Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Июль
2018

Новости за 21.07.2018

Ак падышанын талаштуу тарыхы

Azattyk.org 

Орусияда бул аптада акыркы падыша Николай II жана анын үй-бүлөсү атып өлтүрүлгөнүнүн жүз жылдыгы белгиленди.

Инвестиция: Өкмөттүн үмүтү жана дымагы

Azattyk.org 

21-июлда Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында эл аралык инвестициялык форум өттү. Форумда Кыргызстандагы инвестициялык климат талкууланып, өлкөнүн продукцияларын башка мамлекеттерге экспорттоо боюнча онго жакын келишимге кол коюлду.

Мэр шайлоо: Сот Гудковдун өтүнүчүн канааттандырган жок

Azattyk.org 

Оппозициячыл саясатчы Дмитрий Гудков аны шаар мэрлигине талапкер катары каттабай койгон Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) чечимине байланыштуу Москва шаардык сотуна кайрылган. Бирок сот оппозиционердин арызын канааттандырган жок. Бул тууралуу Гудковдун адвокаты Николай Васильев "Интерфакс" агенттигине маалымдап, соттун чечими боюнча жогорку инстанцияларга даттанаарын билдирген. Дмитрий Гудков – “Партия перемен" саясий партиясынын лидери, Мамлекеттик Думанын экс-депутаты. Ал БШКга 63 муниципалдык... Читать дальше...



Ирак чек арасында ирандык он аскер каза болду

Azattyk.org 

“Тасним” кабар агенттиги 21-июлда Ирак-Иран чек арасында согушкерлер менен болгон кагылышуудан он ирандык аскер набыт болгонун кабарлады. Кагылышуу күрт куралчан оппозициячылары активдүү аймакта болгон. Бир нече жоочу да өлтүрүлгөн, бирок алардын так саны белгисиз. “Фарс” агенттиги каза болгон аскерлер чек ара кызматкерлери экенин маалымдады. Кол салууну Күртстандын “Эркин жашоо” аттуу партиясынын жоочулары уюштурганы айтылууда. Бул партия Түркиядагы “Күрт жумушчу” партиясы менен тыгыз байланышта экени белгилүү. Читать дальше...

Казакстан Денис Тен менен коштошту

Azattyk.org 

Казакстандын Алматы, Астана шаарларында белгилүү спортчу Денис Тен менен коштошуу зыйнаты өттү. Көркөм муз тебүү боюнча белгилүү спортчу Денис Тенди 19-июлда түштө Алматынын борбордук бөлүгүндө кылмышкерлер бычактап кетишкен. Полициянын маалыматына караганда, ага автоунаасынын күзгүсүн уурдагысы келген эки адам кол салган. Денис Тен алган жараатынан ооруканада каза тапкан.

Аба ырайы: күн 40 градуска чейин ысыйт

Azattyk.org 

21-23-июль күндөрү абанын температурасы жогорулап, мунун натыйжасында дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн. 22-июлда Кыргызстанда жамгыр жаабайт, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо күн күркүрөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн 17…22, күндүз 33…39, Баткенде, Ошто жана Жалал-Абадда түнкүсүн 20…25, күндүз 35…40, Таласта түнкүсүн 13…18, күндүз 32…37, Нарында түнкүсүн 12…17, күндүз 31…36, Ысык-Көлдө түнкүсүн 14…19... Читать дальше...

Көчмөндөр оюндары: коопсуздукту камсыздоо боюнча штаб түзүлдү

Azattyk.org 

Вице-премьер-министр Жениш Разаков Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү жана өткөрүү учурунда коопсуздукту камсыздоо боюнча штабды жетектейт. Бул тууралуу токтомго премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Ички иштер министрлигинин, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жетекчилери штабдын жетекчисинин орун басарлары болушту. Бул штабдын милдети жарандардын жана коноктордун коопсуздугун камсыз кылуу, күч органдарынын ишин координациялоо болуп саналат. Читать дальше...

Көкбөрүчүлөр Орусияда өнөрүн көрсөттү

Azattyk.org 

Москванын четиндеги Сергиев Посад шаарында кыргыз чабандестери орусиялыктарды көкбөрү оюну менен тааныштырды. Ачык асман алдында уюштурулган бул фестивалда Евразия элдеринин улуттук оюндары жергиликтүүлөрдү көңүлкош калтырган жок.



