123ru.net
Azattyk.org
Февраль
2020

Новости за 06.02.2020

Ош шаардык милициясы 100 килограммдан ашуун баңгизатты колго түшүрдү

Azattyk.org 

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын криминалдык милициясы Жалал-Абад облусунун Үч-Терек айылынан баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү үчүн шектүү катары 42 жаштагы адамды кармалды. Бул тууралуу «Азаттыкка» Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, шектүү жашаган үйдү кароо учурунда жалпы салмагы 101 килограмм 335 грамм баңгизат табылган. Атайын экспертиза анда табылган баңгизат марихуана (кара куурай) экенин аныктады. Шектүү алгачкы көрсөтмөсүндө баңгизатты... Читать дальше...

Америка-Кыргызстан: Аксаган алака, кыйраган кыялдар

Azattyk.org 

АКШ визалык чектөө киргизген алты мамлекеттин тизмесине Кыргызстан да кошулду. Мындай жагдайга эмне себеп жана ким күнөөлүү? Коомчулук кыргыз бийлигинен кандай аракеттерди күтөт? "Азаттыктын" "Биз жана дүйнө" берүүсүн көрүңүз.

Кыргызпатент: 2019-жылы ырчы Атабеков менен Борбиев эң көп сый акы алды  

Azattyk.org 

2019-жылы Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мемлекеттик кызматы (Кыргызпатент) ата мекендик музыкалык чыгармаларды пайдаланганы үчүн кафе-ресторан, мейманкана сыяктуу эс алуучу жайлардан 12 млн. сом чогултту. Бул тууралуу Кыргызпатенттин жетекчиси Динара Молдошева 6-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди:  «Келишим түзүлөт. Инспекторлор барып, ошол жайдагы орундарды санап, атайын формула менен чыгарат. Телевизор, фонограмма, жандуу үн менен музыка болобу, алар милдеттүү түрдө автордук сый акы төлөйт. Читать дальше...



Израил күчтөрү менен палестиналыктардын кагылышы күчөдү

Azattyk.org 

АКШнын Жакынкы Чыгыш боюнча тынчтык планы жарыялангандан бери израилдиктер менен палестиналыктардын ортосунда карама-каршылык күчөдү. 6-февралда Иордан дарыясынын батыш жээгинде эки адам Израил күчтөрүнүн огунан каза тапты. Жети палестиналык жараат алды. Иерусалимдин чыгышында дагы бир адам полицияга ок атканы үчүн коопсуздук күчтөрүнүн колунан каза тапты. Бейшембинин таңында Иерусалимдин борбордук бөлүгүндө бир палестиналык автоунаасы менен израилдик аскерлерди сүзүп, андан 12 жоокер жараат алган. Читать дальше...

Болгонбаев: КТРК менен коомчулуктун байланышын бекемдейм

Azattyk.org 

Коомдук телерадиокорпорациянын (КТРК) байкоочу кеңешинин башчылыгына төкмө акын Азамат Болгонбаев шайланды. Анын талапкерлигин байкоочу кеңештин 14 мүчөсү бир добуштан колдоду. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Болгонбаев өзү тастыктады. Жаңы шайланган жетекчи алдыдагы негизги максатын айтты.   - Мыйзамда дагы жазылгандай байкоочу кеңештин негизги милдети КТРК менен коомчулуктун ортосундагы байланышты күчөтүү. Акыйкат жана калыс иш алып барууга аракет кылам, - деди Болгонбаев.  2019-жылы ноябрь... Читать дальше...

Суракматов вице-мэр жана басма сөз катчы боюнча жооп берди

Azattyk.org 

Бишкек мэри Азиз Суракматов «Тазалык» ишканасынын басма сөз катчысы Жибек Каракеева менен вице-мэр Мирлан Амантуровдун ортосундагы пикир келишпестикти «жумуш процесси» деп баалады. Суракматовдун пикирин мэрия аппаратынын башчысы Балбак Түлөбаев «Фейсбуктагы» баракчасына жарыялады.  «Мен муну жумуш процесси деп ойлойм. Эгерде иш болбосо мындай талаш-тартыш болбойт. Бирок биз алдыга жылгыбыз келсе мындан кача албайбыз. Ал эми «Тазалык» ишканасында чыгымдарды оптимизациялоо жана санариптештирүү жүрүп жатат», – деди Суракматов. Читать дальше...

