123ru.net
World News in Kyrgyz
Июль
2018

Новости за 10.07.2018

Трамп:Путин менен сүйлөшүү балким жеңил болот

Azattyk.org 

АКШ президенти бүгүн НАТОнун саммитине жөнөр алдында орус президенти Путин тууралуу журналисттердин суроосуна жооп берди. - Мен чын-чынында азыр муну айта албайм. Мага маалым болгондой, ал атаандаш. Менимче, Орусия менен, Кытай менен тил табышуу баары үчүн жакшы. Мен муну көптөн бери айтып келе жатам, -деди Дональд Трамп.  Трамп Европага сапарынын күн тартибинде НАТО, Британия жана Путин турганын белгилеп, бирок булардын ичинен Путин менен сүйлөшүү "балким баарынан жеңил болот” деп кошумчалады. Читать дальше...



Трамп: Путин менен сүйлөшүү балким жеңил болот

Azattyk.org 

АКШ президенти бүгүн НАТОнун саммитине жөнөр алдында орус президенти Путин тууралуу журналисттердин суроосуна жооп берди. - Мен чын-чынында азыр муну айта албайм. Мага маалым болгондой, ал атаандаш. Менимче, Орусия менен, Кытай менен тил табышуу баары үчүн жакшы. Мен муну көптөн бери айтып келе жатам, - деди Дональд Трамп.  Трамп Европага сапарынын күн тартибинде НАТО, Британия жана Путин турганын белгилеп, бирок булардын ичинен Путин менен сүйлөшүү "балким баарынан жеңил болот” деп кошумчалады. Читать дальше...

Украина ФИФАга хорват машыктыруучусунун айыппулун төлөөнү сунуш кылды

Azattyk.org 

Украинанын футбол федерациясынын президенти Андрей Павленконун 10-июлда билдиргенине караганда, алар футбол федерацияларынын дүйнөлүк ассоциациясы - ФИФА Хорватиянын улуттук командасында машыктыруучунун жардамчысы болгон Огнен Вукоевичке салган 15 миң 150 доллар айыпты төлөп берүүнү сунуш кылышты.  Хорватия 7-июлда Орусияны жеңгенден кийин Вукоевич жана улуттук  команданын коргоочусу Домагой Вида кыска видеотасмага тартылышып, анда “Украинага даңк” деген сөздөрдү айтышкан. Орусияда көптөр муну кыжырдануу менен кабыл алып... Читать дальше...

Казакстан: сакалдын узундугу талкууда

Azattyk.org 

Планды да толтур, артканын да мамлекетке тапшыр – Өзбекстанда дыйкандар жыйнаган түшүмүн “милиция тартып алууда” деп айтып чыгышты. Казакстанда "Дин жөнүндө" мыйзам талаш жаратууда. Грузия борбор шаарын тарыхый мурастар тизмесине киргизип, изилдей баштады. Тажикстандагы жалгыз зоопарктын абалы оор экенин айткан адистер аны көчүрүү керек деп жатышат, бирок ага каражат барбы? Мээнеткеч пенсионер – Удмуртиянын тургуну Светлана айылдаштарына меш салып берет. Казакстан борбор шаарынын күнүн мындан ары президенттин туулган күнүндө белгилемей болду.

Трамп менен Туск НАТОнун саммитинин алдында кайым айтышты

Azattyk.org 

Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп бүгүн Вашингтондон Брюсселге барарда:  - НАТО бизге адилет мамиле кылбайт. Бирок менимче биз бир нерсе ойлоп табабыз. Биз абдан көп акча төлөп жатабыз, алар абдан эле аз төлөшөт. Бирок биз муну бардык мамлекеттер ыраазы болгудай кылып иштеп чыгабыз. Биздин өнөктөштөрүбүз көп. Бирок биз муну пайдалана албайбыз. Евробиримдик бизден артыкчылык алышынан улам былтыр биз соодада эле 151 миллиард доллар жоготтук. Мындан сырткары биз НАТОнун кеминде 70% чыгымын көтөрүп жатабыз, - деп билдирди. Читать дальше...

КСДП ыдырай баштадыбы?

Azattyk.org 

Чүй облусунун Москва районунда Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) айрым мүчөлөрү уюмдун азыркы лидери Алмазбек Атамбаевди жетекчиликтен кетирүү демилгесин көтөрүп чыгышты. Алар экс-президентти "партияны өз кызыкчылыгына колдонду" деп айыптап, өз демилгесин партияны тазалоо зарылдыгы менен түшүндүрүштү. Бирок КСДПнын штабы "бул жыйын расмий күчкө ээ эмес, жыйын өткөргөндөр партия мүчөсү эмес" деп билдирди.



КСДП: Атамбаевге каршы жыйын

Azattyk.org 

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) Чүй облусунун Москва районундагы мүчөлөрү партия лидери Алмазбек Атамбаевге каршы кезексиз жыйынга чогулду. Алар өз конференциясын “Атамбаевсиз КСДП” деп аташкан.

