Грузия кара куурайды колдонууну мыйзамдаштырды
Грузиянын Конституциялык соту кара куурай (марихуана) колдонгондорго административдик жаза чегерген жобону алып салды. Натыйжада Грузия мурдагы советтик республикалардын ичинен кара куурайды колдонууну мыйзамдаштырган биринчи өлкөгө айланды. Төрт судьядан турган коллегиянын 30-июлдагы чечими марихуананы колдонууга гана байланыштуу. Өлкөдө кара куурайды өстүрүү жана сатуу мурдагыдай эле кылмыш деп саналат. Өкүмдө мариухана чеккен адам үчүнчү тарапка коркунуч келтиргенде гана аны жазалоо Конституцияга ылайык келери белгиленген. Читать дальше...