Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Июль
2018

Новости за 13.07.2018

Пакистан: жардырууларда 90дон ашуун киши курман болду

Azattyk.org 

Пакистандагы шайлоо өнөктүгү маалында жасалган эки башка чабуулда курман болгондордун саны 90дон ашты, алардын арасында парламенттик шайлоого катышып жаткан талапкерлер да бар. Жарадар болгондордун саны 180ге жетти. Полициянын билдиргенине ылайык, Кветта шаарындагы чабуулду жанкечти уюштурган. Курман болгон 70тей кишинин арасында 25-июлда өтчү шайлоого ат салышып жаткан Сираж Раисани да бар экени такталды. Ошол эле күнү дагы бир талапкер Акрам Хан Дурранини бутага алган жардырууда төрт киши курман болуп, 30тан ашуун киши жаракат алды. Читать дальше...

АКШ ГРУнун 12 офицерине айып такты

Azattyk.org 

Кошмо Штаттардын Юстиция министрлиги Орусиянын Башкы аскерий чалгын мекемесинин (ГРУ) 12 кызматкерин Американын Улуттук демократиялык комитетинин, президенттикке талапкер Хиллари Клинтондун, АКШнын Демократиялык партиясынын комитетинин серверлерин бузушкан деп айыптады. Аларга ошондой эле хакерлерден алган маалыматты ачыкташкан деген айып тагылды. Башкы прокурордун орун басары Род Розенштейн 13-июлда жарыялаган маалыматка ылайык, 2016-жылы ГРУнун өкүлдөрү Клинтондун штабынын кызматкерлерине жана... Читать дальше...

Пакистанда экс-премьер-министр Наваз Шариф кызы экөө камалды

Azattyk.org 

Пакистандын буга чейин үч жолу өкмөттү жетектеген Наваз Шариф кызы Мариям Наваз экөө Лахор шаарындагы эл аралык аэропортко жума күнү кечинде келип конгондо камакка алынды.  Анын учагы жергиликтүү убакыт боюнча кечки саат тогуздарда конду. Ага чейин эле аэропорт курчоого алынып, коопсуздук чаралары күчөтүлгөн. Шарифтин миңдеген тарапташтары аэрпорттун айланасында топтолуп турушту. Бийлик Лахордогу интернетти чектеп, аэропортко барчу жолдорду тороду. Бир жыл мурда коррупцияга айыпталып өкмөт башчылыктан... Читать дальше...



Тарых музейин жаңылоо боюнча кылмыш иши козголду

Azattyk.org 

Башкы прокуратура Улуттук тарых музейинин имаратын оңдоп-түзөөгө жана керектүү жабдык алууга бөлүнгөн каражат "мыйзамсыз колдонулган" деген факты боюнча кылмыш ишин козгоду. Башкы көзөмөл мекемесинин басма сөз кызматы кабарлагандай, Кылмыш-жаза кодексинин 189 (Аукцион, тендер, ачык соода өткөрүү тартибин бузуу), 304 (Кызматынан кыянаттык менен пайдалануу), 306 (Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келген мамлекеттик сатып алууларды ишке ашыруу, келишим түзүү), 308 (Бюджеттик каражатты мыйзамсыз пайдалануу)... Читать дальше...

Пакистандагы кош чабуул 70тен ашуун кишинин өмүрүн алды

Azattyk.org 

Пакистандагы шайлоого байланыштуу эки башка чабуулда кеминде 74 киши курман болду, алардын арасында парламенттик шайлоого катышып жаткан талапкерлер да бар. Жаракат алгандардын саны 150гө жетти. Полициянын билдиргенине ылайык, Кветта шаарындагы чабуулду жанкечти уюштурган. Курман болгон 70тей кишинин арасында 25-июлда өтчү шайлоого ат салышып жаткан Сираж Раисани да бар экени такталды.  Ошол эле күнү дагы бир талапкер Акрам Хан Дурранини өлтүрүүгө багытталган жардырууда төрт киши курман болуп, 30тан ашуун киши жаракат алган. Читать дальше...

