Мигранттардын соодаланган балдары
Орусияда бала сатуу үчүн айыпталып жаткан кыргызстандык келин 4,6 жылга түрмөгө кесилди. Дагы үч кишинин иши сотто каралууда.
Орусияда бала сатуу үчүн айыпталып жаткан кыргызстандык келин 4,6 жылга түрмөгө кесилди. Дагы үч кишинин иши сотто каралууда.
Иран менен өзөктүк макулдашууга кол койгон өлкөлөр 26-февралда Венада жолугушат. Германия, Франция жана Британия Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Тегеранга санкциялары кайра киргизилиши ыктымал дегенден улам пайда болгон талашты чечүүнү көздөйт. 2015-жылы Иран менен дүйнөлүк алты держава өзөктүк макулдашууга жетишкен. АКШнын президенти Дональд Трамп 2018-жылы бир тараптуу келишимден чыгып, Вашингтон Тегеранга санкцияларын кайра киргизген. Венадагы жыйынга Ирандын, Британиянын, Франциянын, Германиянын... Читать дальше...
Кыргызстан коронавируска байланыштуу дүйнөдө түзүлгөн абалдан улам дагы төрт өлкөдөн келген жарандарды 14 күндүк карантинге алууну чечти. Бул тууралуу 26-февралда өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, эгер буга чейин Кытайдан келгендер гана карантинге алынып жаткан болсо, эми Түштүк Кореядан, Жапониядан, Ирандан жана Италиядан келгендер боюнча да чара көрүлөт. «26-февралга карата Кыргызстанда эпидемиологиялык абал туруктуу, коронавирус жугузгандар катталган жок. Читать дальше...
27-февралда көпчүлүк аймактарда маал-маалы менен жаан жаап, карга өтөт, тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Зымдарга жана бактарга суу кар жармашып, жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн 0…5, күндүз 3…8; Таласта түнкүсүн -1…+4, күндүз 2…7; Баткенде түнкүсүн 2…7, күндүз 4…9; Ошто... Читать дальше...
Аскерде кызмат өтөп жүрүп бир көзүнөн айрылган Кубан Молдалиевдин иши Талас райондук сотунда кайра башынан каралмай болду. Бул тууралуу 26-февралда «Азаттыкка» анын укугун коргоп жаткан «Кылым шамы» борборунун жетекчиси Азиза Абдирасулова билдирди. Анын айтымында, бардык күбөлөр суралып, ишти кароо жыйынтыкталып калганда судья алмашып кетти. Жазык-процессуалдык кодекске ылайык судья алмашканда иш кайра башынан каралышы керек экенин айткан укук коргоочу Молдалиевдин өзүнө жана ата-энесине Ат-Башыдан... Читать дальше...
Сузактын тургуну 25 жаштагы кызын жана эки небересин Сириядан алып келүүгө жардамдашууну өтүнүп, бийликке кайрылды. Ал бул тууралуу Сузак райондук мамлекеттик админстрациясындагы жыйын учурунда билдирди.
Парламент депутаттары Кыргызстан эгемендик алгандан бери өлкөгө келген гранттардын жана насыялардын эсебин тактай баштады. Бюджеттик комитет алгач жол салууга бөлүнгөн каражатка жооптуу министрликтин отчётун укту.
Баткен облустук өкүлчүлүктүн маалыматына караганда кеңешмеде кылмыштуулук, коомдук тартипти, коопсуздукту сактоо, чек аралаш аймакта чыр-чатактардын алдын алуу маселелери талкууланып, тиешелүү жетекчилерге тапшырмалар берилди. Кеңешмеде ошондой эле Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөт аралык комиссиясынын макулдашуусуна ылайык кол коюлган протоколдогу, жергиликтүү бийликке белгиленген тапшырмаларды аткаруу милдеттендирилди. Облустук кеңешмеге жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилери катышты. Читать дальше...
Жогорку Кеӊеш Мукамбет Касымалиевди, Мээргүл Бобукееваны, Латип Жумабаевди Жогорку Кеңештин Конституциялык палатасынын судьялыгына шайлады. Ушул эле күнү судьялар ант беришти. Үч судьянын ичинен Мээргүл Бобукеева менен Мукамбет Касымалиев Конституциялык палатанын судьялыгынан жети жылдык мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу 2019-жылдын ноябрында бошотулган. Латип Жумабаев биринчи жолу шайланды. Ал Баткен, Ош облустарынын прокурору болуп иштеген. Конституциялык палатада былтыр бошогон судьялык үч... Читать дальше...