Кыргызстандык күрөшчү кыздар Азия чемпиону болушту

Azattyk.org 

Кыргызстандык күрөшчү кыздар Мээрим Жуманазарова жана Айпери Медет кызы ушул күндөрү Индиянын Нью Дели шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча жаштар арасындагы Азия чемпионатында алтын медал тагынышты. "Биргелешкен күрөш дүйнөсү" (UWW) уюмунун расмий сайтындагы маалыматка ылайык, 19-июлда кыз-келиндер күрөшү боюнча 68 килограмм салмакта күч сынашкан Мээрим Жуманазарова бул мелдеште төрт беттеш өткөрдү. Алгач Кытай Тайбэйи, Корея жана Казакстандын өкүлдөрүн жеңип, финалга чыкты. Чечүүчү таймашта... Читать дальше...

Кыргызстандык балбан кыздар Азия чемпиону болушту

Azattyk.org 

Кыргызстандык күрөшчү кыздар Мээрим Жуманазарова жана Айпери Медет кызы ушул күндөрү Индиянын Нью Дели шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча жаштар арасындагы Азия чемпионатында алтын медал тагынышты. "Биргелешкен күрөш дүйнөсү" (UWW) уюмунун расмий сайтындагы маалыматка ылайык, 19-июлда кыз-келиндер күрөшү боюнча 68 килограмм салмакта күч сынашкан Мээрим Жуманазарова бул мелдеште төрт беттеш өткөрдү. Алгач Кытай Тайбэйи, Корея жана Казакстандын өкүлдөрүн жеңип, финалга чыкты. Чечүүчү таймашта... Читать дальше...

Чек ара кызматы: кыргыз-өзбек чек арасында жаңжал катталган эмес

Azattyk.org 

Мамлекеттик чек ара кызматы 1-июлдан 20-июлга чейин кыргыз-өзбек чек ара тилкелеринде эч кандай жаңжал катталбаганын белгилеп, Өзбекстандын Шахимардан айылындагы кыргыз жарандары катышкан чатак боюнча түшүндүрмө берди.    Маалыматка ылайык, 18-июлда Кыргызстандын үч жараны Өзбекстандын Шахимардан анклавы аркылуу келатып өзбекстандык жарандар менен чатакташа кеткен. Чек ара кызматы муну чек арадагы жаңжал катары баалоого болбой турганын белгиледи.    Жарандардын чатагы боюнча эки мамлекеттин укук коргоо органдары жолугушуп... Читать дальше...

"Кытайлар ишке олуттуу мамиле жасайт"

Azattyk.org 

Кытайда билим алып жаткан кыргызстандык студент Бекетай Артыкбаев чет өлкөдө окуунун жолдору, тил үйрөнүү, кытайлардын маданияты менен өзгөчөлүгү туурасында "Азаттыкка" маек курду.

Кыргызстандыктар Денис Тендин жакындарына көңүл айтууда

Azattyk.org 

Казакстандык көркөм муз тебүү боюнча белгилүү спортчу Денис Тендин өлүмүнө байланыштуу Казакстандын Бишкектеги элчилигинде көңүл айтуу китеби ачылды. Эки күндөн бери айрым шаар тургундары элчиликке келип, гүл коюп кетүүдө. Бул тууралуу Казакстандын Кыргызстандагы элчилигинен маалымдашты.     21-июлда Казакстандын Алматы, Астана шаарларында белгилүү спортчу Денис Тен менен коштошуу зыйнаты өттү. Көркөм муз тебүү боюнча белгилүү спортчу Денис Тенди 19-июлда түштө Алматынын борбордук бөлүгүндө кылмышкерлер бычактап кетишкен. Читать дальше...

“Коопсуз шаар” долбоору боюнча сынак жарыяланды

Azattyk.org 

Бишкек шаарында “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыра турган компанияга сынак жарыялады. Бул тууралуу “Азаттыкка” биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов маалымдады. - Биз жаңы сынак жарыяладык. Кечээ өкмөттүн буйругуна кол коюлду. “Коопсуз шаар” - “Акылдуу шаардын” компоненти. Августтун аягында сынактын жыйынтыгы чыкса, сентябрь-октябрда ал ишти баштайбыз. "Коопсуз шаар" долбоорун кыргыз өкмөтү бир топ жылдан бери пландап, бирок толук ишке ашыра албай келе жатат. “Акылдуу шаар" долбоорун... Читать дальше...

Жыл башынан бери сууга чөккөндөрдүн саны 70тен ашты

Azattyk.org 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, жыл башынан бери өлкө боюнча 72 адам сууга чөгүп каза тапкан. Алардын 46сы эркек, жетөө аял, 19у өспүрүмдөр болгон. Сууга чөгүп кеткен окуялар көп катталган аймактардын сап башында Чүй облусу, андан кийин Жала-Абад, Бишкек шаарлары, Ош, Ысык-Көл облустары турат.   Буга чейин өкмөт чөгүп каза болгон балдар үчүн ата-эне күнөөлүү экенин эскерткен. Бул көйгөйдү жоюу үчүн эл арасында алдын алуу, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек экенин, буга жергиликтүү бийликти да тартуу зарылдыгын белгилеген. Читать дальше...

