Визалык чектөөлөр, Вашингтондун талабы
АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу Вашингтон киргизген визалык жана миграциялык чектөөлөрдүн маңызын кеңири чечмелеп берип, аны чечүү жолдору тууралуу "Азаттык" радиосу менен маектешти.
АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу Вашингтон киргизген визалык жана миграциялык чектөөлөрдүн маңызын кеңири чечмелеп берип, аны чечүү жолдору тууралуу "Азаттык" радиосу менен маектешти.
АКШ Кыргызстанга эки багыт боюнча 11 талап койгонун Тышкы иштер министрлигинин Үчүнчү саясий департаментинин Америка жана Батыш Европа бөлүмүнүн башчысы Руслан Бекболотов билдирди. Анын тогузу - терроризм жана коопсуздук маселелерине байланыштуу маалымат алмашуу талабы. Калган экөө биометрикалык паспортко байланыштуу экенин ТИМ өкүлү "Азаттыктын" "Биз жана Дүйнө" телеберүүсүндө маек куруп жатып айтты: “Биз буга чейин АКШ элчилигинин кызматкерлери, элчи менен жолукканда алар белгилеп кетишкен, бул... Читать дальше...
АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу Вашингтон киргизген визалык жана миграциялык чектөөлөрдүн маңызын кеңири чечмелеп берип, аны чечүү жолдору тууралуу "Азаттык" радиосуна маек курду.
Түркиянын Сабиха Гөкчен аэропортуна конуп жаткан маалда кырсыктаган учак экиге бөлүнүп кетти. Түркиянын транспорт министри Мехмет Жахит Турхан учакта 177 жүргүнчү болгонун, кырсыкта каза болгондор жок экенин билдирди. Түркиялык медианын кабарлашынча, "Pegasus Airlines" компаниясынын учагы 5-февралда түштөн кийин ички каттамды аткарып, Измирден Стамбул шаарына учуп келген. Ал тапта Сабиха Гөкченге конушу керек болгон учактар Стамбул аэропортуна жөнөтүлүп жатканы белгилүү болду.
Вирус алгач ирет Кытайдын Ухань шаарында былтыр декабрда табылган. Аны жуктургандар адегенде тамагы ооруп, жөтөлөт. Өтүшкөндө өпкөнү сезгентет. Ушул тапта кеминде 23 өлкөдө вирусту жугузуп алгандар катталды. Жалпы чалдыккандардын саны 23 миңден ашты.
Иран палестиналык куралдуу күчтөргө мүмкүн болгон жардамды көрсөтөрүн өлкөнүн жогорку лидери аятолла Али Хаменеи шаршембиде билдирди. Ал Израил менен Палестинанын ортосунда тынчтык орнотуу үчүн Кошмо Штаттар сунуштап жаткан планды четке кагууга чакырды. «Палестиналык куралдуу уюмдар каршылыкты улантарына ишенебиз. Ошондой эле Иран палестиналыктарды колдоону өз милдети катары көрөт» деп айтылат Хаменеинин расмий сайтына жарыяланган билдирүүдө. Өткөн айда АКШнын президенти Дональд Трамп Жакынкы Чыгыш боюнча тынчтык планын жарыялаган. Читать дальше...
Түркиянын Ван провинциясында кар көчкү кеминде 38 адамдын өмүрүн алды, 50 адам жаракат алышкан. Дагы бир топ адам кар камоосунда калган болушу ыктымал, так саны белгисиз. Кырсык 5-февралда өлкөнүн Иран менен чектешкен Ван провинциясынын Бахчесарай шаарына жакын жердеги жолдо болгон. Ал учурда куткаруучулар андан бир күн мурдагы көчкүдөн кийин дайынсыз кеткен эки кишини издеп жатышкан. Анда табигый апааттан беш кишинин өмүрү кыйылган эле. Кар жаап, катуу шамал уруп, туман түшкөн учурда издөө иштерин татаалдантууда.
Кыргызстанда саясий партиялар жергиликтүү жана парламенттик шайлоого даярдыкты баштады. Бирок шайлоону өткөрүү боюнча мыйзамдар толугу менен кабыл алынып бүтө элек. Мындай шартта парламенттик шайлоону ачык-айкын өткөрүүгө бийлик, парламент жана жарандык коом кандай аракеттерди көрүшү керек? Талкууга парламенттин депутаттары Алтынбек Сулайманов, Жанар Акаев, Курманкул Зулушев, жарандык активист Динара Ошурахунова жана БШКнын мурдагы төрагасы Акылбек Сариев катышты.
Акыркы эки күндүн ичинде эле Каракол шаардык паспорттук стол 300дөн ашуун жаранды каттоого тургузду. Бул Каракол шаарында апрелде өтө турган жергиликтүү кеңешке шайлоого байланыштуу экени айтылды.
