123ru.net
World News in Kyrgyz
Июль
2018

Новости за 05.07.2018

Европарламент Молдованын сот бийлигин сындады

Azattyk.org 

5-июлда 343 добуш менен кабыл алынган резолюцияда Европарламент Молдовада “демократиялык стандарттар дагы начарлап баратканына” тынчcыздануу билдирүү менен шайлоого байланышкан соңку сот чечмдерин “мамлекеттик институттардагы терең кризистин мисалы” деп мүнөздөдү. Ага катар акыркы сот чечимдер Молдовада “саясий жана экономикалык бийлик бир ууч адамдын колуна топтолду деген камтамачылыктарды ырастаганын” белгиледи. Евопарламенттин бул резолюциясынын алдында Евробиримдик да Молдовага 100 миллион... Читать дальше...

Пашинян: бай-манаптардын доору бүттү

Azattyk.org 

Арменияда коррупцияга каршы күрөш уланууда. Анын алкагында эски иштер жанданып, буга чейин кол тийгис болуп келген адамдар суракка тартылууда. Кечээ мурдагы президент Роберт Кочерян он жыл мурдагы митингдеги кандуу окуялар боюнча күбө катары суракка чакырылды. Быйыл бийликтен кеткен дагы бир президент Серж Саргсяндын жакындары да бир катар кылмыштарга шектелип жатат.



Конгантиевдин иши сотко жеткен жок

Azattyk.org 

2010-жылдагы апрель окуяларына байланыштуу мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевге карата козголгон кылмыш иши "курамында кылмыш жок" деген негиз менен жабылды.

Түркияда Эрдоган ант берген күнү өзгөчө абал тартиби жоюлат

Azattyk.org 

Түркияда өзгөчө абал тартиби 9-июлда жоюла турганын премьер-министр Бинали Йылдырым билдиргенин 5-июлда мамлекеттик “Анадолу” маалымат агенттиги кабарлады. Өлкөдө өзгөчө абал тартиби 2016-жылдын июль айындагы аскердик төңкөрүш аракетинен кийин киргизилген.  9-июлда Анкарада президент Режеп Тайып Эрдоган экинчи мөөнөтүнө расмий киришип, ант берип, жаңы өкмөттүн курамын жарыялашы күтүлүүдө. Түркиянын Конституциясына былтыркы референдумда киргизилген өзгөртүүгө ылайык, Эрдогандын экинчи мөөнөткө киришүүсү... Читать дальше...

Прага-Бишкек: шаар кантип курулат?

Azattyk.org 

9-10 кылымдарда пайда болгон Прага менен 100 жылдан ашык тарыхы бар Бишкекти көп жагынан салыштырып болбойт. Бирок башкалааны пландоо жана аткаруу принциптери, байыркы же жаңы шаар болобу, бардык жерде бирдей болууга тийиш.

Исаевди экинчи иши кайра тергелет

Azattyk.org 

Бийликти басып алуу аракети боюнча айыпталган Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаевдин иши кайрадан тергөөгө жөнөтүлдү.

Британ ички иштер министри Орусияны “Новичок” үчүн кайрадан айыптады

Azattyk.org 

Британиянын ички иштер министри Сажид Жавид бүгүн парламентте өлкөдө дагы эки адамдын химиялык заттан ууланышы боюнча маалымат берди: - Химиялык куралды кайсыл жерде болбосун колдонуу варварчылык жана адамкерчиликсиздик. "4-мартта Солсбериде болгон окуя үчүн Орусия жоопкер" дегенден башка альтернативалуу түшүндүрмө жок. Биз Орусиянын мамлекеттик медиасынын акыркы окуя боюнча түшүндүрмөлөрүн көрдүк. Солсберидеги кол салуудан кийин күбө болгонубуздай эле биз Кремлдин мындан аркы дезинформациясын да күтсөк болот. Читать дальше...