АКШнын президенти Дональд Трамп, мурдагы мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон, бир катар белгилүү актерлор экс-кинопродюсер Харви Вайнштейндин айыпталышын кубатташты.
Бишкектин Жылуулук электр борбору (ЖЭБ) боюнча бүгүн эртең мененки убакка белгиленген сот отуруму болгон жок. Буга соттолуучу, мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун ден соолугу начарлаганы себеп болгонун анын адвокаттары «Азаттыкка» кабарлашты. Алардын айтымында, Исаков өзүн начар сезип жатканын кароол кызматкерлери билдиришти. Эгер абалы жакшырса, сот түштөн кийин уланары айтылды. Бишкек ЖЭБин модернизациялоого Кытай бөлгөн акчанын коротулушу боюнча кылмыш ишин шаардык сот апелляциялык негизде карап жатат. Читать дальше...
Башкы прокуратура Кой-Таш окуясы боюнча козголгон ишти изилдеп чыгып, айыптоо актысынын негизинде Бишкектин Биринчи май райондук сотуна өткөрүп берди. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы 26-февралда кабарлады. Ишти Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы тергеп, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баштаган 14 адамга айып койгон. 2019-жылы 7-8-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жана ИИМ Чүйдүн Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзгөн. Читать дальше...
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бишкекте спортко деп бөлүнгөн ири суммадагы акча каражаты уурдалганын кабарлады. Мекеменин басма сөз катчысы Рахат Сулайманов билдиргендей, Бишкек мэриясынын Дене тарбия жана спорт башкармалыгында бюджеттик каражатты уурдоо боюнча коррупциялык схема аныкталды. «Такталгандай, Дене тарбия жана спорт башкармалыгынын башчысы жооптуу адамдар менен бирге спортчулардын машыгууга чыгышын күбөлөндүргөн жасалма документтерди даярдоо аркылуу бюджеттик... Читать дальше...
Бишкекте 25-февралда Кесиптик кошуундар федерациясынын жетекчиси Мирбек Асанакуновдун кызматтан кетишин талап кылган акция өттү.
Ош облусунун Кара-Суу районунда өрт бир адамдын өмүрүн жалмады. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, маркум 64 жашта болчу. Өрт Папан айыл аймагында чыккан. Жыгач устундуу, шифер жабылган эки кабат турак үйдүн 45 чарчы метр чатыры, 9 чарчы метр бөлмөсү, эки терезе жана үй буюмдары күйгөн. Кырсыктын себеби такталууда. Соңку бир сутка ичинде республиканын аймагында сегиз өрт катталды. (RK)
Жогорку Кеңеш Кытайдагы коронавирус эпидемиясына байланыштуу Кыргызстанда алдын алуу иштери кандай жүрүп жатканын талкуулайт. Бул маселени парламенттин бүгүнкү жыйынында депутат Эмил Токтошев көтөрдү. Ал эми депутат Таабалды Тиллаев маселенин медициналык гана өңүтүнө токтолбостон, экономикалык жагына да көңүл бурууга чакырды. «Эгер өкмөттү чакырсак, экономикалык жагын да карашыбыз керек. Себеби Кытай менен чек ара жабык турат. Бюджет кандай болуп жатат, салыктар кандай түшүп жатат?» деди Тиллаев. Читать дальше...
1-2-март күндөрү Жалал-Абад шаарында өтүүчү «Өнүгүү аянтчасы» аттуу эл аралык ишкер аялдар форумунда аймактагы текстил тармагын өнүктүрүү багыттары талкууланат. Бул тууралуу Жалал-Абад жаш ишкерлер ассоциациясынын мүчөлөрү басма сөз жыйынында билдиришти. Жалал-Абад жаш ишкерлер ассоциациясынын башкаруу кеңешинин мүчөсү Гүлжамал Караева форум облустагы майда тигүүчүлөрдүн, уз-чеберлердин башын бириктирип, сүйлөшүү аянтчасы аркылуу аларга өнөктөш табуу максатын көздөй турганын айтты: «Бул жолу... Читать дальше...
Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) басма сөз кызматы маалымдагандай, семинар 12-апрелде өткөнү жаткан жергиликтүү кеңештерге шайлоого даярдык максатында өткөрүлүүдө. 26-февралда БШКнын мүчөлөрү мындан тышкары Оштогу күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине да «Шайлоо учрунда тартипти камсыз кылуу жана мыйзамсыздыкка каршы туруу» деген тренинг өткөрөт. 12-апрелде Ош шаардык кеңешине шайлоо болот. 25-февралда Ош шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоону уюштуруу жана шайлоо өткөрүү боюнча штабдын отуруму өткөн. Читать дальше...
Ош шаарында сегиз жаштагы бала сууга чөгүп каза болду. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргенине караганда, шаардын Латибжанов көчөсүндө каналга жаш бала түшүп кеткени тууралуу маалымат түшкөн. ӨКМдин Ош шаардык башкармалыгынын куткаруучулары окуя болгон жерге барып, баланын сөөгүн суудан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти. Кыргызстанда 2019-жылдын биринчи жарымында 88 адам сууга чөгүп каза болгон. (RK)
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) «Айымдар ордосу» деп аталган компаниядан жабыркагандарды издеп жатат. Бүгүнкү күнгө карата ага алданган 30 адамдан арыз келип түшкөнүн «Азаттык» радиосуна мекеменин басма сөз катчысы Анастасия Пискур билдирди: «Алар «WhatsApp» аркылуу келген жарнамадагы «үч миң сом төлөп, белек ал» деген сунушка көнүп, банкка акча төккөнүн, натыйжада алданып калганын айтышууда». Бул факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине... Читать дальше...
«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен өкмөт кайым айтышты.
Өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Марат Мураталиев Жерүй алтын кенин иштетүү маселесинин айланасында болгон мүчүлүштүктөргө облустук администрациянын тиешеси жок деп билдирди. Мураталиев коомчулукка видео кайрылуу таратып, анда жарандык активист Айбек Мырзанын кайрылуусунда айткандарын четке какты: «Жерүй алтын кенин иштетүү боюнча мага жалаң эле Айбектен эмес, башка да активисттерден сунуш түшкөн. 5-февралда алардын чакыруусу менен Талас шаарында тегерек үстөл өткөн. Бирок Айбек Мырза 30га жакын жигиттер менен келип... Читать дальше...
Британиянын борбору Лондон шаарында 25-февралда «Кыргызстан Туризм Роудшоу» деген иш-чара өттү. Ал британиялык туристтерди Кыргызстанга тартууга арналган. Иш-чараны Лондондогу кыргыз элчилиги жана Туризм департаменти уюштурган. Бул иш-чарага британ премьер-министри Борис Жонсондун атасы, 80 жаштагы Стенли Жонсон да катышты. Ал Кыргызстанда 2018-жылы илбирсти коргоо аракетинде видеокамераларды орнотууга катышканы боюнча айтып берди. Европарламенттин мурдагы депутаты, азыркы белгилүү активист жана... Читать дальше...
"Азаттык" радиосунун белгилүү иликтөөчү журналисти Уланбек Эгизбаев көзү тирүү болгондо 12-февралда 30 жашка чыкмак. Жубайы Сапаргүл Абдинабиева “Азаттыкка” келип, Уланбекти тааныган тогуз жылы, чогуу жашаган бактылуу тогуз айы, Уланбексиз өткөргөн кайгылуу эки жылы, артында калган уулу, жакындары, максаты тууралуу сыябан-маек курду.
Оорудан 29 700 киши айыкканы кабарланууда. 78 миң адам вирусту жугузуп алган. Кытайдын Улуттук саламаттык сактоо комиссиясы жаңы катталган учурлар азая баштаганын маалымдады. Оорунун жайылышы жагынан Хубэй провинциясы алдыда турат. Аймакта илдеттен 2600дөн ашуун киши өлдү. Жер жүзүндө вирус 80 миңден ашуун кишиге жугуп, 2800дөн ашык адамдын өмүрүн алды.
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
123ru.net — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.