Шайлоого даярдалган «төө басты»

Azattyk.org 

Токмок шаарына бир айдын ичинде эле 3 миң киши каттоого турганын Мамлекеттик каттоо кызматы билдирди. Бул апрелде өтө турган жергиликтүү кеңешке шайлоого байланыштуу партиялардын добуш алуу аракети экени айтылууда.

Кыргызстанда 90 ооганстандык, 79 сириялык качкын макамын алган  

Azattyk.org 

2020-жылдын 1-январына карата 206 киши Кыргызстанда качкын макамын алган. Бул тууралуу 6-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында Мамлекеттик миграция кызматынын башчысы Болотбек Ибраимжанов маалымдады.  Анын маалыматына караганда, Ооганстандын 90, Сириянын 79, Украинанын 23, Ирактын 6, Тажикстандын 4, Ирандын 2, Эфиопиянын 1, Марокконун 1 жараны качкын макамын алган. Алардын көпчүлүгү өз  өлкөсүндө согуш болуп жаткандыктан качып келгендер жана чет элдик кыргыздар, ал эми Эфиопиянын жараны диний себептерден улам келген. Читать дальше...



Жергиликтүү шайлоо: каттоонун амалы

Azattyk.org 

Токмок шаарына бир айдын ичинде эле 3 миң киши каттоого турганын Мамлекеттик каттоо кызматы билдирди. Бул апрелде өтө турган жергиликтүү кеңешке шайлоого байланыштуу партиялардын добуш алуу аракети экени айтылууда.

Кыргызстан Түркиядан кыргыз-түрк ооруканасы боюнча ратификацияны тездетүүнү суранды

Azattyk.org 

6-февралда Баку шаарында Кыргызстандын жана Түркиянын тышкы иштер министрлери Чыңгыз Айдарбеков менен Мевлүт Чавушоглу жолугушуп, эки тараптуу кызматташтыкты талкуулашты.  Жолугушуу Түрк кеңешиндеги Тышкы иштер министрлер кеңешинин кезексиз жыйынынын алкагында өттү. Анда министр Айдарбеков Бишкектеги «Кыргыз-түрк достук ооруканасын» иштетүү тууралуу макулдашуунун Түркия парламенти тарабынан тезирээк ратификацияланышы маанилүү экенин белгиледи. Эки министр ошондой эле кыргыз-түрк бизнес-форумун Кыргызстанда өткөрүү тууралуу да сүйлөштү. Читать дальше...

Айдар Акаевдин сөөгү Москвада жерге берилет

Azattyk.org 

Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаевдин уулу Айдар Акаевдин сөөгү Москвада коюлат.  Акыркы сапарга узатуу зыйнаты 8-февралда өтөрүн, үй-бүлөсү ушундай чечим кабыл алганын «Азаттык» радиосуна 6-февралда Москвадагы кыргыз диаспорасынын жетекчиси Дамир Асанов билдирди: «Cөөгү Москвада коюлат. Үй-бүлөсү ушундай чечим кабыл алыптыр. «Ушул ишембиде жерге берилет» деп айтып жатышат. Аскар Акаев Айдар акыркы беш жылдан бери жүрөк оорусуна чалдыгып, дарыгерге көрүнүп жүргөнүн айтты. Акыркысында микроинфакрт болуптур». Читать дальше...

Бакиев Акаевге көңүл айтты

Azattyk.org 

Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев биринчи президент Аскар Акаевге уулу Айдар каза болгонуна байланыштуу көңүл айтты. Бакиевдин тарапташтары анын атынан тараткан кайрылууда: «Айдардын дүйнөдөн мезгилсиз өткөндүгүнө байланыштуу үй-бүлөсү менен жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм. Аскар Акаевич, Майрам Дүйшөновна, сабыр тилейм. Айдардын жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун. Жараткан жар болуп, жанын жанатта кылсын! Терең кайгыруу менен, Бакиев Курманбек Салиевич», деп айтылат. Читать дальше...