Орусиянын соту “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна айып салды

Azattyk.org 

Москванын райондук сотунун 5-июлдагы чечимине ылайык, “Эркин Европа/Азаттык” радиосу 100 миң рубль (1600$) айып төлөөсү керек. Муну менен сот “Эркин Европа/Азаттык” радиосу Орусиянын “чет элдик агенттер” деп аталган, медианын ишин тескеген мыйзамынын жол-жобосун аткарган эмес деп тапты. Ал эми сотто бул медиакорпорациянын кызыкчылыгын коргогон адвокаттар Орусиянын Юстиция министрлиги бир нече жолку кайрылууларга карабай, мыйзам талаптары, мамлекеттик органдарга каржылык отчет берүүнүн тартиби... Читать дальше...

Мурдагы президент суракка чакырылды

Azattyk.org 

Арменияда мурдагы мамлекет башчы Роберт Кочарян суракка чакырылды.Британ полициянын билдиргенине караганда, Эймсбери шаарчасынын эки тургуну “Новичок” тобуна кирген заттан ууланган. Казакстандын бир нече жараны социалдык түйүндөрдө лайк - жакты деген белгини койгону, курандын үзүндүлөрү жазылган аудиолорду сактап жүргөнү үчүн айыптап жатышат

Лейлекте май куюучу жайда өрт чыкты

Azattyk.org 

4-июлда Лейлек районундагы май куюучу станциядан чыккан өрттөн төрт киши жабыркады. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, алардын бири Кыргызстандын, калганы Тажикстандын жарандары.

Медреседе окуган жаштар кесип үйрөндү

Azattyk.org 

Кыргызстандагы медреселерде иштеп, окуган жаштар кесип үйрөндү. Бул тууралуу бүгүн “Азаттык” радиосуна “Айыл жергесиндеги жаштарды кесипке үйрөтүү” долбоорунун өкүлдөрү кабарлашты. Жети облустан тандалып алынган медреселерге атайын жабдуу да таркатылып берилди. АКШ грант бөлүп каржылаган долбоордун алкагында 17 медреседе ашпозчу-кондитер, компьютер колдонуучу, бал челекчи, ширетүүчү, электрик жана тигүүчү кесиптери үйрөтүлдү, англис тили боюнча эки айлык курс уюштурулду. Атайын окуу курсун бүтүргөн жаштардын 70% жумуш менен камсыз болду. Читать дальше...

Текебаев болжол менен 1,5 жылдан кийин түрмөдөн чыгууга укуктуу экени айтылды

Azattyk.org 

Өмүрбек Текебаевдин бир жарым жылдан ашуун убакыттан кийин түрмөдөн жатак абагына которулуу мүмкүнчүлүгү бар. Бул жөнүндө маалыматты бүгүн “Азаттыкка” Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) өкүлдөрү тастыкташты.  Буга чейин Текебаевдин ишиндеги жаңы жагдайларга ылайык анын ишин кайра кароону өтүнүп, саясатчынын адвокаттары Башкы прокуратурага кайрылышкан. Башкы прокуратура "Текебаевдин адвокаттары көрсөткөн жагдайлар соттун жүрүшүндө каралган" деп ишти кайра кароодон баш тарткан болчу.  "Ата... Читать дальше...

6-июлга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

6-июлда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын болбойт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн 14...19, күндүз 32...37, Таласта түнкүсүн 12...17, күндүз 30...35, Ош, Жалал-Абад, Баткенде түнкүсүн 16...21, күндүз 33...38, Нарын менен Ысык-Көлдө түнкүсүн 7...13, күндүз 25...30, Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -3...+2, күндүз 11...16 градус болот. Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 16…18, күндүз 34…36 градуска чейин ысыйт.

БУУ: Кыргызстанда ар бир сегизинчи пенсионер жалгыз жашайт

Azattyk.org 

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) маалыматына караганда, Кыргызстандагы ар бир сегизинчи карыя жалгыз жашайт.  Чүй боорундагы Төмөнкү Серафимовка айылында жайгашкан карылар үйүндө 370 адам бар. Алардын 168и өз алдынча туруп баса албай, 24 саат кароодо. Жакында БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба фонду 300 миң сомдон ашык каражат жумшап, бул проблеманы чечип, кошумча балык чарба жана алма бактарды тигип берди. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган жайдын жетекчиси Бактыбек Жунушев билдирди. - Жыл сайын катуу жааган жаандан улам суу каптай берчү. Читать дальше...

