Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Июль
2018

Новости за 12.07.2018

Ооганстан: куралдуу кармаштарда ондогон жоокер курман болду

Azattyk.org 

Өлкөнүн түндүгүндөгү Кундуз провинциясында “Талибан” кыймылынын бир маалда жасаган бир нече чабуулунан ондогон жоокер курман болгонун коопсуздук күчтөрү билдирди. “Биз жоготууларга дуушар болдук. Талибдер дагы” – деди Ооганстандын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Мухаммад Радманиш бейшембиде журналисттерге. Ал “Талибандын” согушкерлерине каршы абадан жана жерден чабуулдар уланып жатканын кошумчалады.     Тахар провинциясынын бийлигинин өкүлү Кундуз менен чектешкен аймактагы аскер базасына чабуул болуп... Читать дальше...

Асаддын күчтөрү Дераа шаарына бийлигин орнотту

Azattyk.org 

Орусиянын жогорку даражадагы аскер делегациясы бейшембиде Дераа шаарынын козголоңчулар көзөмөлдүк кылган бөлүгүнө келишти. Алар шаарды Сириянын президенти Башар Асаддын бийлигине өткөрүп берүү тууралуу сүйлөшүүлөргө барышкан.  "Рейтер" агенттиги күбөлөргө шилтеме берип билдиргендей, орус армиясынын офицерлери түшкөн чопкутталган техника шаардын талкаланган бөлүгүндөгү Ал-Шая районуна "Эркин Сирия армиясынын" жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө барды. Өткөн аптада жетишилген капитуляция боюнча... Читать дальше...

НАТО: Трамптын талабы орундалдыбы?

Azattyk.org 

НАТО мамлекеттери Брюсселдеги саммитте коргонуу чыгымдарын көбөйтүүгө макул болушту. Бул тууралуу эки күндүк саммит аяктар алдында АКШ президент Дональд Трамп билдирди.



Таштандыны азайткысы келген замандаштар

Azattyk.org 

Желимдин көзгө көрүнүп-көрүнбөгөн майда бөлүкчөлөрүн азыр океандын түбүнөн тарта, Антрактидадагы айсбергдерден, адам ичкен суудан, жеген тамак-аштан тапса болот. Желим киши буту баса элек жерлерге чейин жетип, учурда экологиялык чоң көйгөйгө айланып баратканы талашсыз. Мындан улам дүйнөдө таштандысыз жашоого өткөндөрдүн саны арбып баратат. Zero Waste же таштандысыз жашоо - бул ичкен тамактан, колдонгон турмуш-тиричиликте чыккан таштандыны азайтуу же аны такыр токтотуу, калдык чыгарбай, жашыл жаратылышка зыян келтирбей... Читать дальше...

ЖЭБ боюнча эми эксперттер кармалды

Azattyk.org 

Бишкек Жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) байланыштуу дагы үч киши камакка алынды. Бул ирет ЖЭБдеги курулушка экспертиза жүргүзгөн Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматтын өкүлдөрүнө айып коюлду. Башкы прокуратура бул кызматкерлерди "документтерди иликтебей туруп мыйзам бузуу менен жыйынтык чыгарган" деп айыптоодо. Буга чейин камактагы мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун адвокаты бул эксперттерге тергөө органдары басым кылып жатканын айтып чыккан эле.



Жээнбековго жолуга албай калгандардын сөзүн президенттик аппарат өкүлдөрү укту

Azattyk.org 

Таласта мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков менен жолугуша албай нааразылык билдирген бир катар жарандардын талаптарын президенттик аппараттын өкүлдөрү укту. Бул тууралуу "Азаттыкка" президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмүнүн жетекчиси Толгонай Стамалиева билдирди. Анын айтымында, "Президент, үнүмдү укчу!" деген жазуу көтөрүп чыккан аялдын пикири жазылып алынды. Ал эми президенттик аппараттын өкүлдөрү сотторго нааразылыгын билдирүү үчүн президентке кайрылууну каалаган Элдар Алаковду сырттан таппай калышкан. Читать дальше...