Исфарада кыргыз-тажик өкмөт аралык комиссиясы жыйын курду

Azattyk.org 

Тажикстандын Исфара шаарында 4-5-февралда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөт аралык комиссиясынын жыйыны өттү. Кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы 6-февралда кабарлагандай, жыйынга эки өлкөнүн вице-премьер-министрлери Жеңиш Разаков жана Азим Иброхим катышты. «Жыйын учурунда белгиленгендей, эки жактуу мамилелерди бекемдөө максатында республикалардын ортосунда мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерин чечүү жаатында жалпы түшүнүү жана каалоо бар. Читать дальше...

АКШ Борбор Азия өлкөлөрүнүн эгемендигин бекемдөөгө көмөктөшөт

Azattyk.org 

АКШнын 2019-2025-жылдарга карата Борбор Азия боюнча стратегиясы «Эгемендикти бекемдөө жана экономикалык өнүгүү» деген аталыш менен 5-февралда жарыяланды. Стратегия Борбор Азия мамлекеттеринин эгемендигин жана өз алдынчалыгын бекемдөөгө, жалпы эле аймакка көмөктөшүүгө, экономикалык, энергетикалык, коопсуздук тармактарында жана мамлекеттик башкарууда кызматташууга багытталган. АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысы Элис Уэллс Кошмо Штаттар аймактык стратегияны соңку... Читать дальше...

Ат-Башыда логистикалык борборго каршы митинг уланууда

Azattyk.org 

Ат-Башыда логистикалык борборго байланыштуу кайрадан митинг өтүп жатат. Активисттер акция башталганда түшкө маал ал жерде 500дөй адам чогулуп турганын айтышкан.  Саат 17:30да «Азаттык» Нарын облустук администрациясынын басма сөз катчысы Назгүл Мүсүралиева менен байланышканда ал митинг дагы эле уланып жатканын айтты.  «Азыр Ат-Башы районунун Ак-Талаа айыл өкмөтүнүн Калинин айылында тынч митинг өтүп жатат. Ага башка айылдардан да тургундар келген. Район акими Жакыпбек Субакожоевдин айтымында, 120дай киши бар. Читать дальше...

«Улуттук энергохолдинг»: Камбар-Ата-1 боюнча бир чечимге келгени калдык

Azattyk.org 

Кыргызстан Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу боюнча кезектеги сүйлөшүүлөрдү жыйынтыктап калды. Бул тууралуу 6-февралда парламентте депутаттарга маалымат берип жатып «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын жетекчиси Айтмамат Назаров билдирди:  «Камбар-Ата-1 боюнча азыр сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Биз да бир чечимге келейин деп калдык. Жакын арада билдирүү жасайбыз». Назаров сүйлөшүү кайсы өлкө менен жүрүп жатканын тактап айткан жок, болгону долбоор боюнча иш быйыл башталарын кошумчалады. Нарын дарыясына курулчу... Читать дальше...


Музыкальные новости
Борис Гребенщиков

Борис Гребенщиков сообщил, что не знает, кто такой Богомолов





Персональные новости
Газпром

ВСГ, ГМТ и платежная дисциплина. Совет директоров Газпрома рассмотрел ряд важных вопросов





Трамп импичменттен кутулду

Azattyk.org 

АКШ президенти Дональд Трамп акталды. Сенат ага импичмент жарыялоону туура көргөн жок. Демократтар эми Трамптын бийлиги ашкере күчөйт деп кооптонуп жатышат.

Түркия Москваны Идлибдеги чабуулдарды токтотууга чакырды

Azattyk.org 

Түркия Орусияны Сириянын өкмөттүк күчтөрүнүн Идлиб провинциясындагы чабуулдарын тез арада токтотууга чакырды. Бул тууралуу түрк тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу 6-февралда Баку шаарынан билдирди.  Ал Анкара Сириядагы көтөрүлүшчүлөрдүн акыркы таянычы саналган Идлибдеги кырдаалды жөнгө салыш үчүн Москва менен бирге иштеши керек экенин белгиледи. Апта башында түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган эгер Сириянын президентинин күчтөрү ушул айдын аягына чейин Идлибден чыгып кетпесе, түрк армиясы... Читать дальше...

