Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Июль
2018

Новости за 29.07.2018

Тажикстандагы автокырсыкта төрт чет өлкөлүк мерт болду

Azattyk.org 

Тажикстандын түштүгүндө жекшемби күнү чет өлкөлүк велосипедчилер тобун автоунаа сүзүп кетип, андан төрт адам каза тапты. Дагы үч чет өлкөлүк жаран жеңил жаракат алганын өлкөнүн Ички иштер министрлиги билдирди. Кырсыкка себепчи болгон айдоочу окуя болгон жерден унаасын айдап качып кеткен. Бирок окуядан көп өтпөй 21 жаштагы жигит кармалганы белгилүү болду. Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү каза тапкандар кайсы өлкөнүн жарандары экенин айтыша элек. АКШнын Душанбедеги элчилиги каза тапкандардын... Читать дальше...

Эрдоган Трамптын америкалык пасторду бошотуу талабына жооп берди

Azattyk.org 

Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган АКШ лидери Дональд Трамптын Түркияда үй камагында жаткан америкалык пастор Эндрю Брансонду бошотуу талабына жооп кайтарды. "Хабертүрк" басылмасы 29-июлда кабарлагандай, Эрдоган өз өлкөсү Кошмо Штаттардын талабына каршы тура алаарын айтып, Трампты "психологиялык согуш" жүргүзүп жатат деп айыптаган. Ошондой эле түрк лидери АКШ мындай мамилесин токтотпосо, "күчтүү жана чынчыл өнөктөшүнөн" айрылып калаарын эскерткен. 26-июлда президент Дональд Трамп эгер Түркия америкалык пасторду бошотпосо... Читать дальше...

Ирандын улуттук валютасынын куну түштү

Azattyk.org 

Ирандын улуттук валютасы - риалдын куну түшүп, 29-июлда жаңы төмөнкү чекти көрсөттү. "Ассошиейтед пресс" агенттиги кабарлагандай, бир күн мурда жашыруун акча алмаштыруучу жайларда бир доллар 98 миң риал турса, жекшемби күнү 112 миң риалды түздү. Өкмөттүн расмий курсуна ылайык, учурда бир доллар 44070 риалга барабар. Жыл башында бир доллар 35 миң риалды түзүп турган. Ирандын улуттук валютасынын курсу май айында АКШ Тегеран менен дүйнөнүн алты державасы кол койгон өзөктүк келишимден чыгып кеткенден тарта төмөндөй баштаган. Читать дальше...



Москвадагы митингде бир нече активист кармалды

Azattyk.org 

Орус өкмөтүнүн талаштуу пенсия реформасына каршы Москвада өткөн митингде оппозициячыл активист Алексей Навальныйдын жардамчысы баш болгон кеминде үч адам кармалды. Кармалгандардын арасында Либертариандык партиянын лидери Сергей Бойко, Навальныйдын Москвадагы штабынын координатору Олег Степанов жана митингдин алып баруучусу Михаил Чичков да бар экенин Либертариандык партиянын басма сөз катчысы "Твиттерге" жазды. Жекшемби күнү Москвадагы Академик Сахаров проспектисинде экинчи күн катары менен пенсия курагын көтөрүүгө каршы митинг өттү. Читать дальше...

Пакистан: Хандын партиясы коалиция түзө аларын билдирүүдө

Azattyk.org 

Пакистандагы парламенттик шайлоодо биринчи келген "Техрик-е-Инсаф" партиясынын лидери, оппозициячыл саясатчы Имран Хан коалициялык өкмөт түзүш үчүн жетиштүү сандагы депутаттардын колдоосуна ээ экенин билдирүүдө. 25-июлдагы шайлоодо анын партиясы 269 округдун 115инде жеңишке жетишкен. Бирок коалициялык көпчүлүктү түзүш үчүн талап кылынган 137 мандаттык чекти багындыра алган эмес. "Калк бизге бийликке келсин деп добуш берди. Кудай буюрса, биз өкмөттү түзөбүз", - деп билдирди партиянын басма сөз катчысы... Читать дальше...