АКШ Украинанын коопсуздугуна 200 миллион доллар бөлөт

Azattyk.org 

20-июлда АКШнын Коргонуу департаменти Украинадагы аскерлерди окутуу, жабдуу жана кеңеш берүү үчүн 200 миллион доллар бөлөөрүн жарыялады. 2014-жылдан бери Украинадагы ички кагылышуулар жана Орусиянын Крымды аннексиялап алуусунан улам АКШ бул өлкөнүн коопсуздук тармагына 1 миллиард доллардан ашуун жардам берди. 2014-жылдын апрелинен бери уланып келаткан кагылышуулардан 10 300 кишинин өмүрү кыйылган. (BCh)

Дагестанда эки полиция кызматкери өлтүрүлдү

Azattyk.org 

Орусиянын Дагестан автономиялык республикасынын Кызылюртовский районунда 20-июлда эки полиция кызматкери киши колдуу болду. Москва Чеченстандын чек арасындагы аталган райондо 1991-жылдан бери сепаратисттерге каршы күрөш жүргүзүп келатат. Полиция кызматкерлери рейдде жүргөн маалда аларга куралдуу адам кол салган. Февраль айында Дагестандагы чиркөөдө да куралдуу кол салуу болуп, беш адам каза тапкан эле. (BCh)


Музыкальные новости
Денис Мацуев

Денис Мацуев выступит на фестивале "Владивостокские сезоны" в рамках ВЭФ-2024





Персональные новости
Зенит

Гол Мартыновича помог «Рубину» сенсационно обыграть футболистов «Зенита»





Кыргызстан Кытайга бал экспорттойт

Azattyk.org 

Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан экономикалык форумда Кыргызстандан бал экспорттоо тууралуу кытайлык “Тутар инвест” компаниясы менен келишимге кол коюлду. Бул келишим президент Сооронбай Жээнбековдун Кытайга мамлекеттик сапары маалындагы сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында ишке ашты.   Вице-премьер-министр Кубатбек Боронов бал азыгы 2018-жылдын күз айларынан баштап ташылаары күтүлүп жатканын “Азаттыкка” маалымдады.    Бүгүн форумда чет элдик компаниялар менен кызматташуу боюнча жалпысынан сегиз макулдашууга кол коюлду. Читать дальше...

Элеттиктер: "Чоңдордон суу артпай калды"

Azattyk.org 

Чүй боорундагы айылдардын ондогон гектар эгини сугат суу жок күйүп кеткен учурлар катталууда. Ысык-Ата районунун Интернационал айылынын тургундары айдоо иштери үчүн насыя алышканын, бирок сугат суунун жоктугунан улам түшүм албай калышканын айтып "Азаттыкка" даттанышты.

Чолпон-Атада эл аралык экономикалык форум башталды

Azattyk.org 

Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында “Регионду өнүктүрүү: инновация жана маалыматтык технологиянын ролу” деп аталган форум башталды. Бул иш-чара Кыргызстандагы инвестициялык климат тууралуу маалымат берүү максатында уюштурулду. Форумду Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттиги уюштуруп жатат. Ага Кытай, Араб Эмираттары, Казакстан, Орусиядан инвесторлор катышып жатат. Ошондой эле форум алкагында "Евразиялык санариптик платформалар" долбоорунун сынагы өтөт. (NT)

Азимжан Аскаров сыркоолоп айыкканын билдирди

Azattyk.org 

20-июлда Кыйноолорго каршы улуттук борбордун кызматкерлери өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаров менен жолугуп чыгышты. Мекеменин маалымдашынча, 19-июлда Аскаровдун ден соолугу начарлап жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Бирок, улуттук борбордун кызматкерлери менен жолуккан учурда Аскаров жайдын башында сасык тумоо болуп айыкканын, дары убагында берилип жатканын жана абактын жетекчилигине эч кандай дооматы жок экенин билдирген. Буга чейин жергиликтүү массалык маалымат... Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

РОСГВАРДИЯ ОБЕСПЕЧИЛА ПРАВОПОРЯДОК ВО ВРЕМЯ ФУТБОЛЬНОГО МАТЧА «ЦСКА» - «СПАРТАК» В МОСКВЕ


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
WTA

Потапова обыграла Шнайдер на старте грунтового турнира WTA 1000 в Мадриде


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Huawei представила IDS на 26-м Всемирном энергетическом конгрессе





Путин в России и мире
Москва

Петербургский автопром вышел из кризиса, заявил Беглов


Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире

Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Алла Пугачёва

Гитарист Пугачевой Левшин рассказал о проблемах со здоровьем у певицы



Москва

В Москве и Московской области началась гроза

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net