Мэйдзи доорундагы бурулуш: Жапондук агартуу тарыхынан
Жапониянын Мэйдзи доорунда билим берүү системасында жүргүзүлгөн багыттоочу реформалар тууралуу жаш илимпоз Айнура Сатиндиева жазган блог.
Жапониянын Мэйдзи доорунда билим берүү системасында жүргүзүлгөн багыттоочу реформалар тууралуу жаш илимпоз Айнура Сатиндиева жазган блог.
АКШнын Юстиция министрлиги шаршембиде федералдык сотко кайрылып, тыңчылыкка шектелген Мария Бутинаны сотко чейин камакта кармап турууну өтүндү. Министрликтин жүйөсү боюнча Бутина орус өкмөтүнө жардам сурап кайрылып, АКШнын аймагынан чыгып кетиши мүмкүн. Ошондой эле ал орусиялык тыңчылар менен байланышта экенин жана бир катар орус офицерлери тууралуу маалыматы бардыгын билдирген. Москва орус жаранынын камакка алынышын айтыптап, бул Дональд Трамп менен Владимир Путиндин Хелсинкидеги жолугушуусун утурлап атайын жасалган иш деп баалады. Читать дальше...
Түркиянын соту шаршембиде "терроризмге жана тыңчылыкка” шектелген америкалык дин кызматкери Эндрю Брансонду камакта калтырууну чечти. АКШ бийлиги Анкараны аны бошотууга үндөп келет. Түркияда жыйырма жылдан ашуун жашаган христиан пастор Америкада бозгунда жүргөн түрк динаятчы Фетхуллах Гүлен менен байланышта деп айыпталган. Брансонго ошондой эле Түркиядагы күрт жикчилдерин коргогон деген кине коюлган. Эгер сот аны күнөөлүү деп тапса, 35 жылга чейин эркинен ажыратылыш мүмкүн. Америкалык пастор өзүнө тагылган айыптарды четке каккан. Читать дальше...
“Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” телеберүүсүнүн бул чыгарылышы жер маселесине байланыштуу эки теманы ачып берүүгө аракет кылды. Программада КСДП фракциясынын депутаты Музаффар Исаков сатты делген Жалал-Абаддагы ондогон гектар жерлер жана Бишкектин 11 кичирайонундагы 9,5 гектар жер тилкеси тууралуу сөз болот.
АКШда Чоң жюри Орусиянын жараны Мария Бутинага "чет элдик агент" деп каттоодон өтпөгөнү үчүн жаңы айып такты.
18-июлда Бишкекте “Боорукер бол” аталышындагы жаңы медиа өнөктөштүктүн бет ачары болуп өттү. Бул иш-чара ВИЧ менен жабыркаган адамдарга карата басмырлоону болтурбоого багытталган.
Бишкекте милиция органдарында мурда жетекчилик кызматта иштеген адам бычак жеп ооруканага түштү. Анын жарадар болушуна үй-бүлөлүк чыр себеп болгону расмий аныкталды.
Бишкекте милиция органдарында мурда жетекчилик кызматта иштеген адам бычак жеп ооруканага түштү. Анын жарадар болушуна үй-бүлөлүк чыр себеп болгону расмий аныкталды.
Москвада кыргызстандык таксист эки жүргүнчүсү менен кошо жол кырсыгына кабылып, үчөө тең каза болду. Кырсык Выхино районунда 18-июлда таңга маал болгонун Москвадагы кыргыз диаспорасынын өкүлү Улан Кошматов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, каза болгондордун экөө Орусиянын, бирөө Кыргызстандын жараны. - Биз элчиликтин юристи менен ошол аймактын тергөө башкармалыгына бардык. Балдардын паспортторун алып, тек-жайын тактадык. Бирөө жалалабаддык жигит экен, анын туугандары табылды. Анын сөөгүн Кыргызстанга жөнөтүү боюнча уруксат алдык. Читать дальше...
Күйүүчү жана майлоочу майдын баасы көзөмөлгө алынат. Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов бааларды турукташтыруу маселеси боюнча кеңешмеде тиешелүү органдарга ушундай тапшырма берди. Ал бензин баасынын көтөрүлүшү көптөгөн кызматтардын жана товарлардын, анын ичинде азык-түлүктүн кымбатташына алып келерин, баалардын кескин көтөрүлүшүнө жол бербөө зарыл экенин белгиледи. Бул тууралуу өкмөттун басма сөз кызматы кабарлады. Өнөр жай, энергетика жана кен иштетүү мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Алымбек Орозбековдун айтымында... Читать дальше...