5-февралда «Азаттыктагы» маегинде АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу АКШнын элчилигине белгисиз жүк келди деген сөздөрдү жалган маалымат деп билдирди. Дональд Лу “бул маалымат Москванын тролдору таратылган жалган маалымат” – деди. “Мен азыр баса белгилеп айткым келет, бул маалымат Москванын тролдору тарабынан таратылган жалган маалымат. Биз чындап эле аэропорттон тынымсыз ар кандай жүктөрдү алып турабыз. Аны танып кереги жок. Биз ичинде акча катылган баштыктарды албайбыз. Андай болсо мен кабардар болот элем го. Читать дальше...
Билим берүү кызматкерлеринин эмгек акысын эсептөөнү автоматташтырууга өткөрүү үчүн райондук жана шаардык билим берүү мекемелеринин бухгалтерия кызматкерлери окуудан өтүп жатат. Бул тууралуу Билим жана илим министрлигинен кабарлашты. Жаңы система - эмгек акыны кол менен эсептөөнү токтотуп, финансылык тартипти бузуу көрүнүшүн азайтат. Министрлик бухгалтердик эсепти так жүргүзүүгө жана негизсиз маяна алып жүргөндөрдү ачыкка чыгарууга жол ачарын белгиледи. Башкача айтканда, мугалим мындан ары эмгегине жараша маяна алат. Читать дальше...
Түндүк Македониянын президенти Стево Пендаровски өлкөнүн НАТОго кирүүсүнө жол ачкан жараян мартка чейин аяктап калат деп ишенерин билдирди. Пендаровски Польшадагы сапары учурунда белгилегендей, иш өз жолу менен кетсе, 10-марттын айланасында жараян аягына чыгышы керек. Мурдагы Югославиянын бир жумурияты - НАТОнун дагы бир мүчөсү болуп калмакчы. Тиешелүү протоколго былтыр февралда кол коюлган. Кошуна Греция менен талаштан улам өлкө аталышын Македониядан Түндүк Македония кылып өзгөрткөн. Блокко... Читать дальше...
4-февралда Кыргызстандын АКШдагы элчиси Болот Отунбаев АКШ президентинин жардамчысынын орун басары, улуттук коопсуздук кеңешинин түштүк жана Борбор Азия боюнча жетекчиси Лиза Кертис менен жолушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги маалымдады. Тышкы саясат мекемесинин кабарлашынча, Лиза Кертис АКШнын иммиграциялык визалар берүүсүн чектеген өлкөлөрдүн катарынан Кыргызстанды чыгаруу боюнча бирге ишти алып барууга даярдыгын билдирген. Тараптар маселени чечүү жолдорун талкуулашты. 31-январда... Читать дальше...
Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов жаңы шаардын курулушу үчүн чет өлкөдөн жабдыктарды жана материалдарды сатып алууга 1,5 миллиард доллар бөлүүнү буюрду. Бул тууралуу мамлекеттик маалымат каражаттары кабарлап жатышат. Азырынча ат коюла элек шаар өлкө түштүгүндөгү Ахал вилаетине курулары күтүлүүдө. Өткөн жылдын июнь айынан бери бул вилаетти президенттин уулу, 38 жаштагы Сердар Бердымухамедов жетектеп келет. Аны айрым талдоочулар президент Бердымухамедовдун мураскери болот деп болжолдошот. Читать дальше...
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 2019-жылдын аягында эл аралык террористтик уюмдун катарына өтүү үчүн Сирияга кетип кайра кайтып келген 24 жаштагы кыргыз жараны кармалганын маалымдады. Атайын кызматтын маалыматында, шектүү эл аралык террористтик топтун тапшырмасы менен Кыргызстанда радикализмди жайылтуу үчүн келген. Бул факт сотко чейинки өндүрүштүк материалдын негизинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, кармалган адам УКМКнын тергөө жайына киргизилди. Учурда ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат. Читать дальше...
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет “бардык телефондук сүйлөшүүлөр жана социалдык тармактардагы билдирүүлөр жазылып алынууда” деген кабар чындыкка жатпасын билдирди. Аталган орган бул кабар жалган экенин кабарлап, аны тараткандарды аныктоо, текшерүү иштери жүрүп жатканын кошумчалады. Атайын кызмат жалган маалымат тараткандар мыйзам чегинде кылмыш жоопкерчилигине тартыла турганын эскертти. (TSh)
Өкмөт башчы орун басарларынын милдеттерин кайра бөлүштүрдү. Вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдон ЕАЭБ иштери боюнча милдеттер алынды.
