Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Июль
2018

Новости за 05.07.2018

Чүй милициясы Ысык-Көлгө каттаган жолго көчмө бекеттерин ачты

Azattyk.org 

Чүй милициясы бүгүнтөн тартып Ысык-Көлгө бара турган жолдо коопсуздукту камсыз кылуунун кошумча чараларын көрө баштады. Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, туристтик трассада милициянын эки көчмө бекети иштейт. Ар биринин курамында кеминде үчтөн күч кызматкери болот. Алар жолдогу коопсуздукка эле көз салбастан, жергиликтүү тургундар менен да иштешип, алардан түшкөн арыз-даттанууларды кабыл алат жана кеп-кеңешин берип турат. Ысык-Көлдөгү жайкы эс алуу сезонунда бул трассада, айрыкча Бишкек... Читать дальше...

Британияда эки адам “Новичок” заты менен ууланды

Azattyk.org 

Бул тууралуу Британиянын антитеррордук полициясы билдирүүдө. Расмий маалыматка караганда, азыр ооруканада оор абалда жаткан эки адам да орусиялык мурдагы тыңчы менен анын кызына кол салууда колдонулган “Новичок” химиялык затынан ууланганы анык болду. Британ полициясы Солсбери шаарынын 11 чакырым жердеги Эймсбери шаарчасында эс-учун жоготкон эки киши: жаш курагы 40тардагы аял менен эркек 30-июнда табылганын 4-июлда жарыялаган. Быйыл март айында Солсбериде орусиялык экс-тыңчы Сергей Скрипаль менен анын кызы Юлия ууландырылган. Читать дальше...

Ошто ишкерлер өкмөттүн өкүлүн айыпташты

Azattyk.org 

Мармар таш өндүрүүнү көздөп аткан алайлык ишкерлер өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Таалайбек Сарыбашевдин бизнестен үлүш сурап жатканын айтып чыгышты. Таалайбек Сарыбашев болсо бизнеске уруксат берүүгө же тыюу салууга укугу жок экенин айтып, ишкерлердин дооматын четке кагууда.



Ош: ишкерлер өкмөттүн өкүлүн айыпташты

Azattyk.org 

Мармар таш өндүрүүнү көздөп аткан алайлык ишкерлер өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Таалайбек Сарыбашевдин бизнестен үлүш сурап жатканын айтып чыгышты. Таалайбек Сарыбашев болсо бизнеске уруксат берүүгө же тыюу салууга укугу жок экенин айтып, ишкерлердин дооматын четке кагууда.

Түрмөдөгүлөрдүн баарынын ден соолугу текшерилди

Azattyk.org 

Кыргызстанда абакта отурган бардык адамдар медициналык текшерүүдөн өткөрүлдү. Мындай иш эгемен Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу жасалганы бүгүн Бишкекте жаза аткаруу системасындагы абалды талкуулаган жыйында айтылды. Түрмөдөгүлөрдүн көпчүлүгү ашказан, тамак сиңирүү, жыныстык жана заара чыгаруу органдары жагынан жабыркай турганы аныкталды. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча бардык абактагылар тууралуу маалымат базасы түзөлгөнү жатат.  Жалпысынан түрдүү кылмыштарды жасап абакта отурган сегиз миңден ашуун адам текшерилди. Читать дальше...

Бишкекте тогуз чакырымдык велотрек ачылат

Azattyk.org 

Бишкекте велосипед айдоочулар үчүн өзүнчө жол тилкеси ачылат. Бул тууралуу бүгүн баш калаанын мэриясы кабарлады. Борбор шаардын архитектура башкармалыгы иштеп чыккан бул долбоор, мэриянын маалыматына караганда, “жакын арада” ишке ашырылат. Манас жана Чыңгыз Айтматов атындагы проспекттерди бойлой өтө турган веложол Жибек Жолунан башталат жана ар бир тарабы тогуз чакырымдан болот. Буга чейин шаардын түштүк четиндеги эс алуу багында велотрек ачылган. (RK)

Айнаш Токбаева: трайбалист эмесмин

Azattyk.org 

Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева 3-июлда журналисттер менен жолугушууда өзү тууралуу айтылган дооматтар боюнча “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.

Эмне үчүн IT адистигин тандаш керек?

Azattyk.org 

Менден “IT, компьютер, программа жазуу, Интернет эле дейсиңер, аны эмне үчүн окуш керек?” деп көп сурашат. Бир байкаганым - көпчүлүк бул адистикти аркалагандар жетиштүү акча табарын билгени менен заманбап технологиянын максатын, пайдасын түшүнө элек. Ошол себептүү замандаштарыма азыр-көптүр пайдасы тийсин деген максатта маалымат технологиясы тууралуу жазууну эп көрдүм.



