Трамп Түркиядан америкалык пасторду бошотууну талап кылды
АКШ президенти Дональд Трамп эгер Түркия үй камагындагы америкалык пастор Эндрю Брансонду бошотпосо, Вашингтон Анкарага "чоң санкцияларды" киргизерин билдирди. "Ал абдан кыйналды. Динди карманган бул бейкүнөө адам дароо бошотулушу керек",-деп жазды Трамп 26-июлда "Твиттердеги" барагына. Андан бир саат мурда АКШнын вице-президенти Майк Пенс да Түркиядан Брансонду бошотууну талап кылып, болбосо анын кесепетине даяр болууга чакырган. Түркияда жыйырма жылдан ашуун жашаган христиан пастору 2016-жылдын октябрында Измир шаарында камакка алынып... Читать дальше...