана бул саясатты Украинанын аймактык бүтүндүгү толугу менен калыбына келгенче карманууга милдеттенме алат. Кошмо Штаттар Орусияны Крымды оккупациялоону токтотууга чакырат”,- деп айтылат. Декларация Мамлекеттик катчы АКШ Сенатынын Эл аралык байланыштар боюнча комитетинде көрсөтмө берер алдында жарыяланды. Крымдын 2014-жылы аннексиясын... Читать дальше...