Түркия сентябрда Сирия маселеси боюнча саммит уюштурат

Azattyk.org 

Түркия Сириядагы жаңжал сыяктуу чөлкөмдүк маселелерди талкуулаш үчүн сентябрь айында Франциянын, Германиянын жана Орусиянын катышуусунда саммит өткөрүүнү пландап жатат. Түрк президенти Режеп Тайып Эрдогандын мындай билдирүүсүн түрк басылмалары 29-июлда жазып чыгышты. Маалыматка ылайык, саммит 7-сентябрда Стамбул шаарында өтөт. Азырынча жыйындын күн тартибинде башка кандай маселелер бар экени так айтылган жок. Москва, Париж же Берлин түрк лидеринин бул айткандарын тастыктай элек. Орусия менен... Читать дальше...



Аба ырайы: өткүн өтүп, күн күркүрөйт

Azattyk.org 

“Кыргызгидромет” борбору билдиргендей, 30-июлда Ысык-Көл, Нарын облустарында жана Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Дыйканчылык аймактарда жамгыр жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Чүйдө түнкүсүн 13...18, күндүз 29...34, Таласта түнкүсүн 10...15, күндүз 26...31, Ошто, Жалал-Абадда 15...20, күндүз 30...35, Баткенде түнкүсүн 15...20, күндүз 31...36, Ысык-Көлдө түнкүсүн 9...14, күндүз 23...28... Читать дальше...

Слободан Милошевичтин адвокатын атып кетишти

Azattyk.org 

Слободан Милошевичтин адвокаты Драгослав Огнянович 57 жашында киши колдуу болду. Белгилүү адвокатты 28-июлда белгисиз бирөөлөр Белграддагы үйүнүн жанынан атып кетишкен. Окуя болгон жерде маркумдун 26 жаштагы баласы да жаракат алган. Полиция кылмышкерлерди издеп жатат. Огнянович 2000-жылдары Гаага трибуналында аскерий кылмышка айыпталган Слободан Милошевичтин таламын талашкан. Милошевич 2006-жылы сот өкүмү чыкканча эле көз жумган. (BCh)

Индонезиядагы жер титирөө 13 кишинин өмүрүн алды

Azattyk.org 

Индонезиянын туристтер көп барган аймагында 29-июлда болгон жер титирөөдөн кеминде 13 киши каза болуп, жүздөгөн адамдар жаракат алышты. Күчү 6,4 баллга жеткен жер титирөө Индонезиянын Ломбок аралында болгонун өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү Сутопо Пуруо Нугхоро билдирди. Анын айтымында, курмандыктардын саны дагы көбөйүшү ыктымал. Каза тапкандардын арасында бир малайзиялык бар экени аныкталды. Бали аралынан 40 чакырым жерде жайгашкан Ломбок аралына туристтер көп барат. 2004-жылы... Читать дальше...

Көпчүлүккө таянган Көчмөндөр оюндары

Azattyk.org 

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө 2018-жылдын бюджетинен 307,2 миллион сом каралган. Бирок уюштуруучу топ бул сумма аздык кылышы мүмкүн деп эсептеп, мамлекеттик органдарга, жеке ишкерлерге өз демилгеси менен кошумча кошсо болору тууралуу кат жиберген.

Оштон Анталияга бараткан учак "Манаска" конууга мажбур болду

Azattyk.org 

Ош-Анталия багыты боюнча учуп бараткан учак техникалык себептерге байланыштуу Бишкектеги "Манас" эл аралык аэропортуна конууга мажбур болду. Бул тууралуу “Азаттыкка” аба майдандын маалымат катчысы Алия Курбанова билдирди. Анын айтымында, учак бүгүн эртең менен конгон. Аба бортунда жалпысынан 89 жүргүнчү болгон. Учак "Авиа траффик" компаниясына таандык экени кабарланды. “Манас” эл аралык аэропортунан кабарлашкандай, жүргүнчүлөр тамак-аш жана жатакана менен камсыз болгон. Учак кечке жуук өз багыты боюнча учуп кетээри пландалууда. Читать дальше...

