Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу суучулдар кызматында 200дөн ашык адам иштейт. Аларды жайкысын, өзгөчө сууга түшүү маалында түйшүк басат. Куткаруу иштерине зарыл шаймандардан өксүгөн бул кызмат кыйчалыш учурларда жеке пансионаттардын суучулдарына кайрылууга мажбур.
Башкы прокуратура Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы аткаминерлерине "мамлекеттик бюджетке ири өлчөмдө зыян келтирген" деген негизде кылмыш ишин козгоду.
АКШ президенти Дональд Трамп Орусиянын 12 чалгынчысына айып койгон америкалык прокуратуранын чечими боюнча пикирин билдирди. Трамп "Твиттердеги" баракчасына айыптоо документиндеги факттар Барак Обама башкарган жылдарга туура келээрин жазды. Ошондой эле Трамп "америкалык атайын кызматтар президенттик шайлоого чейин, 2016-жылы Обамага бул боюнча маалымат берген учурда эмне үчүн эч кандай чара көргөн эмес?" деген суроо салды. Дональд Трамп бул боюнча бардык суроолорду өзүнө эмес, мурдагы президент... Читать дальше...
Сталиндик репрессиянын желдеттери 30-жылдары “абдрахмановчулар”, “сыдыковчулар”, ага улай “тынаевчилер” тобуна аёосуз күрөш ачкан. Кандай да болсо айыпка жыгып, апыл-тапыл жок кылуунун кыныгын алгандар кийинчерээк мыйзамдын эреже-талаптарын сактоого деле көңүл бурбай, “үчилтиктин” колу менен бейкүнөө инсандарды жок кылууга киришкен. Осмон Тынаевди ошентип жок кылышкан.
Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн 15…20, күндүз 30…35, Таласта түнкүсүн 13…18, күндүз 30…35, Баткенде, Ош менен Жалал-Абадда түнкүсүн 19…24, күндүз 31…36, Ысык-Көлдө түнкүсүн 9…14, күндүз 21…26, Нарында түнкүсүн 8…13, күндүз 23…28, Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -1...+4, күндүз 9…14 градус болот. 15-июлда Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Читать дальше...
Грециянын соту киберкылмыштарга шектелген орусиялыкты Францияга өткөрүп берүүгө макул болду. Орусиянын жараны Александр Винникти Франция алдамчылык менен алектенген кылмыштуу топтун мүчөсү катары айыптаса, АКШ ага төрт миллиард доллардан ашык каражатты криптовалюта базарында адалдаган деген күнөө койгон. Ошол эле Винникке каршы Орусияда да айыптар коюлган эле. Париж 38 жаштагы кылмышка шектүүнү өткөрүү өтүнүчүн эки апта мурун келтирген. Афинынын жанындагы Салоник соту бул өтүнүчтү карап чыгып, канааттандырды. Читать дальше...
Быйыл биринчи жолу Көчмөндөр оюндарынын программасына сумо кирди.
Маданият, маалымат жана туризм министрлигинде мамлекеттик сыйлыктарды берүүгө багытталган кеңешме журналисттердин катышуусу менен биринчи жолу ачык өттү. Мындай аракет сыйлык тапшыруу жаатында ачык-айкындуулукту камсыз кылуу жана коррупциялык көрүнүштөрдү жок кылуу максатын көздөйт. Быйыл аталган министрликке өкмөттүк сыйлыктарды алуу үчүн 367 сунуш түшкөн. Бирок анын ичинен 70 адам тандалып алынат. Президиумдун 17 мүчөсү кеңешкенден кийин купуя добуш берүү аркылуу сыйлыкка татыктуулар тандалып,... Читать дальше...
Көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахманов жөнүндө даректүү тасманы режиссер Эрнест Абдыжапаров тартат. Мындай чечим тасманы тартууга режиссерду тандоо боюнча сынактын жыйынтыгында кабыл алынды. Сынакка режиссерлор Бекболот Айдаралиев, Эрнест Абдыжапаров, Нурлан Абдыкадыров, Нурбек Боркошев, Нуркамил Курманкулов, Руслан Машрапов, Бакыт Турдубаев жана Замир Эралиев катышкан. Натыйжада Жусуп Абдрахмановдун бейнесин ачып, баскан жолун баяндаган тасманы тартуу укугун режиссер Эрнест Абдыжапаров алды. Читать дальше...