Өзбекстан Рахимовду издөөдөгүлөрдүн тизмесинен чыгарды

Azattyk.org 

Өзбекстандын башкы прокуратурасы ишкер жана Эл аралык бокс федерациясынын президенти Гафур Рахимовду издөө салынгандардын тизмесинен чыгарды. "Кармалса камакка алынсын" деген чечим да күчүн жоготту. Тийиштүү токтом 10-июлда кабыл алынганын “Азаттыктын” өзбек кызматына күч түзүмдөрүндөгү булактар ырасташты. 66 жаштагы ишкер 2010-жылы Өзбекстандан чыгып кеткен. Ошондон соң ага “кылмыштуу кирешени мыйзамдаштырган”, “жалган документ жасаган" деген кинелер боюнча кылмыш иши козголуп, Интерполго издөөгө берилген. Читать дальше...

Көздөгөнүң эмне, абитуриент?

Azattyk.org 

Кыргызстанда жылына 60 миңден ашуун абитуриент орто мектепти аяктап, турмуш жолуна аттанууда. Алардын алдында турган эң башкы милдет туура чечим чыгарып, туура кесип тандоо болуп саналат. “Азаттык+” бул чыгарылышын жогорку окуу жайларды акмалап, кесип тандоо алдында турган мектеп бүтүрүүчүлөрүнө арнады.

Трамп: Британия менен АКШнын алакалары аябай бекем

Azattyk.org 

Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп Британия менен Американын алакасы "абдан, абдан бекем" экенин айтты. "Sun" басылмасында 13-июлда жарык көргөн маекте Трамп Британиянын премьер-министри Тереза Мэйдин Евробиримдиктен чыгуу саясатын ачык сындаган. Ал Мэйдин планы Кошмо Штаттар менен түзүлгөн бардык соода келишимдерин "өлтүрүшү мүмкүн" деп айткан.  Бирок Мэйдин Чекерстеги резиденциясында жасаган билдирүүсүндө Трамп президент катары Британияга жасаган биринчи сапарында ал жана Мэй алакаларды... Читать дальше...



Чатакташкан чекист УКМКдан кечирим сурады

Azattyk.org 

Социалдык тармактарда "мас абалында жаш балдардын бассейнинде сууга түштү” деп сөз болгон Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкери Ильяз Амангазиев иштен алынды.

Чүйдөгү жол кырсыгынан үч адам өлдү

Azattyk.org 

Бүгүн, 13-июлда Бишкек-Нарын-Торугарт автоунаа жолунун 44-чакырымында “Мерседес” үлгүсүндөгү авоунаа жол кырсыгына кабылып, андан үч киши каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Окуя болгон жерге министрликтин Токмок шаарындагы №21 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 5 кызматкер тартылган. Алар унаага кыпчылып калган маркумдарды чыгарып, райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 44-чакырымы Чүй облусунун Ысык-Ата районуна туура келет. Читать дальше...

Испан фестивалы: букадан буйтоонун кызыгы

Azattyk.org 

Британияга келген Дональд Трамп премьер-министр Тереза Мэйдин дарегине ачуу сөздөрдү айтты. Аз мурда ачылган өзбек-тажик чек арасында айрым товарлар белгилүү бир салмактан ашса киргизилбей жатат. Бук болгон букалардан качып кутулуу оюну кызуусунда.

Өзгөн районунун акими алмашты

Azattyk.org 

Бактыбек Алайчиев Ош облусунун Өзгөн районунун мамлекеттик администрация башчысы – акими болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Өкмөттүн башка буйругуна ылайык, берген арызынын негизинде мурдагы аким Олжобай Осмоналиев ээлеген кызматынан бошотулган. Осмоналиев бул кызматка 2017-жылы дайындалган.  Өзгөн району Кыргызстандагы калк жыш жайгашкан район болуп саналат. Мамлекеттик статистикалык комитеттин маалыматы боюнча 2018-жылы райондун калкы 267 миң адамды түзгөн. Читать дальше...

Кыргызстанга 112 автоунаа мыйзамсыз ташылып келгени аныкталды

Azattyk.org 

Кыргызстандын аймагына 112 автоунаа контрабандалык жол менен ташылып келгени, андан мамлекет 100 млн. сом зыян тартканы аныкталды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) кабарлады. Транспорт каражаттарынын 25 даанасы жүк ташуучу унаалар болгон. Алардын баары учурда камакка алынды. Бажы төлөмү төлөнбөй өлкөгө киргизилген бул автоунааларды Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаардык автотранспортту каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү департаментинин кызматкерлери каттап беришкен. Читать дальше...