ӨКМ 1-4 метрлик жыландар тууралуу кабарга жооп берди

Azattyk.org 

"Кыргызстанда күндүн кескин ысышынан улам жылан көбөйө баштады" деген кабар чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу бүгүн “Азаттыкка” Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматынын өкүлү Элмира Шерипова билдирди: - Азыр кыргызстандыктар арасында айрыкча "WhatsАpp" аркылуу “аба ырайынын кескин ысышына байланыштуу жыландар көп чыга баштады, абайлагыла” деген кабар көп пайда болуп жатат. Бул чындыкка дал келбейт. ӨКМ мындай маалымат тараткан эмес. Синоптиктер жакынкы күндөрү, 7-9-июлда Кыргызстанда күн абдан ысып... Читать дальше...

Кыргызстан тажикстандык өрт өчүрүүчүгө ыраазычылык билдирди

Azattyk.org 

Өкмөттүн Баткендеги өкүлчүлүгү май куюучу жайдагы өрттү өчүрүүгө жардам берген тажик жарандарына ыраазылык билдирди. Бүгүн 5-июлда кыргыз өкмөтүнүн Баткендеги ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев окуя болгон жерге барып, тийиштүү жетекчилердин катышуусунда жыйын өткөрдү. Андан кийин ооруканага барып, өрттөн жабыркаган кыргыз жана тажик жарандарынын абалын көрдү. Бул тууралуу “Азаттыкка” облустук акимчиликтин басма сөз катчысы Чолпон Бердикулова билдирди. 4-июлда Лейлек районундагы Бешкент айылында май куюучу бекетте өрт чыгып... Читать дальше...

Милиция “балдар уурдалууда” деп "WhatsApp" аркылуу кабар тараткандарды издеп жатат

Azattyk.org 

Милиция "WhatsApp" аркылуу “балдардын ички органдарын алыш үчүн аларды топ-тобу менен уурдап кетип жатышат” деген кабарды тараткандарды издей баштады. Бул тууралуу бүгүн Кыргызстандын Ички иштер министрлиги билдирди. “Бул калп маалымат айрыкча Ош жана Жалал-Абадда кеңири жайылтылууда. Ички иштер органдарында бул сыяктуу бир да факт катталган жок” дейт ИИМ. Ош шаарынын аймагында бүгүнкү күнгѳ карата дайынсыз жоголуп кеткен бир да бала жок экенин 4-июлда шаардык милициянын басма сөз кызматы кабарлап... Читать дальше...

Милиция “балдар уурдалууда” деп WhatsApp аркылуу тараткандарды издеп жатат

Azattyk.org 

Милиция WhatsApp аркылуу “балдардын ички органдарын алыш үчүн аларды топ-тобу менен уурдап кетип жатышат” деген кабарды тараткандарды издей баштады. Бул тууралуу бүгүн Кыргызстандын Ички иштер министрлиги билдирди. “Бул калп маалымат айрыкча Ош жана Жалал-Абадда кеңири жайылтылууда. Ички иштер органдарында бул сыяктуу бир да факт катталган жок” дейт ИИМ. Ош шаарынын аймагында бүгүнкү күнгѳ карата дайынсыз жоголуп кеткен бир да бала жок экенин 4-июлда шаардык милициянын басма сөз кызматы кабарлап... Читать дальше...

Өкмөт жегичтерге "желе" тартат

Azattyk.org 

Жемкорлук кылмыштарынан өндүрүлгөн каражаттарды топтоочу атайын эсеп ачылды. Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков ушундай тапшырма берип, өкмөт атайын токтом чыгарган. Эми Финансы министрлиги ачкан эсепке Башкы прокуратура баш болгон күч органдары өндүргөн каражаттар топтолмокчу. Мындай жол менен бийлик коррупцияга каршы күрөштү күчөтүп, айкындуулукту камсыз кылууну көздөп жатат. Бирок бул жакшы ой менен жасалган аракеттин кооптуу жагдайларын эскерткендер да бар.