Чүй облусунун Молдовановка айылындагы №1 жатак абагында октон жараат алган жоокердин абалы оор бойдон калууда. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, жоокер учурда эс-учуна келе албай оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат. 21 жаштагы жоокер жарадар абалда кечээ эртең менен табылган. Ал өзүнө ок атып алган деп болжолдонууда. Автоматтан атылган ок жоокердин ээгине тийген. Окуя болгон жерде Жаза аткаруу кызматынын ыкчам-иликтөө тобу жана Бишкек гарнизонунун... Читать дальше...
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев энергетика жаатындагы жоготуулар боюнча так маалымат берүүнү талап кылды. Бул тууралуу премьер күз-кыш мезгилдерине даярдык көрүү боюнча республикалык штабдын жыйынында билдиргенин өкмөттөн кабарлашты. Абылгазиев тармактагы жетекчилер берген маалыматтар көп учурда чыныгы абалга шайкеш келбей жатканын билдирип, бул жаатта абалды оңдоо зарылдыгын белгилеген: - Бөлүштүрүү компанияларынын түйүндөрүндө электр энергияларын жоготуулар кээде 40% чейин жетет. Ансыз да жыл сайын адистер жоготуулар азайганын... Читать дальше...
Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары мэриядагы соңку кырдаалга байланыштуу эмгек өргүүсүнө чыкпайт. Мындай чечимди баш калаа депутаттары 13-июлдагы кезексиз жыйынында кабыл алышты. Шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаевдин айтымында, депутаттар шаардагы жана мэриядагы абалга көз салып, көмөк көрсөтүүнү чечишти. 13-июлда шаардык кеңеш Бишкектин мэри Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алышкан. Бул чечим премьер-министрге жөнөтүлдү. Мэрди отставкага кетирүү боюнча чечимди эми өкмөт башчы кабыл алышы керек. Читать дальше...
Сүлүктү шаарындагы шахтадан бир адам чыга албай калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Байкал шахтасындагы окуя бүгүн түшкө маал болгон. Жеринде 11 куткаруу иштеп жатат. Адегенде шахтадан үч адам чыга албай жатканы тууралуу маалымат тараган эле. Кийинчерээк Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шахтада бир адам бар экенин тактап, аны куткаруу иштери жүрүп жатканын кабарлады. (BkA)
Британ полициясы Эймсбери шаарында эки адам ууланган “Новичок” затынын калдыгын тапканын жарыялады. Кичинекей бөтөлкөнүн түбүндө калган калдык жакында уулануудан эсине келбей каза болгон Дон Стержестин үйүндө табылган. Учурда бул калдык Портон-Даун химиялык лабораториясында изилденип жатат. Лаборатория адистери дал ушул калдык Орусиянын мурдагы тыңчысы Сергей Скрипаль жана кызы Юлиянын ууланышы менен байланышы бар-жогун да аныкташат. Дон Стержес 30-июнда Солсбери шаарындагы ооруканага эс-учун жоготкон абалда жеткирилген. Читать дальше...
Кыргыз-тажик жазуучусу Мирзахалим Каримовдун улуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматов тууралуу эскерүүсү.
Коррупцияга айыпталып УКМКнын Тергөө абагында отурган мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун бөгөт чарасын өзгөртүү өтүнүчү менен Жогорку сотко арыз жолдонду. Бул тууралуу Исаковдун адвокаты Нурбек Токтакунов кабарлады. Анын айтымында, Жогорку сот анын арызын 24-июль күнү карамакчы. Бишкек Жылуулук электр борборун жаңылоого байланыштуу кылмыш ишинин алкагында айып тагылган Сапар Исаков 5-июнда камакка алынган эле. Бишкектин Биринчи май райондук соту аны эки айга камакта калтыруу боюнча чечим чыгарган. Читать дальше...
Ички иштер министрлигинин жарым жылдык ишинин жыйынтыгын чыгарган коллегиясынын чечими менен 92 кызматкерге чара көрүлдү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, өз ишиндеги кемчиликтери жана ыкчам-тергөө иштерин тийиштүү деңгээлде уюштура албаганы үчүн милицияда иштеген 15 жетекчи кызматтан алынды, 77 жетекчи дисциплинардык негизде жазага тартылды жана эки милиция башчысы ротацияга туш болмокчу. Ички иштер министрлиги кайсы жетекчилер кызматтан кеткенин ачыкка чыгара элек. Читать дальше...
Маданият, маалымат жана туризм министрлигинде мамлекеттик сыйлыктарды берүүгө багытталган кеңешме журналисттердин катышуусу менен биринчи жолу ачык өттү. Мындай аракет сыйлык тапшыруу жаатында ачыктыкты камсыз кылуу жана коррупциялык көрүнүштөрдү жок кылуу максатын көздөйт. Быйыл аталган министрликке өкмөттүк сыйлыктарды алуу үчүн 367 сунуш түшкөн. Бирок анын ичинен 70 адам тандалып алынат. Президиумдун 17 мүчөсү кеңешкенден кийин купуя добуш берүү менен сыйлыкка татыктуулар тандалып, Президенттик... Читать дальше...
