Лондондо жайкын тургундарга кол салган киши атып өлтүрүлдү
Улуу Британиянын баш калаасы Лондондун түштүк бөлүгүндө полиция жөн-жай тургундарга бычак менен кол салган бир кишини атып өлтүрдү. Британ полициясы бул окуянын террорчулукка байланышы болушу мүмкүн экенин билдирди. Стретем аймагында жекшемби күнү түш оой орун алган кол салуудан бир нече адам жараат алганы кабарланды. "Азырынча бир нече адам бычакталды деген маалымат бар. Окуянын чоо-жайы такталып жатат", - деп билдирди Лондон полициясы "Твиттердеги" барагы аркылуу. Күбөлөр үч жолу ок атылганын угушканын айтып жатышат. Читать дальше...