Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
Azattyk.org
Февраль
2020

Новости за 19.02.2020

Балбан Жоламан Азия чемпионатынын күмүш медалын тагынды

Azattyk.org 

Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча чоңдор арасындагы Азия чемпионатында күмүш медаль тагынды. «Биргелешкен күрөш дүйнөсү» (United World Wrestling) уюмунун расмий сайтындагы маалыматына ылайык, Индиянын Нью-Дели шаарында өтүп жаткан мелдеште Шаршенбеков бүгүн, 19-февралда грек-рим күрөшүнөн 60 килограммга чейинки салмакта финалга чейин жетти. Алтын байге үчүн болгон беттеште ал жапониялык дүйнө чемпиону Кеничиро Фумита менен күч сынашып, 4:0 эсебинде жеңилди.   Жоламан... Читать дальше...

Ат-Башы: Каарданган эл, качкан инвестор

Azattyk.org 

Ат-Башыда курулушу пландалган логистикалык борбордун долбоору токтотулду. Буга жергиликтүү тургундардын каршылыгы себеп болду. Элдин каарынан улам буга чейин да бир нече долбоор токтогон. Бийлик инвестиция тартууну канчалык убада кылса да иш илгерилебей жатат. Буга эмне себеп?

Аскаровдун сот алдындагы ачык кайрылуусу

Azattyk.org 

2010-жылдагы июнь окуяларына байланыштуу айыпталып өмүрүнүн аягына чейин түрмөгө кесилген Азимжан Аскаров адам укуктары боюнча эл аралык уюмдарга жана Кыргызстандын күч органдарына ачык кайрылуу жиберди.



Иранда коронавируска чалдыккан эки киши аныкталды

Azattyk.org 

Иран бийлиги коронавируска чалдыккан эки киши аныкталганын билдирди. COVID-19 вирусу бул өлкөдө биринчи жолу катталды. ИСНА маалымат агенттиги 19-февралда жазганына караганда, саламаттык сактоо министри Киянуш Жаханпур илдетти жугузуп алган деп шектелген бир нече кишинин анализдери текшерилгенде экөөндө вирус бар болуп чыкканын билдирди. Министр дагы бир нече тесттин жыйынтыгын күтүп жатышканын, даяр болору менен маалымат берилерин кошумчалады. Маалыматка караганда, вирус табылган Ком чөлкөмүнө адистер жөнөтүлдү. Читать дальше...

Адвокат: Атамбаевдин кан басымы төмөндөп кетти

Azattyk.org 

Учурда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөө абагында жаткан мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин саламаттыгы начар экенин анын адвокаты Замир Жоошев "Азаттыкка" кабарлады. Анын айтуусунда, 18-февралдагы жолугушууда Атамбаев кан басымы төмөн болуп жатканына даттанган: "Жолукканыбызда ал мага кан басымы 76/60ка түшүп калганын айтты. Өткөн жумада 90/60 болуп жаткан. Дарыгерлер күн сайын анын кан басымын текшерип, бизге маалымат берип турчу. Акыркы күндөрү бизден жашырып жатышат". Читать дальше...

Тажикстан генералдын сөзүнө түшүндүрмө берди

Azattyk.org 

Украинанын чыгышындагы жаңы ок атышуу беш адамдын өмүрүн алды. Ооганстандагы президенттик шайлоодо президент Ашраф Гани кайра жеңгени жарыяланды. Тажикстандын тышкы иштер министри тажик генералынын Кыргызстандын Баткен облусу тууралуу сөздөрүн анын "жеке пикири" деп мүнөздөдү.

Блогер Сыдыманов абакта катаал мамиле болбогонун билдирди

Azattyk.org 

Блогер Элмирбек Сыдыманов тергөө абагындагы шартка нааразылыгы жок. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Кыйноого каршы улуттук борбордун директору Нурдин Сулайманов билдирди. Анын айтымында, мекеменин кызматкерлери Сыдыманов менен 19-февралда жолугуп чыгышты: - Өзү менен жолугуп чыгышты балдар. Эч кандай адамкерчиликсиз мамиле, кыйноо болбогонун айтты. Сулайманов кошумчалагандай, блогер отурган камерада дагы эки киши бар. Сыдыманов аймак аралык кастыкты козутуу боюнча шектүү катары эки айга Бишкектеги №1 тергөө абагына камалды. Читать дальше...