Түркия Пакистанга 30 аскердик тик учак сатууга макул болду

Azattyk.org 

Түркия Пакистанга 30 аскердик тик учак сатууга макул болду. 13-июлда "Анадолу" мамлекеттик агенттиги кабарлагандай, T129 ATAK үлгүсүндөгү тик учактарды сатуу боюнча келишим Түркиянын Аэрокосмикалык агенттиги менен Пакистандын Коргоо министрлигинин ортосунда түзүлгөн.  Түркия ошондой эле логистика жагын карап, тетиктерин камсыз кылып, учкучтарды машыктыруудан өткөрүү жагын өзүнө алган.  Агенттик келишим канчага бааланганын белгилеген эмес. Бирок жергиликтүү башка маалымат каражаттары болжол менен 1,5 миллиард долларга бааланганын жазышты. Читать дальше...

Чүйдөгү абакта бир жоокер автоматтан жарадар болду

Azattyk.org 

Чүй облусунун Молдовановка айылындагы №1 жатак абагында 21 жаштагы жоокер Калашников автоматынын огу ээгине тийип жарадар болду. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) билдирди. Анын маалыматында айтылгандай, бул кызматтын Кайтаруу жана коштоп жүрүү департаментинин аскери М.А. бүгүн эртең менен табылган. Ага кызматташтары биринчи жардам көрсөтүп, Чүй облустук ооруканасына жаткырышкан. Мекеме дарыгерлерге таянып билдиргендей, ага операция жасалган, абалы оор. Окуя болгон жерге ЖАМКтын... Читать дальше...

Трамп: Путин душман эмес, атаандаш

Azattyk.org 

Алдыдагы дүйшөмбүдө АКШ жана Орусия президенттеринин алгачкы эки тараптуу жолугушуусу өткөнү турат. Хельсинкидеги саммитти утурлай Трамп Путинди душман эмес, атаандаш деп атады. Бирок бул сөздөрү үчүн мекенинде оппоненттеринин сынына кабылды.

Ибраимовдун иши кедерине кетти

Azattyk.org 

Бишкек шаардык кеңеши 13-июлда кезексиз жыйында мэр Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөө тууралуу чечим кабыл алды. Депутаттар токтомду премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге жөнөтүштү.

Депутаттар Ибраимовду мэрликтен кетирүүнү чечти

Azattyk.org 

Бишкек шаардык кеңеши 13-июлда кезексиз жыйында мэр Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөө тууралуу чечим кабыл алды. Депутаттар токтомду премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге жөнөтүштү.

Аргентина Орусиядан Ирандын мурдагы министрин экстрадициялоону суранды

Azattyk.org 

Аргентинанын Тышкы иштер министрлиги Орусиядан Ирандын мурдагы тышкы иштер министри Али Акбар Велаятини кармап, экстрадициялоону суранды. Мурдагы министр Аргентинада 1994-жылы Буэнос-Айресте 85 кишинин өмүрүн алган чабуулдагы ролу үчүн күнөөлөнүп келет.  Учурда Ирандын Жогорку руханий лидери Али Хаменеинин улук кеңешчиси Али Акбар Велаяти 12-июлда Москвада орус президенти Владимир Путин менен жолугуп, 13-июлда Кытайга кетүүнү боолголоп жаткан.  Аргентинанын Тышкы иштер министрлиги өз билдирүүсүндө... Читать дальше...


Музыкальные новости
Фёдор Шаляпин

В театре имени Шаляпина в Петербурге восстановят исторические лестницы





Персональные новости
Михаил Кутушов

Токсиколог Кутушов рассказал почему возникает похмелье





14-июлга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

14-июлда Кыргызстанда тоолуу райондордо мезгил-мезгили менен өткүн өтүп, күн күркүрөп турат. Дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн 15…20, күндүз 29…34, Таласта түнкүсүн 11…16, күндүз 28…33, Баткенде, Ош менен Жалал-Абадда түнкүсүн 17…22, күндүз 31…36, Ысык-Көлдө түнкүсүн 8…13, күндүз 20…25, Нарында түнкүсүн 7…12, күндүз 20…25, Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2...+3, күндүз 9…14 градус болот. Читать дальше...

Жыл башынан бери өрт кырсыгынан 35 адам каза тапты

Azattyk.org 

2018-жылдын алгачкы алты айында Кыргызстанда 1593 өрт кырсыгы катталып, "тилсиз жоо" 35 адамдын өмүрүн алып кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Каза болгондордун бири жаш бала. Мындан сырткары дагы 29 адам жабыркаган. Ошол эле кезде куткаруучулар өрттөн 56 адамдын өмүрүн сактап калышкан. Электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздык жана балдардын от менен ойногону өрттөргө себеп болгон. Былтыр алгачкы алты айда өрт кырсыктарынан 42 адам каза таап, 55 адамдын өмүрү сакталган. Читать дальше...

