Кыргызстандык 5 жашар бала дүйнө чемпиону аталды! Жиу-житсу турниринен сүрөт
Спортчунун атасы Заир Марасуловдун айтымында, уулу жиу-житсу боюнча Кыргызстандын эң жаш дүйнө чемпиону болушу мүмкүн.
Спортчунун атасы Заир Марасуловдун айтымында, уулу жиу-житсу боюнча Кыргызстандын эң жаш дүйнө чемпиону болушу мүмкүн.
Эл аралык футбол федерациясы (FIFA) хорватиялык оюнчулардын Интернетке онлайн чыгарган видеосун териштирет. Бул тууралуу 8-июлда федерация маалымат таратты. Интернеттеги видеодо Хорватия курама командасынын коргоочусу Домагой Вида Орусиянын командасын жеңген соң «Украинага даңк» десе, дагы бир оюнчусу Огнен Вукойевич «Бул жеңиш "Динамо" менен Украинаныкы, алга Хорватия» деп коштоп кыйкырган. ФИФА дүйнөлүк футбол чемпионатында ойноп жаткан хорватиялык футболчуларга саясий аракеттери үчүн айып пул салып... Читать дальше...
Жапониянын батышындагы Курашики шаарында болуп көрбөгөндөй нөшөр төгүп, анын айынан каза болгондордун саны бери дегенде 69га жетти. Миңдей киши үйсүз калып, жүздөйү ооруканада жатат. Соңку маалыматтарга караганда, 60тай киши дайынсыз болуп жатканын өлкөнүн улуттук телеканалы NHK кабарлады. Суу ташкынына байланыштуу куткаруучулар тик учак жана кайык колдоно баштады. Көнөктөп жааган жаандан улам дарыялар кирип, көчкү жүрүп жатат.
Армениянын атайын иликтөө кызматы быйыл апрелде бийликтен кетүүгө аргасыз болгон президент Серж Саргсяндын жакын туугандарына расмий түрдө «мыйзамсыз ишкердик кылган» деген айып такты. Атайын иликтөө кызматынын маалыматында мурдагы президенттин бир тууган агасы Левон Саргсянга, анын уулу Нарек менен кызы Ани айыпталууда. Девон жана анын кызы Ани документ жасалмалоо бернеси менен күнөөлөнүп, сот атасын камакка алууга ордер берди. Ал эми Ани менен Нарек үй камагына алынды. Быйыл май айында... Читать дальше...
“Азаттык” радиосунун түркмөн кызматынын кабарчылары ооган-түркмөн чек арасындагы куралдуу кагылышта 25 жоокер курман болгонун маалымдашты. Бирок андай кабарды түркмөн бийлигине жан тарткан "Turkmenportal" басылмасы жокко чыгарды. Ооган тарап чек арада кырдаал курчуп баратканын маал-маалы менен билдирип турат.
Таиландда куткаруучулар үңкүрдө камалып турган алты баланы аман-эсен алып чыгышты. Бул тууралуу жергиликтүү бийликке шилтеме кылып "Рейтер" агенттиги жазды. Үңкүрдөгү коңулда калган 12 баланы жана футбол боюнча машыктыруучуну куткаруу операциялары бүгүн башталган. - Алгачкы куткаруу иштеринде эки баланы аман-эсен алып чыктык. Азыр алар үңкүрдүн жанында атайын уюштурулган талаа госпиталында дарыгерлердин көзөмөлүнөн өтүп жатат. Андан соң алар Чианг Рай районундагы ооруканага жеткирилет, - деди куткаруу... Читать дальше...
Жапониянын батышындагы Курашики шаарында болуп көрбөгөндөй нөшөр төгүп, анын айынан каза болгондордун саны бери дегенде 66га жетти. Миңдей киши үйсүз калып, жүздөйү ооруканада жатат. Соңку маалыматтарга караганда, 60тай киши дайынсыз болуп жатканын өлкөнүн улуттук телеканалы NHK кабарлады. Суу ташкынына байланыштуу куткаруучулар тик учак жана кайык колдоно баштады. Көнөктөп жааган жаандан улам дарыялар кирип, көчкү жүрүп жатат. Жапониянын телеканалдары жергиликтүү ооруканалардын балкондорунда... Читать дальше...
Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата ар кандай иш-чаралар, конференциялар өткөрүлүп, анын чыгармачылыгы, адамзатты ойлондурган ой жорууларынын багыты, негизи, философиясы, сабагы жана каармандарын жараткан жагдайлар тууралуу кеңири талкууланып жатат. Ал эми көпчүлүктү улуу ойчул кадимки турмушта адам, ата, жар жана теңтуш катары кандай эле деген суроо кызыктырат. “Азаттык” ушул өңүттө жазуучунун замандашы, коомдук ишмер Тилектеш Ишемкулов менен маектешти.
Куткаруучулар “Феникс” кемеси Пхукет аралынын жээгинде кыйроого учураган соң дайынсыз жоголгон 14 кишини издеп жатат. Алардын көбү Кытайдын жарандары экенин "Бангкок пост" гезити жазды. Жекшемби күнү куткаруучулар сууга чөгүп кеткен кемеден дагы бир адамдын сөөгүн алып чыгышты. Муну менен кырсыкта каза болгондордун саны 42ге жетти. Жалпысынан кемеде 105 киши болгон, алардын 49у куткарылган. Бүгүн кытай куткаруучуларына Таиланддын суучулдары да кошулду. Таиланд бийлиги кемени кургакка алып чыгууга аракет кылууда. Читать дальше...
Режиссер Виталий Манскийдин “Путиндин күбөлөрү” тасмасы Карловы Варыдагы даректүү тасмалардын сынагында баш байге алды.Тасмада Орусиянын президенти Владимир Путиндин саясий карьерасынын башталышы тууралуу уникалдуу кадрлар камтылган. Анын бийликке келип калышындагы негизги күбөлөр көрсөтүлгөн. Анда 1999-2000-жылдары Манский тарткан, мурда эч жерде чыкпаган картиналар бар. Алгач ирет “Путиндин күбөлөрү” фильми быйыл 18-мартта Орусиядагы президенттик шайлоону утурлай тартууланган. Фильмде көрүүчүлөр... Читать дальше...
Монголияда 3200 жыл мурда аттардын тишин дарылашкан. Объектти жарыкта көрсөтпөй жашырчу прибор. 105 жаштан кийин кишинин өлүү ыктымалдыгы токтойт. Дарыялар мурда айтылгандан дээрлик эки эсе чоң аянтты ээлегени аныкталды.
9-июлда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын болбойт. Шамалдын багыты өзгөрүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн 18...23, күндүз 35...40; Таласта түнкүсүн 13...18, күндүз 30...35; Ош, Жалал-Абад, Баткенде түнкүсүн 20...25, күндүз 35...40; Ысык-Көлдө түнкүсүн 13...18, күндүз 27...32; Нарын облусунда түнкүсүн 10...15, күндүз 31...36 градус болот. Бишкекте 9-июлда жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 21…23, күндүз 38…40 градуска чейин ысыйт.
Айчүрөк Кожоналиева 28 жашта. Ал Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясын артыкчылык менен бүтүрүп, Саламаттык сактоо министрлигинин жолдомосу менен Москва районундагы бейтапканада онколог болуп иштеп жатат. Бишкекте жашаган жаш дарыгер айылдагы ишине аптасына беш күн таң азандан туруп, үч унаа которуп отуруп эки саатта араң жетет. Күнүмдүк жашоосуна акча табыш үчүн дагы кошумча эки жумушта иштейт.
Өлкө башчы ишемби күнү улуттук команданын машыктыруучусу менен эки жолу сүйлөшкөн.
Кыргызстандагы Иммунопрофилактика борборунун маалыматы боюнча, былтыр баласын эмдетүүдөн баш тарткандардын саны өлкө боюнча жети миң адамга чамалаган. Анын ичинен 68% өз чечимин диний көз карашы менен негиздеген. 15% вакциналардын сапатынан күмөн санай тургандыгын билдиришкен.