Трамп: НАТО өлкөлөрү коргонууга бөлүнчү каражатты көбөйтөт

Azattyk.org 

Брюсселде өтүп жаткан саммитте НАТОнун курамындагы өлкөлөр коргонуу тармагына бөлүнчү каражатты 2% көбөйтүүнү макулдашканын АКШнын президенти Дональд Трамп басма сөз жыйынында айтты. Ал Түндүк-Атлантикалык Альянска кирген өнөктөштөрүн бул көрсөткүчтү 4% чейин көбөйтүүгө үндөдү. "Ички дүң өнүмдүн 2% бөлүүгө макулдашкандан кийин биз дагы көбөйтүшүбүз керек. Бир нече жылга кетип, 4% чейин жеткирүүбүз зарыл" - деди америкалык лидер. Буга чейин коргонуу чыгымдарын 2025-жылга карай аны акырындык менен көбөйтүү белгиленген. Читать дальше...

ФИФА: Чемпионатта кыз-келиндер жабыркап жатат

Azattyk.org 

Футбол чемпионатында Хорватиянын биринчи жолу финалга чыгышы беш миллион калктуу өлкөнү толкутту. ФИФА футбол учурунда сулуу селкилерди азыраак көрсөтүүнү өтүнүүдө. Тажикстандык журналист 12 жылга кесилди. Мирсаидов өкмөттөгү паракорлуктун бетин ачкан репортаждары үчүн камалганын айтып келет. Назарбаев Казакстандын коопсуздук кеңешин өмүр боюу башкарат. Мыйзам бүгүнтөн тарта күчүнө кирди.

Президент Конгантиевдин кылмыш ишин иликтөөнү Башкы прокуратурага тапшырды

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков Башкы прокуратурага мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин кылмыш ишин иликтеп, анын жыйынтыгына укуктук баа берүүнү тапшырды.  Жээнбеков бул тууралуу 12-июлда Талас облусундагы иш сапарында эл менен жолугушкан учурда билдирди. Президент 2018-жылдын 8-февралындагы Коопсуздук кеңешинин чечими менен прокуратура кызматтык, экономикалык жана коррупция боюнча мурда токтотулган кылмыш иштерин иликтеп чыкканын айтты.​ - Булардын арасында 2010-жылы козголгон... Читать дальше...

“ТНК Дастан” ишканасынын башчысы Юрий Васильев кармалды

Azattyk.org 

“ТНК Дастан” ишканасынын башкармалыгынын башчысы Юрий Васильев кармалды. Бул тууралуу бүгүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлады. Ал “Күнөстүү жээк” пансионатынын акцияларынын 100 пайызы төмөндөтүлгөн баада сатылып кеткенине байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренесине ("Ишенип берилген мүлктү ээлеп алуу же таратып жок кылуу") ылайык мурда козголгон кылмыш ишине байланыштуу кармалганы айтылды. УКМКнын маалыматына караганда, “ТНК Дастан” Ысык-Көлдүн... Читать дальше...

Матраимов: Иним Ош облусунун жетекчилигине сунушталганынан кабарым жок

Azattyk.org 

Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимов өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү кызматына сунушталып жатканы тууралуу маалыматты анын бир тууган агасы, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов комментарий берди. Ал бул боюнча кабары жоктугун, бирок иниси иштеп калса каршы болбой тургандыгын билдирди. - Мунун баары имиш-имиш кеп. Биринчиден, ал жерге кайсы адамды коерун өкмөт чечет, ал өкмөттүн өзүнүн иши. Экинчиден, мен ал жөнүндө укканым да жок. Анткени ооруп, Орусияга дарыланганы бардым эле, бүгүн эртең менен келгем. Читать дальше...

