Эрдоган: Идлибде чабуул токтобосо, аскердик операция башталат
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Сириянын президенти Башар Асаддын күчтөрү чегинбесе, Идлиб аймагында аскердик операция баштай турганын эскертти. Орус авиациясынын колдоосу менен уланып келаткан чабуулдан миңдеген киши жер которууга аргасыз болуп, качкындар кризисинин жаңы толкунун пайда кылды. Шаршембиде депутаттар алдында сүйлөгөн Эрдоган Орусия менен сүйлөшүүлөр Анкаранын талаптарына жооп бербей жатканын белгиледи. Президенттин айтымында, баасы кандай болсо да, Түркия Идлибди коопсуз тилкеге айландыруу оюнан кайтпайт. "Анкара Идлибди Асадга калтырып койбойт", - деди Эрдоган.
Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Москва андай операцияга каршы экенин, бирок Орусия менен Түркия Идлибдеги кырдаалдын курчушун алдын алуу үчүн байланышып турушканын айтты.
Ал тапта Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Москва менен Анкаранын 17-18-февралдагы сүйлөшүүлөрү макулдашуусуз аяктаганын билдирди.
2011-жылдан бери уланып келаткан Сириядагы жарандык согушта Орусия президент Башар Асадды, Түркия болсо режимге каршы көтөрүлгөн козголоңчу топторду колдоп келатышат.