Ысык-Көлдө тамакка уулангандардын абалы дурус

Azattyk.org 

Ысык-Көл райондук ооруканасына 28-июлда тамакка ууланып түшкөн 11 адамдын төртөөнүн абалы оңолуп, ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Ысык-Көл районунун акими Данир Иманалиев билдирди. Ал эми жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган эки киши да өзүнө келип, стационардык палатага которулду. Район жетекчиси ошондой эле ууланган адамдар жеген тамак-аштары лабораторияга жиберилгенин, жыйынтыктары күтүлүп жатканын белгиледи. Данир Иманалиев 28-июлда Ысык-Көл районунун Бостери айылындагы "Тулпар" пансионатынын ичинде... Читать дальше...

Жети-Өгүздө "сары кыздын тою" өттү

Azattyk.org 

Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунда үчүнчү жолу өрүк фестивалы өттү. "Сары кыздын тою" деп аталган иш-чара көлдүн түштүгүндө эко-агро жана этнотуризмди өнүктүрүү максатын көздөйт. Дыйкандар өздөрү өстүргөн продукцияларын ала келип, тажрыйбалары менен бөлүштү.

Жети-Өгүздө "Алтын кум" фестивалы өтүүдө

Azattyk.org 

Жети-Өгүз районунун Тосор айылында, көлдүн жээгинде спорттук жана музыкалык "Алтын кум" фестивалы өтүп жатат. Бул тууралуу "Азаттыкка" иш-чараны уюштуруп жаткан “Тосор” коомунан билдиришти. Кабарларга караганда, фестивалда футбол, воллейбол жана самбо боюнча мелдештер кум үстүндө өтүп жатат. Андан тышкары суу оюндары боюнча да мелдештер уюштурулду. Бул иш-чарага өлкөнүн аймактарынан спорттук командалар чакырылган. Алардан футбол боюнча 24 команда, кыздардын воллейболуна сегиз команда, эркектердин воллейбол командасына 15 команда жазылган. Читать дальше...

Жети-Өгүздө "Алтын кум" фестивалы өтүп жатат

Azattyk.org 

Жети-Өгүз районунун Тосор айылында, көлдүн жээгинде спорттук жана музыкалык "Алтын кум" фестивалы өтүп жатат. Бул тууралуу "Азаттыкка" иш-чараны уюштуруп жаткан “Тосор” коомунун өкүлдөрү билдиришти. Алардан алынган маалыматка караганда, фестивалда футбол, волейбол жана самбо боюнча мелдештер кум үстүндө өтүп жатат. Андан тышкары суу оюндары боюнча да мелдештер уюштурулду. Бул иш-чарага өлкөнүн аймактарынан спорттук командалар чакырылган. Алардан футбол боюнча 24 команда, кыздардын волейбол мелдешине сегиз команда... Читать дальше...

Эс алуу жайларында коопсуздук ойдогудай эмес

Azattyk.org 

Ысык-Көлдө суу объектилеринде адам өмүрүн коргоонун эрежелери боюнча текшерүүлөр жүрүүдө. Анда пансионаттар жана эс алуучу жайлардагы сууга түшүүдөгү коопсуздукка, куткаруучулардын, алардын шаймандарынын даярдыгына басым жасалып жатат. Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы менен Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекция эс алуучу жайлардагы коопсуздуктун сакталышына көп канааттанышкан жок.


Музыкальные новости
Концерт

Концерт «7 хитов И.С.Баха» в Эрмитажном театре





Персональные новости
Алексей Сёмин

Жёсткие экологические требования решат инновационные энерготехнологии





Индиялык студенттер даттанган окуу жай жетекчиси камакка алынды

Azattyk.org 

Индиялык студенттер алдамчылыкка айыптаган Бишкектеги Эл аралык илим жана бизнес университетинин жетекчиси Нургалы Асаналиев соттун чечими менен тергөө бүткүчө камакка алынды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан кабарлашты. Мындай чечимди Бишкектин Октябрь райондук соту кабыл алды. Нургалы Асаналиев Москвага учуп кетээр алдында, “Манас” аэропортунан 27-июлда кармалган. Анын кармалышына үстүнөн түшкөн бир нече арыз себеп болгон. Анын ичинде окуу жайында билим алган элүүдөй индиялык... Читать дальше...