Конгантиевге козголгон иш сотко жетпей жабылды

Azattyk.org 

Мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевге карата козголгон кылмыш иши жабылды. Бул тууралуу бүгүн “Азаттык” радиосуна анын адвокаты Икрамидин Айткулов билдирди. Анын айтымында, быйыл Коопсуздук кеңешинде мурда ачылып, бирок тергелип бүтө элек иштердин баарын иретке келтирүү талабы коюлгандан кийин Конгантиевдин убактылуу токтотулган иши кайра карала баштады. Натыйжада, тергөө жүргүзүп жаткан УКМК адвокаттын “Конгантиевге карата коюлган айып негизсиз, кылмыш курамы жок” деген өтүнүчүн канааттандырып, 18-июнда иш жабылды. Читать дальше...

Псковдогу десантчылардын көрүстөнү

Azattyk.org 

Орусиянын Псков шаарынын жанындагы көрүстөнгө 2014-жылдын августунда орусиялык дестанчылар көмүлгөнү тууралуу маалыматтар чыгууда.

Канатбек Исаевди бийликти басып алууга айыптаган иш кайра тергөөгө жөнөтүлдү

Azattyk.org 

Канатбек Исаевди бийликти басып алуу аракетине байланыштуу айыптаган кылмыш иши кайра тергөөгө жөнөтүлдү. Бул тууралуу “Азаттыкка” анын адвокаты Бакыт Осмоналиев билдирди. Адвокаттын айтымында, Бишкектин Биринчи май райондук сотунда бүгүн судья Мирлан Термечиков ушундай чечим чыгарды. Тергөө толук жана калыс өтпөгөнүн айткан адвокаттар ишти кайра тергөөгө жөнөтүү өтүнүчүн кечээ келтиришкен. Исаевди былтыр 30-сентябрда кармаган. Буга "депутат бийликти күч менен басып алууга аракет кылып жатат" деп Интернетте тараган видео себеп болгон. Читать дальше...

Орусия Сириянын түштүк-батышына абадан сокку ура баштады

Azattyk.org 

Сириянын түштүк-батышында өлкө президенти Башар Асаддын бул аймактагы бийликти калыбына келтирүү боюнча сүйлөшүүлөрү натыйжасыз болгондон кийин аба чабуулдары кайрадан башталды. Тафаста, Дерада жана Сайда шаарында абадан сокку урулду. Бул тууралуу Адам укуктарына көзөмөл жүргүзгөн сириялык топ маалымдады. Сирия президенти Башар Асад орусиялык авиациянын көмөгү менен өлкөнүн түштүк-батыш аймагына чабуул жасап келет. Алардын максаты – бул аймакты оппозициялык топтон тартып алуу. Укук коргоочулар... Читать дальше...

Өзбекстанда "Делбирим" повести боюнча кино тартыла баштады

Azattyk.org 

Азыр тасма тартуу Өзбекстандын Наманган облусунун Нанай жана Гова айылдарында жүрүп жатканын “Дан” продюсердик борборунун жетекчиси Паризат Жакыпбекова "Азаттыкка" билдирди. Тасма Намангандан кийин Ысык-Көл менен Ташкент облусунда да тартылат. Фильмди Кыргызстандын “Дан” продюсердик борбору Өзбекстандын “Узбеккино” улуттук агенттиги менен бирге Чыңгыз Айтматовдун “Делбирим” ("Кызыл жоолук жалжалым") повестинин негизинде тартып жатат. Көркөм фильмде башкы каармандар Ильяс менен Байтемирдин ролуна... Читать дальше...

Германия ооганстандык 69 качкынды өлкөдөн чыгарды

Azattyk.org 

Германия өлкөдөн чыгарылган 69 ооганстандыктын башкалка берүү тууралуу өтүнүчүн канааттандырбай, мекенине депортациялады. Алар түшкөн учак 4-июлда Мюнхенден Кабулга келди. Бул - 2016-жылдын декабрында Германиядан Ооганстанга депортация максатында түз аба каттамдары ачылгандан берки качкындарды массалык кайтарган биринчи учур. Немис бийлиги башпаанек берилбеген чет элдиктерди өлкөдөн жигердүү түрдө чыгаруу аракети башталаарын билдирип жатат. Акыркы жылдарда Германиядан негизинен кылмыш жасагандар чыгарылып келген. Читать дальше...