Ош облусунда баласын эмдетүүдөн баш тарткандар жыл өткөн сайын көбөйүп жатат.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы (ЖКККБ) жазалоо укуктарынан ажыратылат. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ысык-Көлгө жасаган жумушчу сапары учурунда билдирди. Анын айтымында, “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында башкармалыктын ишмердигин кескин өзгөртүү чаралары каралган. “Мен ЖКККББга бузууларды аныктоо укуктарын гана берүү пикирин карманам. Бул аркылуу алар жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого жооптуу болушат, ал эми таякча менен туруп алып, бузуучуларды аныктоо, пара талап кылуу мүмкүндүгү жоголот.
Түркия бийлиги ар кайсы министрлик, ведомстволордогу 18 миңден ашуун кызматкерди иштен айдады. Бул тууралуу жекшембиде күчү мыйзамга барабар болгон өкмөттүн жарлыгында белгиленген. Жарлык “Расмий гезитке” басылды. Иштен алынгандардын басымдуу бөлүгү (9-миңдейи) Коопсуздук боюнча башкы башкармалыктын кызматкери болгон. Мындан сырткары 200 академик ишсиз калды. Кызматтан айдалгандар мамлекеттик кызматкерге таандык болгон артыкчылыктардан кол жууйт жана алар мындан ары мамлекеттик түзүмдөрдө иштей албайт. Читать дальше...
Президент Сооронбай Жээнбеков “Автомобиль жолдору жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду. Мыйзамды Жогорку Кеңеш быйыл 24-майда кабыл алган. Анын максаты жолдорду, жол курулуштарын тутуу жана пайдалануу боюнча чарбалык-экономикалык ишмердигин жүргүзүү, мамлекеттик башкаруу, жол курулушун жөнгө салуу системасындагы коррупциялык схемаларды алып салуу жана коррупциялык тобокелдикти жоюу боюнча деталдаштырылган планынын алкагында иш-чараларды ишке ашыруу болуп эсептелет. Читать дальше...
Кыргызстандын жасалма бөйрөк жана неврологиялык бейтаптар бирикмеси Саламаттык сактоо министрлигинин карамагына беш гемодиализ жабдуусун берди. Бул гуманитардык жардам германиялык “Фрезениус” компаниясынан алынган. Каракол шаарындагы бир нече жасалма бөйрөк жабдуусу бузулган. Жаңы жабдуулардын үчөө дароо Ысык-Көл аймактык ооруканасына жиберилгенин бирикменин төрайымы Венера Ташманбетова билдирген. Азыркы тапта жасалма бөйрөк жабдуусуна кезекке турган бейтаптар жок. Жакын арада жеке менчик – мамлекеттик... Читать дальше...
Жайкы аптапка байланыштуу ооруканага тамак-аштан ууланып кайрылгандардын саны өстү. Бул тууралуу Республикалык жугуштуу оорулар клиникасынын директору Гүлжигит Алиев “Азаттык” радиосуна кабарлады. Анын айтымында, күнүнө ашказан жана ичеги оорулары менен 90-100 киши кайрылып жатат. Алардын жарымы ооруканага жаткырылууда. - Былтыркыга караганда тамактан уулангандар көбөйдү дегенге болбойт. Бул жайкы сезонго байланыштуу. Курч мүнөздөгү ашказан-ичеги ооруларын негизи колдун киринин оорусу деп да коюшат. Читать дальше...
7-июлда Ош-Екатеринбург каттамында бараткан кыргызстандык келин учакта көз жарды. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунун маалымат кызматы кабарлады. Төрөттү борт коштоочулар кабыл алган. Капитан Ош аэропортуна кайтып келип, эне-бала "Тез жардам" менен ооруканага жеткирилди. Алардын абалы жакшы экени айтылды. (КЕ)
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
123ru.net — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.