Азербайжанда "полициячыны өлтүрдү" деп шектелген жаран жок кылынды

Azattyk.org 

Азербайжан бийлиги билдиргендей, "эки полициячыны өлтүрдү" деп шек саналган эки жарандын бирөө жок кылынды. Ички иштер министрлиги 13-июлда маалымдагандай, Расад Боюккишиев деген шектүү өлкө чыгышындагы Шамкир шаарында болгон атайын операция маалында өлтүрүлдү. Министр дагы бир шектүү Фарух Касимов кармалганын кошумчалады.  10-июль күнү кечинде өлкөнүн Бакудан кийинки эле экинчи чоң шаары – Ганжинин мэриясынын алдына 200дөй адам уруксат берилбеген нааразылык акциясына чогулган. Аларды полиция кызматкерлери... Читать дальше...

Атамбаев: Ибраимовду натыйжалуу мэр деп эсептейм

Azattyk.org 

КСДП партиясынын төрагасы, экс-президент Алмазбек Атамбаев Бишкек шаардык кеңешинин мэр Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөө аракети тууралуу билдирүү таратты. Мурдагы мамлекет башчысы мунун артында саясий себеп бар деп эсептейт. “Албек Ибраимовго атайылап жасалып жаткан саясий куугунтуктун жана каралоолордун жыйынтыгы түшүнүктүү эле болчу. Анын ишине кантип тоскоолдук кылып, кантип шыбап атышканын көрүп жатасыңар. Бул жарым жылдан бери уланууда. Мунун баары коррупция менен күрөшүүгө эч кандай тиешеси... Читать дальше...

Сенцовдун энеси Путинден уулуна ырайым берүүнү суранды

Azattyk.org 

Орусияда террорчулукка байланыштуу айыпталып, 20 жылга эркинен ажыратылган украиналык режиссер Олег Сенцовдун энеси орус президенти Владимир Путинге кайрылып, уулуна ырайым берүүнү өтүндү.  - Сизди Олегдин актыгына ынандыргым келбейт, бирок мен өзүм буга толук ишенем. Ал эч кимди өлтүрбөгөнүн гана айта алам. Ал төрт жыл абакта отурду. Аны балдары күтүп жатышат. Кенже уулу аутизм менен жабыркайт. Алар атасын сагынып жатышат. Алар эч качан атасыз бактылуу боло алышпайт, - деп жазган Людмила Сенцова Путинге жазган катында. Читать дальше...

Пакистанда мурдагы өкмөт башчы Шарифтин кайтып келишин күтүп жатышат

Azattyk.org 

Сыртынан 10 жылга абакка кесилген Пакистандын мурдагы премьер-министри Наваз Шарифтин жана анын кызы Мариямдын мекенине кайтышын тарапташтары күтүп жатышат.  13-июлда Шарифтин кичи мекени саналган Лахор шаарында миңдеген полиция кызматкерлери мобилизацияланып, аэропортко барчу негизги жолдор торолду. Наваз Шарифтин “Мусулман лигасы" партиясынын жетекчилиги билдиргендей, Шарифтин кайтышын утурлай митинг өткөрүлөт деген кооптонуу менен бийлик кыймылдын жүздөгөн мүчөлөрүн камап жатат. Лиганын башчысы... Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

Генерал-полковник Алексей Воробьев высоко оценил подготовку кинологов Росгвардии к предстоящим соревнованиям по профессиональному многоборью


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
WTA

Потапова проиграла Фернандес во втором круге турнира WTA в Мадриде


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

При каких обстоятельствах может затопить Петербург и Москву? Отвечает гидролог





Путин в России и мире
Москва

Транспортный коридор «Север-Юг» станет катализатором социального и экономического развития стран Евразии и глобального Юга


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Лукашенко: на территории Польши и Прибалтики готовят атаки на восток




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Захарова: встречи по продвижению "формулы Зеленского" дают Киеву чувство вседозволенности


Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Певица

Певица Наташа Королева своим видом доказала: в 50 лет жизнь только начинается



Москва

Аналитика Yota: мужчины Камчатки уходят в онлайн-шоппинг

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net