Индиялык студенттер даттанган окуу жайынын жетекчиси камакка алынды

Azattyk.org 

Индиялык студенттер алдамчылыкка айыптаган Бишкектеги Эл аралык илим жана бизнес университетинин жетекчиси Нургалы Асаналиев соттун чечими менен тергөө бүткүчө камакка алынды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы кабарлады. Мындай чечимди Бишкектин Октябрь райондук соту кабыл алды. Нургалы Асаналиев Москвага учуп кетээр алдында, “Манас” аэропортунан 27-июлда кармалган. Анын кармалышына үстүнөн түшкөн бир нече арыз себеп болгон. Анын ичинде окуу жайында билим алган элүүдөй индиялык... Читать дальше...

Чөнтөк телефон эстутумга зыян

Azattyk.org 

Апельсин көздү сары чел баскандан же макулодистрофиядан сактайт. Иорданиянын аймагында 14 000 жыл мурда бышырылган нан табылды. Марста балким суюк суулуу көл бар. Чөнтөк телефон өспүрүмдөрдүн эстутумуна зыян этиши этимал.

Караколдо диндин учурдагы абалы талкууланды

Azattyk.org 

Каракол шаарында “Кыргызстандагы конфессия аралык диалогду өнүктүрүү жана анын азыркы абалы” деген форум өттү. Бул тууралуу “Азаттыкка” Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын маалымат катчысы Назгүл Кадырназарова билдирди. Форумга казыяттын орус-православ, рим-католиктик чиркөөлөрүнүн, иудаисттер коомунун, буддизм жана башка конфессиялардын өкүлдөрү, жергиликтүү кеңештин депутаттары, эксперттер катышты. Жыйында коомдогу туруктуулукту, мамлекеттик-конфессионалдык жана конфессиялар аралык... Читать дальше...

"Үй-бүлөнү пландоону үйрөнөлү"

Azattyk.org 

Эмне үчүн кыргызстандыктар үй-бүлөнү пландоого маани бербей келебиз? Аялдардын төрөт ортосундагы аралыгын бузган кандай жагдайлар көп кездешет? "Эже-сиңдилер" талкуусу бул жолу ушул теманын тегерегинде болду. Студиябызга конокко Үй-бүлөнү пландоо альянсынын жетекчиси Бактыгүл Бозгорпоева, БУУ Калк фондунун аткаруучу өкүлү Медер Өмүрзаков, Үй-бүлөнү пландоо боюнча улуттук координатор Элмира Максүтова келишти.

Трамптын мурдагы штаб башчысынын иши боюнча 35 күбө чакырылат

Azattyk.org 

АКШ президенти Дональд Трамптын мурдагы штаб башчысы Пол Манафорттун иши боюнча сотко 35 күбө чакырылат. Алардын аты-жөнүн АКШнын атайын прокурору Роберт Мюллер жарыялады. Тизмеде Манафорттун бизнес өнөктөшү Ричард Гейтс жана аны менен Украинада иштеген консультант Тэд Дивайн да бар. Пол Манафорт – азыркы мамлекет башчынын шайлоо учурундагы штабын жетектеген. Орусиянын АКШдагы президенттик шайлоого кийлигишүүсүн иликтеген Роберт Мюллер мурдараак ага чет мамлекеттин агенти катары иштеген деп айып таккан. Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

Команда подмосковного главка Росгвардии заняла призовое место на чемпионате Центрального округа по стрельбе из боевого ручного стрелкового оружия


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
Новак Джокович

Кто отец Дианы Джокович?


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Huawei представила IDS на 26-м Всемирном энергетическом конгрессе





Путин в России и мире
Москва

Путин поручил сократить время движения поездов от Москвы до курортов Черноморского побережья до 16 часов


Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире

Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Михаил Кутушов

Токсиколог Кутушов рассказал почему возникает похмелье



Москва

Московский завод запустил производство плетёнки для защиты электрических кабелей

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net