Еврокомиссия Google корпорациясына шаркеттин антимонополиялык мыйзамдарын бузганы үчүн төрт миллиард евродон ашуун айып салды. Еврокомиссия корпорация Android системасы менен иштеген смартфондорго Chrome сыяктуу интернеттеги программаларды жүктөөгө милдеттендирген деген бүтүмгө келген. Комиссия Google корпорациясынын мындай аракети Chrome менен иштеген башка мобилдик браузерлерди чектеп, жаңы системалардын пайда болушуна тоскоол болгон деп санайт. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги өз булактарына таянып жазды. Читать дальше...
Ош шаарынын мэрлигине жалгыз талапкер болуп көрсөтүлгөн Таалайбек Сарыбашев шайланды. Ага шаардык кеңештеги 45 депутаттын 44ү колдоп добуш берди.
АКШ лидери Дональд Трамп Хельсинкиде орус президенти менен жолуккандан кийин айткан сөзүн кайра артка алды. “Амазон” компаниясынын башчысы Жефф Безостун байлыгы бул аптада жаңы чекти багындырды. "Мен тамак эмесмин!" Түштүк Кореянын борбору Сеулда иттин этин жегенди токтотууга үндөгөн дал ушундай аталыштагы акция өттү. Орусияда жыл башынан бери жети миңден ашуун кыргызстандык “кара тизмеден” чыгарылды.
АКШнын президенти Дональд Трамп Хелсинкиде орус президенти Владимир Путин менен жолуккандан кийинки басма сөз жыйынында айткан сөзүн кайра артка алды. Ал анда Орусиянын 2016-жылкы америкалык президенттик шайлоого кийлигишкени боюнча АКШнын чалгын кызматтарынын буга чейинки бүтүмүн колдобогону үчүн мекенинде саясий чөйрөнүн эки тарабынан тең кескин сынга, айыптоого кабылган эле. Ак үй сыртына ага каршылар нааразылык акциясына да чогулган. Трамп менен Путиндин апта башындагы жолугушуусунун жуп алдында... Читать дальше...
Ош шаарынын мэрлигине Таалайбек Сарыбашев шайланды. Аны колдоп шаардык кеңештеги 45 депутаттын 44ү добуш берди. Мэрди шайлаш үчүн чогулган шаардык кеңештин жыйынында Сарыбашев шаарды өнүктүрүү боюнча өз программасын депутаттарга сунуш кылып, эки жыл аралыгында калааны иретке салып, өнүктүрүүгө убада берди.
Таластагы Киров суу сактагычында суунун көлөмү былтыркыдан эки эсе аз. Бул тууралуу «Азаттыкка» облустагы суу чарба башкармалыгы билдирди. Андан алынган маалыматка ылайык, 2017-жылдын ушул мезгилинде суу сактагычта 369 млн. куб метр суу бар болсо, бүгүнкү күндө суунун көлөмү 174 млн. куб метрди түзүп жатат. Жергиликтүү бийлик бул көрүнүш сугат иштерине кедергисин тийгизбегенин айтууда. Бирок буга чейин райондогу айрым дыйкандар суу тартыш болуп жатканы тууралуу даттанышкан. Былтыр октябрь айында... Читать дальше...
18-июлда Түштүк Африканын биринчи ынды кара президенти, Нобел тынчтык сыйлыгынын лауреаты, апартеидге каршы күрөшү үчүн 27 жыл түрмөдө отуруп чыккан Нелсон Манделанын 100 жылдыгы белгиленүүдө. Шейшембиде борбор шаар Йиоханнесбургда Манделага арналган сөзүндө АКШнын мурдагы президенти Барак Обама дүйнөдө баш көтөрүп жаткан популисттик кыймылдарды, авторитаризмге ыктоону, эркин басма сөзгө кысым көрсөтүүнү сынга алды.
Түркиянын “Маариф” фондун ачуу боюнча сунушунун негизинде меморандум долбоору каралууда. Бул тууралуу тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев билдирди. Министрдин айтымында, Кыргызстан бул сунушту конструктивдүү негизде карап жатат. Абдылдаев “Сапат” мектептерин Кыргызстандын Билим берүү министрлигинин көзөмөлүндө турган жана мыйзамдарга ылайык иш алып барган мекеме деп атады. “Бул мектептер толугу менен Кыргызстандын мыйзамдарынын негизинде иштеп жатат. Эч кандай маселе жок деп айтып жатабыз.... Читать дальше...