Дүйшөмбү шаарынын соту журналист Далер Шарифовду камакта калтырды. Адвокаттары аны тергөө аяктагыча бошотууну өтүнүшкөн. 30-январда журналистке улут жана дин аралык кастыкты козуткан деген айып менен иш козголуп, эки айга кармалган. Башкы прокуратура Шарифов 2013-2019-жылдары "экстремисттик мазмундагы 200дөн көп макала жарыялаган, диний жек көрүүнү козуткан" деп ырастоодо. Аталган орган журналистти жашыруун типографияда өлкөдө тыюу салынган "Мусулман агайындар" кыймылынын идеяларына үндөш мыйзамсыз трактат чыгарган деп айыптады. Читать дальше...
Башкы прокуратура эки жыл мурда кылмыш иши козголгон соң өлкөдөн чыгып кетип, кийин сыртынан 10 жылга кесилген мурдагы вице-премьер Аскарбек Шадиевдин мүлкү боюнча маалымат таратты. Башкы көзөмөл органдын кабарлашынча, мурдагы вице-премьер Аскарбек Шадиевге козголгон кылмыш иштин алкагында камакка алынган “Карвен – четыре сезона” ишканасынын уставдык капиталынын 33,33% үлүшүн жана мүлкүн камактан чыгарууну өтүнүп, Саадат Шадиева Биринчи май райондук сотуна кайрылган. 2019-жылдын 19-июль айында... Читать дальше...
Талас шаарында 5-февралда “Жерүй көйгөйү жана чечүү жолдору” деген аталышта талкуу өттү. Ага өкмөттүн облустагы өкүлү Марат Мураталиев, инвестор компаниянын кызматкерлери, жарандык активисттер жана жергиликтүү тургундар келди.
Кыргызстанда эпидемиологиялык абал туруктуу, коронавирус жуктургандар катталган жок. Бул тууралуу 5-февралда Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, учурда ооруканаларда доктурлардын көзөмөлүндө 52 адам турат. Мындан тышкары, 295 адам жашаган жери боюнча медициналык көзөмөлдө. Баарынын абалы туруктуу. Зарыл болсо жаткырганга ооруканаларда 280 орун даярдалып коюлган. Алардын 100ү «Торугарт», 100ү “Эркеч-Там” бекеттеринде, «Манас» аэропортунда 50, Оштун аэропортунда 30 орун. Читать дальше...
Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев эгер өкмөт аэропортторду башкара албаса, кызматтан кетиши керек деп эсептейт. Мындай пикирин ал 5-февралда парламенттин жалпы жыйынында айтты. - Жакында өкмөт башчынын биринчи орун басары “Аэропортту өкмөт башкара албайт, мамлекет башкара албайт, ошондуктан башка инвесторго бергенибиз туура” деп айтты. Мен эстетип коеюн, мамлекет бул премьер эмес, вице-премьер эмес. Башкара албаса кызматты тапшырсын. Атайын Мамлекеттик мүлк фонду бар. Алар да кетсин иштей албаса. Читать дальше...
Быйыл парламенттик шайлоо менен катар Кыргызстанда мамлекеттик башкаруу формасы боюнча референдум өткөрүү сунушу берилгени жатат. Бул тууралуу 5-февралда “Азаттыктын” эфиринде Жогорку Кеңештин депутаты Курманкул Зулушев билдирди. Депутат бул сунушун жакын арада коомдук талкууга коёрун айтты. Анын белгилешинче, референдумга Кыргызстанга башкаруунун кандай түрү, парламенттикпи же президенттикпи деген маанидеги суроо коюлат: - Башкарууну эл тандашы керек. Референдум өткөрүү боюнча коомдук талкууга коём. Читать дальше...
Конгресстеги Өкүлдөр Палатасынын спикери Нэнси Пелоси президент Дональд Трамптын кайрылуусу жазылган кагазды айрып салды. Бул учурда Трамп өзү кызматка келгенден кийинки өлкөдөгү жетишкендиктер тууралуу элге кайрылуусун аяктап калган. Андан мурдараак президент залга кирип келип, протоколго ылайык кайрылуусу жазылган документтин бир көчүрмөсүн берип жатып спикер айымдын сунган колун албай, учурашпай койгон. Пелоси кийинчерээк документти эмне үчүн айрып салганын сураган журналистке “Ыктымал... Читать дальше...
Жалал-Абаддын Ноокен районунда 10 жаштагы кызды зордуктоого шектүү катары ушул эле райондун 20 жаштагы тургуну кармалды. Облустук милициянын маалыматы боюнча, кылмышка шектүүнүн үйүндө тинтүү жүргүзгөндө жаш кыздардын ич кийимдери да табылган. Шектүүнүн баш коргоо чарасы каралып, эки айга камакка алынды. Милициянын маалыматына ылайык, 28-январда жергиликтүү тургун 10 жаштагы кызын бейтааныш киши зордуктап койгонун айтып, Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнө кайрылган. Кайрылган адам окуя кызы кечки... Читать дальше...
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
123ru.net — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.