Кыргызстандын ички дүң продукциясы быйылкы жылдын алты айында 0,1 пайызга өсүш көрсөттү. Статистикалык комитеттин маалыматы боюнча өнөр жай продукциясынын өндүрүшү 6 пайызга төмөндөгөн. Бирок Кумтөрдү эсепке албаганда 5,1 пайызга өскөн. Кайра иштетүү өнөр жайы жана кен байлыктарды иштетүү жаатында төмөндөө байкалган. Буга Кумтөрдөгү өндүрүштүн азайганы себеп болгон. Жарым жылдагы ички дүң продукциянын номиналдык көрсөткүчү 213,6 миллиард сомду түздү. Быйылкы жылы дефляция байкалып, керектөөчү баалар индекциясы 0,1 пайызга төмөндөдү. Читать дальше...
Пакистанда шайлоо өнөктүгү маалында жасалган эки жардыруудан кеминде 133 адам мерт болуп, 230дон ашыгы жараат алды. Каза болгондор арасында парламент депутаттыгына ат салышып жаткан талапкерлер да бар. Чабуулдар коррупцияга айыпталган өлкөнүн мурдагы премьер-министри Наваз Шариф жана кызы камакка алынып, өлкөдөгү кырдаал чыңалган учурга туш келди. Пакистан полициясынын маалыматы боюнча Белужистан аймагынын борбору Кветтадагы жөө жүрүш маалында жанкечти өзүн жардырып жиберген. Жардыруудан 128 адам мүрт кетти. Читать дальше...
Өкмөткө караштуу Соттук-эксперттик кызматтын төрага орун басары Табылды Матсаков президенттик аппараттын мурдагы башчысы Медет Садыркуловдун өлүмү боюнча жалган бүтүм чыгарган деген маалымат чындыкка кошпойт. Мындай билдирүүнү Соттук-эксперттик кызмат таратты. Маалыматка ылайык, 2009-жылы 13-мартта Медет Садыркулов баштаган үч адамдын өлүмүнүн себебин аныктоо боюнча Соттук-медициналык экспертиза бюросу комиссиялык экспертиза жүргүзгөн. Аталган комиссия маркумдар «жогорку температуранын натыйжасында каза болгон деген бүтүмгө келген. Читать дальше...
Жогорку Кеңештин «Бир бол» фракциясынын депутаты Акылбек Жапаровго козголгон кылмыш иши боюнча тергөө уланууда. Бул тууралуу депутат "Азаттыкка" курган маегинде билдирди. Анын айтымында, тергөө алкагында үч ирет сурак берген. Жапаров ага негизсиз айыптар коюлган деп эсептейт. "Азыр тергөө жүрүп жатат. Мени үч жолу чакырышты. Мен алып барган документтеримди көрсөттүм. Аларды аныктаганга аракет кылам",-деди Жапаров. Жогорку Кеңештин "Бир бол" фракциясынын депутаттары Игорь Чудиновго, Акылбек... Читать дальше...
Орусиянын Тышкы иштер министрлиги АКШнын орус чалгынчыларына айып тагуусун сындады. “Вашингтондо 2016-жылдагы АКШдагы президенттик шайлоого кийлигишкен деген эски “өрдүктү учурууга” бардык күчү менен аракет кылышууда”,-деп айтылат орус Тышкы иштер министрлигинин расмий сайтында жарыяланган билдирүүдө. Ошондой эле Орусия Кошмо Штаттардын атайын прокурорунун чечими жакында өтчү америка-орус саммитинин алдында маанайды бузууну көздөйт деп эсептейт. Буга чейин Кошмо Штаттардын Юстиция министрлиги Орусиянын... Читать дальше...
Президент Сооронбай Жээнбеков кадрларды аймактар арасында ротациялоону сунуштады. Бул тууралуу президент ушул аптада Таласка сапары учурунда билдиргенин өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты. Жээнбеков мындай чара кадрларды адистик жактан гана такшалтпастан, аймактар ортосундагы байланышты да бекемдерин билдирген. «Түндүккө келсем, түштүктөн кадрлар көбөйүп кетти дешет, түштүккө барсам, түндүктөн көбөйүп кетти дейт. Райондорго барсаң, милициянын начальниги, прокурор, УКМК ошол райондон отурат... Читать дальше...
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
123ru.net — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.