Иерусалимде автоунаа израилдик аскерлерди тебелетип кетти

Azattyk.org 

Иерусалим шаарынын борбордук бөлүгүндө белгисиз киши машинеси менен израилдик аскерлерди барып сүзүп, андан кеминде 14 киши жарадар болду. Израилдин бийлиги бейшембинин таңында болгон бул окуяны теракт катары иликтеп жатат. Жабыркагандардын 12си армиянын жоокерлери экени маалымдалды.  Анын алдында Иордан дарыясынын батыш жээгинде палестиналык 19 жаштагы жигит жөөт аскерлери менен кагылышта мүрт кеткен.  Бул окуяларды улай Израилдин коопсуздук күчтөрү Палестин автономиясына караштуу Бейт-Жала шаарчасында рейд жүргүзүп... Читать дальше...

Мирзиёевдин жубайы менен кыздарынын аты үч эмге берилди

Azattyk.org 

Өзбекстандын Наманган облусунун тургундары январда төрөлгөн үч эм кыздарына президент Шавкат Мирзиёевдин жубайы менен кыздарынын урматына Зироатхон, Саида жана Шахноза деп ат коюшту. Чартак районунда жашаган Ахмаджон Кадыров менен Одинахон Алтимешованын үч эм төрөлгөнгө чейин дагы үч кызы бар болчу. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү бул үй-бүлөгө коляскаларды жана башка жаңы төрөлгөн ымыркайлар үчүн керектүү буюм-тайымдарды тапшырышты.  Соңку жылдары Өзбекстанда эгиз же үч эм төрөлгөн балдарга президенттин... Читать дальше...

Абактагы тажик адвокаты «Homo Homini» сыйлыгына татыды

Azattyk.org 

Тажикстанда абактагы белгилүү адвокат Бузургмехр Ёров адам укуктарын сотто коргоодо көрсөткөн эр жүрөктүүлүгү үчүн «People in need» уюмунун «Homo Homini» сыйлыгына татыды.  Эл аралык укук коргоо уюмунун бул сыйлыгы жыл сайын адам укуктарын коргоого жана демократиялык принциптерди алдыга жылдырууга салым кошкон активисттерге ыйгарылып турат.  «Ёров көп жылдар бою Тажикстанда адам укуктары үчүн күрөштү, бийликтен катуу куугунтук көрдү. Ал саясий себептер менен айыпталгандардын укуктарын башка адвокаттар... Читать дальше...

Эки жылда Кыргызстанда ВИЧ жуктургандар дээрлик эки миңге көбөйдү

Azattyk.org 

Кыргызстанда ВИЧ инфекциясын жуктургандар соңку эки жылда 1876 адамга көбөйдү. Бүгүн өкмөт акыркы маалыматтарды жарыялап, 2020-жылдын 1-январына карата өлкөдө ВИЧ жуктурган 9680 адам расмий каттоодо турарын билдирди. Алардын 680и 14 жашка чейинки балдар, 532си чет элдиктер. Эки жыл мурда, 2017-жылы ВИЧ жуктургандардын саны 7804 экени айтылган. 6-февралда вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Бириккен Улуттар Уюмунун ВИЧ/СПИД боюнча программасынын (ЮНЭЙДС) атайын кеңешчиси Мишель Казачкин менен жолукту. Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

RU.TV превращает Русскую Музыкальную Премию в Мюзикл


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
WTA

Кудерметова выиграла турнир WTA в Штутгарте в парном разряде


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Московскую компанию заподозрили в хищении 103 млн рублей при реализации нацпроекта в Орле





Путин в России и мире
Москва

Владимир Путин поздравил ветеранов с 50-летием начала строительства Байкало-Амурской магистрали


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Лукашенко убежден, что белорусы «никогда еще так хорошо не жили»




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Во Франции назвали бредом слова Зеленского про угрозу Путина Европе


Навальный в России и мире
Москва

Священнику, отпевавшего Навального, запретили носить рясу и крест



Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Концерт

Концерт в музее-заповеднике П.И. Чайковского



Москва

Команда «Кристалл-Восток» стала чемпионом Подмосковья по хоккею

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net