Музыкальные новости
Филипп Киркоров

Киркоров оштрафован на 6 тыс. рублей за неуплату другого штрафа





Персональные новости
ВДНХ

Сергей Трофимов выступит с летним концертом в Зеленом Театре ВДНХ





Аксыда Жеңижоктун 168 жылдыгына арналган айтыш өтөт

Azattyk.org 

Жеңижок деген ат менен белгилүү төкмө акын Өтө Көкө уулунун 168 жылдыгына арналган “Айтыш-2018” республикалык сынагына катышуучулар 4-июлда тандалды. Бул тууралуу "Азаттыкка" "Айтыш" коомдук фондунун төрагасы Асылбек Марат уулу билдирди. Анын айтымында, Бишкектин "Манас" кинотеатрында өткөн тандоо сынагына 44 акын катышып, алардын он алтысы Жеңижоктун жаркын элесине арналган республикалык айтышка катышууга жолдомо алды.  Тандоо турунан өткөн акындар Абдылда Нуралиев, Амантай Кутманалиев, Максат Кулуев... Читать дальше...

Лейлекте май куюучу жайдагы өрттө төрт киши жараат алып, тогуз машине өрттөндү

Azattyk.org 

Баткендин Лейлек районундагы май куюучу станциядагы өрттөн төрт киши жараат алды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, алардын бири Кыргызстандын, калганы Тажикстандын жарандары. Лейлек районундагы Тажикстан менен чектеш аймакка жакын жайгашкан станциялардын биринде өрт 4-июлда саат 20.30дар чамасы чыккан. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тилсиз жоо эки сааттан кийин чектөөгө алынып, 5-июлда таңкы саат 5 жарымга жакын толук өчүрүлгөнүн кабарлады. Өрттү өчүрүүгө Кыргызстан тараптан бир, Тажикстандан үч бөлүм тартылган. Читать дальше...

Чувашиядагы жол кырсыгынан үч кыргызстандык каза болду

Azattyk.org 

Орусиянын Чуваш Республикасында 4-июлда болгон жол кырсыгынан каза болгондор кыргызстандыктар болуп чыкты. Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги ырастагандай, кырсыкка кабылган беш киши тең Кыргызстандын жарандары. Алардын үчөө каза болуп, экөө ар кандай жараат менен ооруканага жеткирилген. Курмандыктардын арасында беш жана алты жаштагы эки бала бар. Орус басылмалары кечээ Чувашияда жеңил машине менен жүк ташыган автоунаа кагылышканын жазып чыккан. Кырсык  Чуваш Республикасынын Козлов районунда, "Волга" трассасынын  725-чакырымында болгон.

Чувашиядагы жол кырсыгы кыргызстандык үч адамдын өмүрүн алды

Azattyk.org 

Орусиянын Чуваш республикасында 4-июлда болгон жол кырсыгынан каза болгондор кыргызстандыктар болуп чыкты. Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги ырастагандай, кырсыкка кабылган беш киши тең Кыргызстандын жарандары. Алардын үчөө каза болуп, экөө ар кандай жараат менен ооруканага жеткирилген. Курмандыктардын арасында беш жана алты жаштагы эки бала бар. Орус басылмалары кечээ Чувашияда жеңил машине менен жүк ташыган автоунаа кагылышканын жазып чыккан. Кырсык  Чуваш республикасынын Козлов районунда, "Волга" трассасынын  725-чакырымында болгон.

Ооганстан менен чек арада 20дан ашык түркмөн жоокери окко учканы кабарланды

Azattyk.org 

“Азаттыктын” түркмөн кызматы чек арадагы окуя үч жума мурун Ооганстандын Бадгис провинциясы менен Түркмөнстандын Мары облусу чектешкен тилкеде болгонун жазып чыкты.  Маалыматка караганда, аскерлердин сөөгү металлдан жасалган табытка салынып, туугандарына берилген. Редакция маркумдардын аты-жөнү тууралуу да маалымат келгенин, бирок аны коопсуздук үчүн жарыялабай эле коюуну туура көргөнүн билдирди. Кагылышууга баңгизат аткезчилери түрткү болгону, куралдуу кишилер түркмөн аскерлерине ок чыгарып... Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

Юные керамисты школы №2120 выиграли три Гран-при конкурса «Мир дому твоему!»


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
Карен Хачанов

Хачанов обыграл Баутиста-Агуту в третьем круге «Мастерса» в Мадриде


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Прокуратура Москвы: тело мужчины нашли в лесопарке в Сокольниках





Путин в России и мире
Москва

Путин поздравил Леонида Рошаля с днем рождения


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Это - война: литовские беспилотники попытались атаковать Минск




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире

Навальный в России и мире
Москва

Дух разделения в Святой Руси, или Можно ли лишиться сана за отпевание Навального*



Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Пётр Чайковский

В Клину состоится праздничная программа в честь дня рождения Чайковского



Москва

«День добрых дел» прошел во всех муниципалитетах Подмосковья

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net