Астанада 20 жылдык мааракени утурлай финансы борбору ачылды

Azattyk.org 

Шаар күнүн утурлай бүгүн Астанада, президент Нурсултан Назарбаевдин катышуусунда эл аралык финансы борбору ачылды. Буга арналган салтанаттагы сөзүндө Назарбаев борборлун ачылышын «экономиканын ырааттуу жана туруктуу өнүгүүсүндөгү маанилүү кадам» деп баалады.  «Астана аймактын башкы каржылык хабына» айланышы керек деп эсептеген Назарбаевдин айтымында, бул борбордун казакстандык модели дүйнөлүк соода аянтчалардын ишмердигинин «эң жакшы практикаларын» камтыды. Быйыл июлда америкалык "Forbes" журналы... Читать дальше...

Баткенде жыл башынан бери тогуз өспүрүм сууга чөгүп каза тапты

Azattyk.org 

Баткенде жыл башынан бери тогуз өспүрүм сууга чөгүп каза тапты. Бул тууралуу «Азаттыкка» облустук милиция кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, Кадамжайдан төрт, Лейлектен үч жана Баткен районунан эки факт катталган. Учурда милициянын аймактык ыйгарым өкүлдөрү жана өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери жайкы мезгилде жер-жерлердеги бассейн, көлмө иштеткен жарандарга түшүндүрүү иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүүдө. Ички иштер кызматкерлери балдардын сууга чөгүп каза болушунун ар... Читать дальше...

"Новичок": Британияда дагы эки адам ууланды

Azattyk.org 

Полициянын билдиргенине караганда, Англиянын түштүгүндөгү Эймсбери шаарында жашаган эки адам “Новичок” тобуна кирген заттан ууланган. Быйыл мартта Эймсберинин жанындагы Солсбери шаарында да орусиялык экс-тыңчы Сергей Скрипал менен кызы Юлия да “Новичок” тобуна кирген заттан ууланганы кабарланып, Лондон "кол салууну Москвадан көргөн. Орусия муну четке каккан.

АКШ мамлекеттик катчысы Пхеньянга жол тартты

Azattyk.org 

Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Майк Помпео бүгүн таңда Пхеньянга бет алды. Бир жумалык иш сапарында америкалык башкы дипломат андан тышкары Токиого, Ханойго, Абу-Дабиге жана Брюсселге да бармакчы. Вашингтон Түндүк Кореяны өзөктүк куралдан арылтуу жараянынын жол картасы боюнча келишимге жетишүүгө үмүттөнүүдө. Помпео Пхеньянда бир жарым күн болот. Америкалык мамкатчы жыл башынан бери Түндүк Кореяга ушуну менен үчүнчү ирет барышы.  Быйыл 12-июнда Сингапурда “тарыхый” деп мүнөздөлгөн саммитте... Читать дальше...


Музыкальные новости
Александр Галич

Александр Галич. "Облака". Поёт Антон Духовской.





Персональные новости
#123ru.net

Стартовал конкурсный отбор на участие в летней выездной программе литературного проекта «Языковая арт-резиденция»





Канатбек Исаевдин адвокаттары аны үй камагына чыгарууну өтүнүшөт

Azattyk.org 

Канатбек Исаевдин адвокаттары анын бөгөт чарасын өзгөртүү өтүнүчү менен тергөөчүлөргө жана прокурорлорго кайрылышат. Бул тууралуу бүгүн “Азаттыкка” Исаевдин адвокаты Сергей Слесарев билдирди. Исаевди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) былтыр 30-сентябрда кармаган. Буга "депутат бийликти күч менен басып алууга аракет кылып жатат" деп Интернетте тараган видео себеп болгон. Башкы прокуратура ага Кылмыш-жаза кодексинин 27-беренеси ("Кылмышка даярдануу"), 233-беренеси ("Калайман башаламандык")... Читать дальше...