Жээнбеков: Руханий жактан да көтөрүлүшүбүз керек

Azattyk.org 

Кыргызстан социалдык-экономикалык маселелерди гана чечпестен, каналдар менен көпүрөлөрдү куруп тим болбостон, руханий жактан да көтөрүлүшү керек. Бул тууралуу бүгүн мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков Таласта эл менен жолукканда айтты. “Качан кыргыз балдарын жетимдер үйүнө, ал эми ата-энесин карылар үйүнө таштачу эле? Калктын ушул сыяктуу аяр катмарларын дагы өз карамагыбызга алышыбыз керек, боорукер болушубуз керек» деп белгиледи президент. Жээнбеков Талас жөнүндө сөз кылганда бул кутман жердин духу... Читать дальше...

Карылар үйүндөгү кайгы жана кубаныч

Azattyk.org 

Чүй боорундагы Төмөнкү Серафимовка айылында жайгашкан карылар жана мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын интернатында 350 киши жашайт. Алардын 160ы төшөктөн тура албайт. Күнүнө төрт маал тамактануу үчүн бир адамга мамлекет 100 сом каражат бөлөт. Буга кошумча Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк программасы балык чарбасын түзүп, 1500 алма бак отургузуп берди.

АКШ: мигранттардын балдары ата-энесине кайтарылат

Azattyk.org 

АКШга мыйзамсыз кирип баратканда кармалган гондурастык Хавиер төрт жашар уулу менен 55 күндөн кийин жолукту. Кошмо Штаттардын Федералдык соту бейшембиден кеч калбай беш жашка чейинки балдардын баарын ата-энесине кайтарууну буйруган. АКШ миграциялык саясатын катаалдатып, май айынан тартып чек арадан мыйзамсыз өткөндөрдү кылмыш жоопкерчилигине тарта баштаган. Ага ылайык, чоңдор убактылуу кармоочу жайга жиберилгенде балдары өзүнчө бөлүнгөн. Ошентип эки миңдей бала ата-энесинен мажбурлап ажыратылган. Читать дальше...

Бишкекте жасалма акча жүгүртүү фактысы аныкталды

Azattyk.org 

Бишкек шаарындагы банктардын биринде жасалма акча келип түшкөнү такталды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) кабарлады. Анын маалыматында айтылгандай, банктын жетекчилиги кардарлардын бири эсебин толукташ үчүн күмөндүү акча бергени тууралуу даттанган. Териштирүү учурунда алынган 100 долларлык 10 купюра (1000 АКШ доллары) кийин экспертизадан жасалма экени аныкталган. Акча каражаты электрографикалык лазердик принтерден басылып чыкканы белгилүү болду. Читать дальше...

Азербайжан: Ганжидеги кол салуу жана кармоо

Azattyk.org 

Азербайжандын бийлиги 10-июлда Ганжи шаарындагы нааразылык акциясынын учурундагы кагылышта эки полиция кызматкери көз жумганын билдирди. Бир апта мурда Ганжинин мэрине да кол салуу болгон.


Музыкальные новости
Елена Волкова

«Где ваши манеры?»: интервью со звездным экспертом по этикету Дианой Булатовой





Персональные новости
Олимпиада

Олимпиада по финансовой грамотности МГУ проходит при поддержке СберСтрахования жизни





Трамп НАТОдогу өнөктөштөрүн кайрадан катуу сындады

Azattyk.org 

АКШнын президенти Дональд Трамп Брюсселде өтүп жаткан НАТОнун саммитинде өнөктөштөрүн кайрадан каарыды. Америкалык лидердин ачуу сынынан кийин лидерлер мурда пландалбаган жыйынга чогулушту.  "Азаттыктын" Брюсселдеги кабарчысы чукул жыйын Кара деңиздеги коопсуздук талкууланган соң Ооганстан боюнча отурумга чейин өткөнүн билдирди.  Трамп Түндүк-Атлантикалык Альянска кирген өлкөлөрдүн коргонуу тармагына кетчү каражатын алардын ички дүң өнүмүнүн 4% чейин көбөйтүүгө үндөдү. Буга чейин бул көрсөткүч 2% деп белгиленген. Читать дальше...