Ооганстан: жанкечтинин жардыруусу үчүн ИМ тобу жоопкер болду

Azattyk.org 

Нангархар провинциясынын жетекчилиги билдиргендей, Жалалабад шаарында жанкечти өзүн полициянын көзөмөл бекетинин жанында жардырып, андан кеминде 12 кишинин өмүрү кыйылып, төртөө жарадар болду.  Курман болгондордун кеминде сегизи жайкын тургундар, экөө күч түзүмдөрүнүн адамдары. Жанкечтинин жардыруусунан мерт болгондордун арасында ал жерден алыс эмес аралыктагы автоунаа жууй турган жайда иштеген балдар да болгону кабарланды.  Жардыруудан улам айланадагы дүкөндөр менен автоунаалар өрттөнүп кеткен. Читать дальше...

“Атамды кечирбейм..."

Azattyk.org 

Гүлина Алайчиева бойго жеткен кезинде өз атасы зордуктаганын, ал окуянын азабын ушул күнгө чейин тартканын айтууда. Атасынын кордугун канча жашырбасын, ал үй-бүлөлүк турмушуна да терс таасирин тийгизгенин жашырган жок. Гүлина атасы карылар үйүнө келип, үй-бүлөсү, кызы тууралуу тескери маалымат тарата баштаганда чындыкты айтууга аргасыз болгон. Анткен менен атасы кызынын “мени зордуктаган” деген маалыматын четке кагууда.

Бекназаров Конгантиевдин өткөнүн эске салды

Azattyk.org 

Саясатчы, "Туруктуу элдик кеңештин" (ТЭК) лидери Азимбек Бекназаров мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин кылмыш иши кыскарганын сындап чыкты. Ал Бишкекте 10-июлда өткөн басма сөз жыйында бул иш сотко жетип, укуктук баа алышы керек экенин билдирди.

Кыргызстандын ЕАЭБден импорту көбөйүп, экспорту азайды

Azattyk.org 

Быйылкы жылдын январь-апрель айларында, расмий эсепке караганда, Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 2 миллиард 149 миллион долларды түздү. Мунун 700 миллион доллары Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) курамындагы өлкөлөрдүн үлүшүнө туура келген. 2017-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу ЕАЭБ өлкөлөрү менен соода-сатыктын жалпы көлөмү 0,6% арбыды. Бирок мунун ичинен импорт 2,6% (514 миллион доллар) көбөйсө, экспорт тескерисинче 4,6% (184 миллион доллар) азайган.  Кыргызстандын ЕАЭБдеги башкы соода өнөгү - мурдагыдай эле Орусия. Читать дальше...

Москвадагы футбол майрамы

Azattyk.org 

Курама командасы акыркы жолу 32 жыл мурун плей оффко чыккан Орусия бир айда футбол күйөрмандарынын өлкөсүнө, ал эми Москвада футбол борборуна айланды. Орус калаасында үч жумадан бери өтүп жаткан футбол майрамы кыргызстандыктардын көз карашында.

Москвада кыргыздар жапырт камакка алынганын элчилик төгүндөдү                  

Azattyk.org 

10-июлда Москванын Таганский районунда кыргызстандык мигранттар камакка алынып жатканын укук коргоочу Валентина Чупик маалымдаган. «Терезеси жок, тар бөлмөгө камакка алышууда. Жетимиштей адамды кармап, көбү 5-10 миң рубль пара берип чыгып жатышат. Азыр ал жакта отуздай адам бар, баары кыргыздар. Алар таңкы алтыдан бери камакта. Тамак-аш, суу берилбейт, даараткана жок. Адамдарга эч нерсе түшүндүрүшкөн жок, котормочу жок, консулдар менен байланыштырышпайт» деп жазган "Фейсбук" социалдык түйүнүндө укук коргоочу Чупик. Читать дальше...

Ташылып келген машинелердин бажы төлөмү кайра азайтылды

Azattyk.org 

Кыргызстанга ташылып келген автоунааларга бажы алымдарынын өлчөмү азайтылып, электромобилдерге нөлдүк төлөм коюлду. Тийиштүү токтомго премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Буга ылайык, бензин жана дизелдик автотранспорт каражаттарына карата бажы алымдарынын жана салыктардын бирдиктүү коюмунун өлчөмү 2014-жылкы эсепке чейин төмөндөтүлөт. Мындан тышкары, гибриддик автоунааларга 1 куб.см үчүн 0,5 доллардан 0,6 АКШ долларына дейре өлчөмдө бажы алымдарынын жана салыгынын өбөлгөлөөчү коюмдары киргизилет. Читать дальше...

Бекназаров Конгантиевдин ишинин кыскарышын сындады

Azattyk.org 

Саясатчы, "Туруктуу элдик кеңештин" лидери Азимбек Бекназаров мурунку ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин кылмыш ишинин кыскарышын сындап чыкты. Бишкекте 10-июлда маалымат жыйында бул иш сотко жетип, укуктук баа алышы керектигин билдирди.