Орусиянын фармкомпаниялары дары-дармек кымбаттай турганын эскертүүдө

Azattyk.org 

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун орус кызматы кабарлагандай, өлкөдө дары-дармектин баасы көтөрүлөрүн Орусиянын беш ири фармацевтикалык ассоциациясы эскертти. Алар Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин менен вице- премьер-министр Татьяна Голиковага жазган катында дарыны маркировкалоодо криптокоргонууну киргизүүдөн баш тартууну суранып жатышат. Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) талабы менен өлкөдө мындай эреже 2020-жылдан тартып милдеттүү болгону турат. ФСБ дары-дармекти... Читать дальше...

Арменияда мурдагы президент суракка чакыртылды

Azattyk.org 

Армениянын Атайын тергөө кызматы мурдагы президент Роберт Кочарян суракка 2008-жылдын 1-2-мартындагы окуялар боюнча күбө катары чакырылганын билдирди.  2008-жылдын 1-мартында президенттик шайлоодо мурдагы президент Серж Саргсян жеңишке жеткенден кийинки массалык нааразылык акцияларында демонстранттар менен күч түзүмдөрү кагылышкан. Ал кагылышуулардын натыйжасында кеминде он адамдын өмүрү кыйылып, жүздөгөн киши жараат алган. Бирок андан бери он жыл убакыт өтсө да ошол он кишини өлүмүнүн жагдайлары аныкталбай келатат. Читать дальше...

Иран Европа өлкөлөрүнүн дипломаттарын ТИМге чакырды

Azattyk.org 

Ирандын Тышкы иштер министрлигине Франциянын жана Белгиянын элчилери, ошондой эле Германиянын дипломатиялык миссиясынын убактылуу башчысы 4-июлда чакыртылган.  Жергиликтүү маалымат агенттиктери кабарлагандай, бул Германияда ирандык дипломат камакка алынышына байланыштуу болду. Ирандын Австриядагы элчилигинин дипломаты Ассадолла Ассади  1-июлда Германияда камакка алынган. Белгиянын бийлик өкүлдөрү аны "сүргүндөгү ирандык оппозициячыл топтордун Париждеги жыйынында жардыруу жасоону көздөгөн топтун ишине катышкан" деп айыптап... Читать дальше...

Кадамжайда үч тоннадан ашуун жапайы кара куурай жок кылынды

Azattyk.org 

Баткен облусунун Кадамжай районунда үч тоннадан ашуун жапайы өскөн кара куурай жок кылынды. Бул тууралуу бүгүн “Азаттык” радиосуна Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Дамира Юсупова билдирди. Бүгүнкү күндө Марказ, Үч-Коргон айыл аймактарында жалпысынан беш гектар жер жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте каралып чыгып, үч тоннадан ашуун жапайы кара куурай өрттөлдү. Учурда Кыргызстандын бардык аймактардында маңзаттардын мыйзамсыз жайылтылышына жана баңгиликке каршы «Мак-2018” операциясы жүрүп жатат. Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

Блиц-матч по шахматам между двумя командами провели в павильоне «Спорт для каждого»


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
WTA

Российская теннисистка Калинская покинула WTA-1000 из-за проблем со здоровьем


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Выпуск ЦФА на платформе «Атомайз» поможет снизить нагрузку на экологию





Путин в России и мире
Москва

Путин уточнил у Беглова причины снижения популярности Петербурга у туристов


Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Киев признал стагнацию ВСУ по всей линии фронта


Навальный в России и мире
Москва

СМИ: Байден и Шольц не успели предложить Москве обменять Навального



Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Ольга Бузова

Ольга Бузова стала человеком-невидимкой на ТВ-3 в новом сезоне легендарного шоу о звёздах



Москва

Пенсионера из Новой Москвы госпитализировали с помощью вертолета

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net