Медиа Полиси Институту: Башкы прокуратура Манас Арабаев күнөөсүз деп эсептейт

Azattyk.org 

Башкы прокуратура Манас Арабаев кылмыш кылган эмес деп эсептейт жана ага карата кылмыш ишин козгоодон баш тартты. Бул тууралуу бүгүн “Медиа Полиси Институту” уюмунун жетекчиси Бегаим Усенова билдирди. Башкы прокуратура бул боюнча азырынча расмий комментарий бере элек. “Медиа Полиси Институту” уюму Арабаевдин соттордун ишине киришип-киришпегенин аныктоо өтүнүчү менен кайрылган. Мурдагы судья Максуда Оморова быйыл жазында "Фейсбуктагы" баракчасына кызы Гүлчехра Оморованын иштен алынышына байланыштуу... Читать дальше...

Таласта Жээнбековго жолуга албагандар нааразы болууда

Azattyk.org 

Таласта президент менен жолугуша албай калган ондон ашык адам нааразылык билдирип "Азаттыкка" кайрылышты. Алардын бири, Талас шаарынын тургуну Элдар Алаков: "Президент менен жолугушууга алдын-ала жазылыш керек экен. Бүгүн атайын президентке 82 барактан турган кайрылуу жазып алып келгем. Анда сотторго карата даттануу жазылган. Бирок 1,5 сааттан бери турам, киргизбей жатышат. Бул жерде жалаң эле "дежур" адамдарды киргизип коюшуптур. Маселебизди ачык айтайын дегендерди киргизбей жатышат" деди. Алаков кошумчалагандай... Читать дальше...

Азербайжан: полиция кызматкерин өлтүрүүгө шектүүлөрдүн бири камалды

Azattyk.org 

Азербайжандын полициясы "нааразылык акциясында эки полиция кызматкерин бычактаган" деген шек менен издөө жарыяланган эки кишинин бирөө кармалганын билдирди. Өлкөнүн Ички иштер министрлиги экинчи киши изделип жатканын кошумчалады. 10-июлда Гянжа шаарында 200дөй киши жергиликтүү бийликтин имаратынын алдына чогулганда полиция менен кагылышуу болгон. Полиция 40 кишини кармап, чогулгандарды күч менен таркаткан. Президент Илхом Алиевдин жардамчысы Али Хасанов нааразылык акциясын өлкөгө “дүрбөлөң салуу” аракети катары баалап... Читать дальше...

ММК: Нетаньяху Путинден Сириядан «Иранды чыгарууну» суранды

Azattyk.org 

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху орус президенти Владимир Путин менен шаршембиде Москвада жолукканда, "эгер Ирандын армиясы Сириядан чыгып кетсе, президент Башар Асаддын бийликте калышына каршы болбой турганын" билдирген. Бул тууралуу «Reuters» агенттиги Израилдин жогорку даражалуу өкүлүнө шилтеме берип жазды. Анын айтымында, Нетаньяху Путинге: «Сиз ирандыктардын чыгып кетишине жардам берсеңиз, биз Асаддын режимине каршы эч кандай аракет кылбайбыз» деп айткан. Бирок бул маалымат расмий бышыктала элек. Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

Кыргызстанцы завоевали медали на международном турнире по танцам в Москве


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
WTA

Кудерметова выиграла турнир WTA в Штутгарте в парном разряде


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Московскую компанию заподозрили в хищении 103 млн рублей при реализации нацпроекта в Орле





Путин в России и мире
Москва

Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге о формировании взаимовыгодного международного сотрудничества


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Минск не исключает попыток оппозиции оторвать часть территории Белоруссии в пользу НАТО




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Захарова: встречи по продвижению "формулы Зеленского" дают Киеву чувство вседозволенности


Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Баста

Поклонник Басты сделал предложение девушке на концерте рэпера в Новосибирске



Москва

Врач Пылев: склонность к получению солнечных ожогов связана с риском рака кожи

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net