Эгиз балалуу эненин өлүмү териштирилет

Azattyk.org 

Бишкекте Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталда 19 жаштагы келин каза болду. Маркумдун жакындары анын өлүмүнө дарыгерлерди айыптап жатышат.



Кыргызстан Кытайга гумжардам жөнөттү

Azattyk.org 

Кыргызстан коронавирус эпидемиясына байланыштуу Кытайга гуманитардык жардам жөнөттү. Бул тууралуу 19-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, жүк кытай тараптын суроо-талабына ылайык даярдалды. Жети тоннанын тегерегинде антисептикалык жана зыянсыздандыруучу каражаттар, медициналык бет каптар жүктөлгөн машина “Торугарт” көзөмөлдөө өткөрмө пунктуна чейин жеткирилип, Кытай тарапка өткөрүлүп берилди. Соңку маалымат боюнча, Кытайдан тышкары 25 өлкөдө катталган коронавирус 74 миң адамга жукту... Читать дальше...

Казак бийлигине каршылар кыймыл түздү

Azattyk.org 

Казакстанда бийликке жана сотторго нааразылыгын ачык айтып чыккандардын катары калыңдай баштады. Нур-Султан шаарында 22-февралда ири митинг өтөрү да күтүлүп жатат.

Эрдоган: Идлибде чабуул токтобосо, аскердик операция башталат

Azattyk.org 

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Сириянын президенти Башар Асаддын күчтөрү чегинбесе, Идлиб аймагында аскердик операция баштай турганын эскертти. Орус авиациясынын колдоосу менен уланып келаткан чабуулдан миңдеген киши жер которууга аргасыз болуп, качкындар кризисинин жаңы толкунун пайда кылды. Шаршембиде депутаттар алдында сүйлөгөн Эрдоган Орусия менен сүйлөшүүлөр Анкаранын талаптарына жооп бербей жатканын белгиледи. Президенттин айтымында, баасы кандай болсо да, Түркия Идлибди коопсуз тилкеге айландыруу оюнан кайтпайт. Читать дальше...

Коронавирус базар баасын көтөрдү

Azattyk.org 

Кыргызстандан Кытайдын товары кездешпеген базарды элестетүү кыйын. Кийим-кече, буюм-тайымдан баштап Кытайдан ташылат. Кытайдын Ухань шаарында чыккан жугуштуу эпидемияга байланыштуу кыргыз-кытай чек арасы жабылганына бир айга жакын убакыт болду. Буга байланыштуу базарда айрым товарлардын тартыштыгы сезиле баштады.

Казакстанда жаңы партияны түзүүчү топ тоскоолдук болуп жатканын билдирди

Azattyk.org 

«Казакстан демократиялык партиясын» түзүүнү көздөгөн топтун мүчөсү Жанболот Мамай партияны уюштуруучу курултайдын ордуна тарапташтарын митингге чыгууга үндөдү. Мындай билдирүүнү Мамай 19-февралда «чукул басма сөз жыйынында» жасап, демилгечи топ катуу кысымга туш болуп жатканын белгиледи. «Биз көчөгө чыгып, бийликтен демократиялык партияны каттоодон өткөрүүнү талап кылышыбыз керек. Башка аргабыз калган жок», - деди саясатчы. Мунун алдында 22-февралга пландалган курултайга катышуу үчүн партиянын... Читать дальше...

Ливия өкмөтү тынчтык сүйлөшүүлөрүнөн чыгарын эскертти

Azattyk.org 

Ливиянын Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) тааныган өкмөтү атышпоо тууралуу макулдашуу кайрадан бузулганын, андыктан Женевадагы тынчтык сүйлөшүүлөрүнө катышпай турганын билдирди. Анын алдында өлкөнүн чыгышындагы аскердик күчтөр баш калаа Триполинин портуна сокку урушкан. Улуттук биримдик өкмөтү эгер «агрессорго» катаал чара көрүлбөсө, БУУнун ортомчулугу менен өтүп жаткан сүйлөшүүлөргө катышпай турганын 18-февралдагы билдирүүсүндө эскертти. Триполини көзөмөлдөгөн бул өкмөт өлкөнүн чыгыш аймактарын колуна... Читать дальше...