Таиландда суу толгон үңкүрдөгүлөрдүн акыркылары чыгарылды

Azattyk.org 

Бул тууралуу Таиланддын куткаруу операциясын жүргүзүп жаткан Аскер-деңиз күчтөрү жарыялады.  Расмий өкүлдөр билдиргендей, бүгүн Таиландда үңкүрдөгүлөрдү куткаруу боюнча операциянын үчүнчү баскычы ишке ашырылды. Анын натыйжасында үңкүрдөн акыркы төрт бала жана алардын машыктыруучусу чыгарылды.  Суу толуп калган үңкүрдөн буга чейин сегиз бала куткарылган болчу.  11-16 жаш курактагы 12 өспүрүм жана алардын машыктыруучусу үңкүргө 23-июнда киргенден соң нөшөрлөгөн жамгырга байланыштуу кайра чыга албай калышкан. Читать дальше...


Музыкальные новости
Сергей Шнуров

Певица Ольга Кормухина пояснила, почему не считает Шнурова музыкантом





Персональные новости
Спартак

«Ростов» не пустил Карпина в «Спартак»? Красно-белые растоптали тренера сборной — и даже впервые в сезоне забили со стандарта





Эрдогандын бийлиги күчтөндү

Azattyk.org 

Президент Режеп Тайип Эрдоган коргонуусу күчтүү жана экономикасы өнүккөн "кубаттуу Түркияны" курууга убада берди.

Жыл башынан бери жол кырсыгынан 263 адам өлдү

Azattyk.org 

2018-жылдын алты айында Кыргызстандын аймагында 2396 жол кырсыгы катталган. Жол кырсыктарынан 263 адам каза болуп, жабыркагандардын саны 3461 адам болду. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз катчысы Тилек Оторов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, бул көрсөткүч былтыркыдан аз.  - Кырсыктардын саны былтыркы жылдын алгачкы алты айына салыштырмалуу 7,14% аз. Каза болгондордун саны 15,7% аз. Бул алдын алуу иштеринин натыйжасы деп ойлойбуз. Быйыл башкармалыктын расмий сайты ачылып... Читать дальше...

Европа Кеңешинин президенти АКШнын президентин эскертти

Azattyk.org 

Дональд Туск бүгүн АКШнын президенти Дональд Трампка Евробиримдиктин коргонуу чыгымдарынын аздыгын “дээрлик күн сайын эле сындай бербеш керек” деп эскертти. “Урматтуу Америка, өз өнөктөштөрүңөрдү баалагыла. Акыр аягында алар силерде анчалык көп эмес”, - деди Туск өз билдирүүсүндө.  Ал бул сөздөрдү НАТОнун саммитинин алдында айтты. Түндүк Атлантикалык Альянстын саммити 11-12-июлда Брюсселде өткөнү турат. Бүгүн Брюсселде Евробиримдик менен НАТО кызматташтык боюнча жаңы макулдашууга кол коюшту.  ... Читать дальше...

Улуттук кардиология борбору Артыкбаевдин дарыланып жатканын ырастады

Azattyk.org 

Мирсаид Миррахимов атындагы улуттук кардиология борборунун директору Айнагүл Жумагулова Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев ушул бейтапканада дарыланып жатканын “Азаттыкка” ырастады.  - Артыкбаев бизге жүрөгү кармап түшкөн. Бир сыйра дарыланды. Учурда коронарография текшерүүсүнөн өтүп жатат. Андан кийин дагы бир текшерүү жүрөт. Жүрөктүн тамырларын текшериш керек. Анткени кан басымы көтөрүлүп, жүрөктүн согушунун ритми бузулуп калган. Кароодон өткөндөн кийин так диагноз коюлат. Ошондон кийин толук маалымат бере алабыз... Читать дальше...

Айтматов Жеңижок үчүн төшүн тоскон

Azattyk.org 

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгеги сиңген ишмер, филология илимдеринин кандидаты Асанбай Жусупбеков акын Жеңижоктун мурасын коомчулукка кайра ачууда Ч.Айтматовдун ролу чоң болгонун айтат. "Азаттыктын" ардагери Ырысбай Абдыраимов жолдогон блог.

Спорт в России и мире
Москва

В Люберцах 24 апреля пройдет ярмарка вакансий


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
WTA

Хромачёва и Бабош выиграли турнир WTA в Руане в парном разряде


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Регоператор провел экологический телемост между школьниками Подольска и Москвы





Путин в России и мире
Москва

«Зависит очень многое»: Алиев об отношениях Азербайджана и России


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Губернатор Поморья встретился с президентом Беларуси Александром Лукашенко




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Байден заверил Зеленского в скорых поставках новых пакетов помощи


Навальный в России и мире
Москва

Мосгорсуд оставил в СИЗО журналистку Фаворскую, обвиняемую в экстремизме за репортажи о Навальном



Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Оззи Осборн

Оззи Осборна и Шер включат в Зал славы рок-н-ролла в 2024 году



Москва

Специалист Губанов: уровень зарплат в сфере строительства вырос на 28% в марте

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net