Украинада "мамлекеттик каражатты туура эмес пайдаланган" деген кине менен издөө жарыяланган мурдагы коргоо министри Михаил Ежел Беларустан саясий баш калка алды. Киевдин Соломянка райондук соту Ежелди сыртынан соттой баштаган. Экс-министр үй-бүлөсү менен Минскте саясий качкын макамында жашайт. Ал 2010-жылдын мартынан 2012-жылдын февралына чейин коргоо министри, 2013-жылдын майында Беларуска элчи болуп дайындалган. 2014-жылы орусиячыл президент Виктор Янукович элдик толкундоонун аркасында бийликтен кеткен. Читать дальше...
18-июлда президент Сооронбай Жээнбеков чет өлкөдө эмгектенген кыргызстандыктар менен жолукту. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады. Жолугушууда президент журтташтар менен өлкөдөгү инвестициялык климатты жакшыртуу, ишкерликти өнүктүрүш үчүн ыңгайлуу шарт түзүү боюнча пикир алмашты. Ошондой эле жыйынга катышкандар мигранттардын пенсия төлөмдөрү, медициналык камсыздандыруу, ишкерликке түзүлгөн шарттар боюнча маселелерди көтөрүштү. "Мен фонддорду, коомдук бирикмелерди уюштуруп... Читать дальше...
19-июлда өлкө аймактарында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 15...20, күндүз 33...38; Таласта түнкүсүн 11...16, күндүз 30...35; Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 18...23, күндүз 34...39; Баткенде түнкүсүн 20...25, күндүз 34...39; Ысык-Көлдө түнкүсүн 11...16, күндүз 22...27; Нарын облусунда түнкүсүн 9...14, күндүз 26...31 градус ысык болот. Бишкекте 19-июлда түнкүсүн өткүн өтөт, күндүз жамгыр жаабайт. Читать дальше...
Европа Биримдигинин шаркетти кеңейтүү боюнча комиссары Македонияга барып, Балкандагы чакан өлкөнү кийинки жылы мүчөлүккө кабыл алууга даярдыкты баштады. 17-июлда Йоханнес Хан Македонияны Греция менен он жылдап созулган чырга чекит койгон келишимге жетишкени менен куттуктады. Ал ошондой эле македониялыктарды күзүндө өтчү референдумда өлкөнүн аталышын Түндүк Македония деп өзгөртүүнү колдоого үндөдү. “Бул аймактагы башка өлкөлөргө да жакшы коңшулук алаканы өркүндөтүүгө өрнөк болот жана Европада... Читать дальше...
Былтыр сентябрь айынан бери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагында отурган Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаевдин бөгөт чарасы өзгөртүлүп, үй камагына чыгарылды.
Эки кылмыш иши козголуп, УКМКнын тергөө абагында отурган Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаев үй камагына чыгарылды. Мындай чечимди Бишкек шаардык соту чыгарганын парламенттин депутаты Алмамбет Шыкмаматов “Азаттыкка” кабарлады. Анын айтымында, Исаевдин адвокаттары бөгөт чарасын өзгөртүүнү соотон өтүнгөн. Канатбек Исаев былтыр 30-сентябрдан бери камакта болчу. Ага бийликти басып алуу аракетине байланыштуу кылмыш иши козголгон. Ошондой эле Токмок шаарында мэр болуп турган учурундагы иштери боюнча коррупция айыбы коюлган. Читать дальше...
Кытайдын Тышкы иштер министрлиги АКШ “себепкер болгон” соода согушу глобалдык экономикага “чоң сокку” урду деп билдирди. Министрликтин басма сөз өкүлү шаршембидеги басма сөз жыйынында дүйнө өлкөлөрү буга каршы күрөшө турганын айтты. Июнь айында АКШ менен Кытай бири-биринин 34 миллиард доллардык товарына жаңы бажы төлөмдөрүн киргизген. Вашингтон дагы 500 миллиард долларлык кытай товарларына салык салууну караштырып жатканын билдирсе, расмий Бээжин буга жооп кайтараарын эскерткен. АКШнын президенти... Читать дальше...
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
123ru.net — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.