Футбол: «Нефтчи» командасы «Хужандды» 1:0 эсебинде утту

Azattyk.org 

Азия футбол конфедерациясынын кубогунун оюндарынын алкагында «Нефтчи» командасы 19-февралда Тажикстандын «Хужанд» футбол командасы менен таймашып, 1:0 эсебинде жеңишке жетишти. Оюндун 51- мүнөтүндө дарбазага голду Александр Игнатенко киргизди. Футболдук таймаш Жалал-Абад шаарындагы «Курманбек» стадионунда өтүп, аны көрүүгө 1100дөн ашык көрүүчү келди. 26-февралда эки команда Дүйшөмбү шаарында кайрадан оюн талаасына чыгышат.   5-февралда Түркмөнстандын «Ахал» командасы «Нефтчи» менен болгон мелдешке... Читать дальше...

Донбасста кайрадан ок атылды

Azattyk.org 

Украинанын чыгышындагы соңку жагдай туурасында Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму (ЕККУ) кабатырлыгын билдирди.

Түркияда ишкер Кавала бир иш боюнча акталып, кайра камакка алынды

Azattyk.org 

Түркияда сот 2013-жылдагы нааразылык акцияларына катышкан 9 активистти актады. Айыпталгандардын бири гана – Осман Кавала өкүм чыккыча түрмөдө отурду. Бирок аны актаган өкүм чыгары менен дагы бир айып коюлуп кайра камакка алынды. Бул ирет ишкер 2016-жылдагы мамлекеттик төңкөрүш аракетине катышкан деп күнөөлөнүп жатат. Кавала 2017-жылы кармалган.  2013-жылы Стамбулдагы Гези паркына имараттарды тургузуу долбооруна каршы акциялар, жүрүштөр тынбай өткөрүлүп келген. Экологиялык кыймыл саясий ураандар менен коштолгон. Читать дальше...

Абылгазиев: Логистикалык борбор ушак менен фейк маалыматтын айынан курулбай калды

Azattyk.org 

Кыргыз өкмөтү Ат-Башыда логистикалык борбордун курулбай калышына нарындыктарга сырттан таңууланган, алардын кызыкчылыгына каршы келген пикирлер себеп болду деп эсептейт. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 19-февралда ишкерлик түзүмдөрдүн жана донор уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушууда айтты. Өкмөт башчы белгилегендей, мындай пикир жалган, ушак жана фейк маалымат таратуу аркылуу кызуу жайылтылды. «Мындай ири инвестордун кетишине биринчи кезекте ири долбоорлорду экономиканын... Читать дальше...

Крымдык журналист Семена жарым аралдан белгисиз убакытка кетти

Azattyk.org 

«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун украин кызматы менен кызматташкан крымдык журналист Микола Семена Симферополдогу абактан бошотулуп, Киевге барды. 2017-жылы ага жикчилдик боюнча айып коюлуп, эки жарым жылга шарттуу кесилген жана 3 жылга коомдук ишмердик жүргүзүшүнө тыюу салынган. 14-январда Крым соту Семенанын жаза мөөнөтүн кыскартуу жана соттолгондугун жоюу жөнүндө чечим чыгарган. Журналист аннексияланган жарым аралдан белгисиз убакытка кетип жатканын айтып, «Украинанын бир бөлүгү оккупацияланган... Читать дальше...


Музыкальные новости
МакSим

МакSим о выступлении Трусовой под песню «Отпускаю»: «Как же мне приятно! Какой номер! Какой характер у этой девочки!»





Персональные новости
Локомотив

Легионер "Локомотива" Ньямси: в Москве жизнь дешевле, чем в Париже





Жээнбеков расмий сапар менен Венгрияга барат

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков быйыл апрель айында расмий сапар менен Венгрияга барат. Эки тараптуу кызматташтык маселелери 19-февралда Бишкекте Жээнбековдун Венгриянын тышкы иштер жана соода министри Петер Сийярто менен жолугушуусунда талкууланды. Министр венгер тарап Борбор Азия өлкөлөрү, анын ичинде Кыргызстан менен мамилесин өнүктүрүүгө артыкчылыктуу маани берерин билдирди. Ал Жээнбековдун сапары кызматташтыкты стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине алып чыгууга өбөлгө түзөрүн айтты. Жээнбеков... Читать дальше...

Карачиде кеминде 14 киши болжол менен газга ууланып өлдү

Azattyk.org 

Пакистандын Карачи шаарынын бийлиги кеминде 14 киши зыяндуу газга ууланып өлгөнүн билдирди. Дагы жүздөгөн киши жакшы дем ала албай, көздөрү ачышканын айтып ооруканаларда дарыланууда. Камари районунун жетекчилиги жергиликтүү жашоочулар 16-февралдан бери өздөрүн жаман сезе башташканын ырастоодо. «Associated Press» агенттиги ооруканадагы дарыгерлерге шилтеме кылып маалымдагандай, ушу тушка чейин 650дөй киши жардам сурап кайрылган. Ал райондогу элди башка жерге көчүрүү пландалууда. Бийликтин маалыматына ылайык... Читать дальше...

20-февралга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

20-февралда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын жаабайт. Түштүк-чыгыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн -6…-11, күндүз 3…8; Таласта түнкүсүн -7…-12, күндүз 2…7; Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн -3…-8, күндүз 4…9; Ысык-Көлдө түнкүсүн -5…-10, күндүз 1…6; Нарында түнкүсүн -13…-18, күндүз 0…-5; Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -21…-26, күндүз -5…-10 градус болот. Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -6…-8... Читать дальше...

Өзбекстан чек арада кармалган 13 кыргызстандыкты кое берди

Azattyk.org 

Өзбекстан кыргыз-өзбек чек арасында кармалган 13 кыргызстандыкты кое берди. Бул тууралуу Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди. Мекеменин басма сөз кызматы тараткан кабарда эки өлкөнүн чек арачыларынын сүйлөшүүсү өткөнү, ошонун натыйжасында алар кыргыз тарапка өткөрүлүп берилгени айтылат. Кадамжай районунун Өзбекстан менен чектеш Чекелик айылынын чек арага жакын жеринен Кыргызстандын 13 жаранын Өзбекстандын чек арачылары кармап кеткенин жергиликтүү тургундар «Азаттык» радиосуна билдиришкен. Читать дальше...

Ооганстанда Абдулла өз өкмөтүн түзөрүн жарыялады

Azattyk.org 

Ооганстандын аткаруу бийлигинин башчысы Абдулла Абдулла президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгын тааныган жок. Жетекчи 18-февралда басма сөз жыйынын өткөрүп, «биз жеңүүчүбүз жана өз өкмөтүбүздү жарыялайбыз» деп билдирди. Андан бир аз мурда Көз каранды эмес шайлоо комиссиясы 28-сентябрда өткөн шайлоодо 50,64% добуш менен президент Ашраф Гани экинчи мөөнөткө шайланганын жарыялаган. Абдулла Абдулла 39,5% көрсөткүч менен экинчи орун алганы белгилүү болгон. Шайлоонун расмий жыйынтыгын жарыялоо бир нече жолу жылдырылган. Читать дальше...

Сурков орус президентинин жардамчысынын кызматынан кетти

Azattyk.org 

Орусиянын президенти Владимир Путин Владислав Сурковду президенттин жардамчысынын кызматынан бошотту. Бул тууралуу Кремлдин басма сөз кызматы маалымдады. Мамлекет башчынын тиешелүү буйругу расмий сайтка чыкты жана дароо күчүнө кирди. Буга чейин Саясий конъюнктура борборунун директору Алексей Чеснаков Украина саясатынын багыты өзгөрүп жаткандыктан, Сурков мамлекеттик кызматтан кеткенин айткан. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Украина маселелери менен эми президенттик администрацияда... Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

«Торпедо» объявило об уходе хоккеистов Кручинина, Бауи и Малова


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
WTA

Мирра Андреева обыграла Вондроушову в третьем круге турнира WTA в Мадриде


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

6 городов России, где можно увидеть белые ночи кроме Санкт-Петербурга





Путин в России и мире
Москва

Пашинян подготовил "подарок" Путину к его инаугурации. Запад будет доволен


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

«Набей им морду, покажи им, что ты настоящий белорус». Лукашенко о поездке спортсменов на Олимпиаду




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Цинизм зашкалил: Елена Зеленская повеселилась в Киеве с герцогиней Эдинбургской


Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Певица

Певица из Челябинска разбила телефоны своих фанатов в Москве



Москва

Электромобиль Илона Маска Tesla Cybertruck впервые замечен в России

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net