«Мен коррупцияга каршымын!»: жеңүүчүлөр аныкталды
«Азаттык» радиосу окурмандар арасында жарыялаган «Мен коррупцияга каршымын!» аттуу сынагынын жеңүүчүлөрүн аныктады.
«Азаттык» радиосу окурмандар арасында жарыялаган «Мен коррупцияга каршымын!» аттуу сынагынын жеңүүчүлөрүн аныктады.
Эркин күрөштөн Азия чемпиондору Улукбек Жолдошбеков жана Арсалан Будажапов Бишкекке келишти. Балбандарды “Манас” аба бекетинен күйөрмандары, достору жана жакындары тосуп алышты. Улукбек Жолдошбеков 61 килограммга чейинки салмакта, Арсалан Будажапов 79 килограммга чейинки салмакта Азия чемпионатынын алтын медалын утту. Спорттук күрөш боюнча чоңдор арасында Азия чемпионаты Индиянын Нью-Дели шаарында өтүп, кыргыз балбандары жалпы 2 алтын, 3 күмүш, 6 коло байге утушту.
Лондондо Жулиан Ассанжды Вашингтонго өткөрүп берүү боюнча сот башталды. «Wikileaks» сайтынын 48 жаштагы негиздөөчүсүнө АКШда 18 айып коюлуп жатат. Анын ичинде тыңчылык боюнча айып бар. Бирок Ассанж өзү да, анын адвокаттары да АКШга өткөрүп берүүгө каршылыгын билдирип жатышат. Алардын жүйөсүнө караганда Ассанж Кошмо Штаттарда адилеттүү соттолбойт. Ассанж 2010-жылы Пентагондун жана Мамлекеттик департаменттин жашыруун аскердик жана дипломатиялык документтерин ачыкка чыгарып салган. «WikiLeaks» сайтында... Читать дальше...
Германиянын Фолькмарзен шаарында уюштурулган карнавалга чогулгандарды машине сүзүп, он киши жарадар болду. “Мерседес” үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу камалганын полиция билдирди. Азырынча ал бул ишке атайлап барганы же кокустан болгон кырсык экени белгисиз. HNA агенттиги күбөлөрдүн сөздөрүнө таянып, “айдоочу атайлап “газды толук басып” балдарды сүзгөндөй” деп жазды. Жабыркагандардын арасында балдар бар. Окуя болгон жерде куткаруучулар иштеп жатышат. 20-февралга караган түнү Германиянын Ханау шаарында куралчан адам туш келди ок атып... Читать дальше...
Жапония, Түштүк Корея, Ирандан тышкары Италия жана башка оору күч алган мамлекеттерден келген жарандар Кытайдан келгендер менен катар эле карантинге алына баштады. Мындай чара Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун жаңы талабына байланыштуу киргизилгени 24-февралда өкмөттө коронавирустун алдын алуу штабынын жыйынында маалымдалды. Штабдын маалыматына караганда, учурда Кыргызстанда коронавируска чалдыккандар жок. Медициналык мекемелерде 143 адам көзөмөлдө, ал эми 391 адамга жашаган жериндеги медициналык кызматкерлер көз салып турушат. Читать дальше...
Азербайжан менен Армения чек арадагы ок атышпоо режими бузулганы үчүн бири-бирин айыптап жатышат. Азербайжандын чек ара кызматы 24-февралда билдиргендей, Газах районундагы атышууда армяндардын огунан бир жоокер мүрт кетти. Ал эми Армениянын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы армян жоокер жеңил жараат алганын билдирди. Тоолуу Карабак чатагынын айынан эки тараптын ортосундагы жаңжал маал-маалы менен чыгып турат. 1988-жылдан тартып эки өлкөнүн ортосунда дипломатиялык алака-катыш жок. 1990-жылдардын... Читать дальше...
Түштүк Кореяда, Италияда жана Иранда коронавирустан жабыркагандар көбөйгөнүнө байланыштуу илдет пандемияга айланышы мүмкүн деген кооптонуу күч алды. Укук коргоочулар 22-февралда Казакстандын бир нече шаарында 300дөн көп киши кармалганын маалымдашты.
Кыйчалыш маалда ойготкуч акыны болгон элдин келечеги бар. Кыргызстандын Ички Теңир-Тоосунун койнунда, Ат-Башы жергесинде 1950-жылы 23-февралда туулган Кыргыз Эл акыны, журналист Шайлообек Дүйшеевдин 70 жылдык мааракесине арналган тасманы сунуш кылабыз. Тасмада акындын замандаштары анын "Агындылар" китебинен үзүндүлөрдү окуп беришти.
Оштогу Т-Медианын кабарчысы Самара Парпиева Ош шаарындагы №67 «Мөл-Булак» балдар бакчасынын мурдагы жетекчиси тарабынан коркутууларга кабылганын маалымдоодо. Журналисттин "Азаттыкка" билдиргенине караганда, коркутуулар бала бакчадагы абал тууралуу программа эфирге чыгарылган 14-февралдан тарта уланып келе жатат. Самара Парпиева өзүнө карата Турсунай Касымова доо арыз менен прокуратурага кайрылганын, ага ылайык, 24-февралда прокуратурага чакырылганын кошумчалады. "Менин үстүмөн "программаны... Читать дальше...
Президент Сооронбай Жээнбеков парламенттик демократияны өнүктүрүүдө партиялардын ролун белгилеп, партиялык тизме түзүп, депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүдө партия башчыларынын өзүм билемдигине жол бербөөгө басым жасады.
Көлдүк Бахтияр Кимузаев төрт жылдан бери шал менен ооруган балдарга жардам берип келатат. Майыптыгына карабастан ал кыймыл-аракет менен дарылоо курстарын окуп, андан тышкары Бишкектеги медициналык коллежди да бүтүргөн.
“Бир бол” партиясынын жана Жогорку Кеңештеги аталган фракциянын лидери Алтынбек Сулайманов коалициялык көпчүлүктүн мамлекетти башкаруудагы жоопкерчилиги, өксүгү, коррупциянын тамыр жайышынын, парламенттин сынга кабылышынын себептери өңдүү суроолорго “Азаттыктын” 2х1 форматында жооп берди.
Прага шаардык кеңеши Орусиянын элчилиги жайгашкан аймактагы аянтка орус опозициячыл саясатчысы, маркум Борис Немцовдун ысымын берүү тууралуу сунушту колдоду. Аянттын аталышы расмий 27-февралда, Немцовду атып кетишкен күндүн беш жылдыгына карата алмаштырылат. Кеңеш тараткан билдирүүдө «бул кадамы менен Прага Орусиядагы саясий кырдаалдын оорлошуп кеткенин баса белгилеген башка мегаполистерге кошулат» деп жазылат. Сунушту кеңештеги бардык партиялар колдошту. 2018-жылдын февраль айында Вашингтондогу... Читать дальше...
Кыргызстанга үчүнчү өлкөлөр аркылуу Кытайдан акыркы төрт жумада 1 356 адам келди, анын 363ү кытайлар. Коронавируска байланыштуу өлкөдө 141 киши дарыгерлердин көзөмөлүндө турса, алардын 61и кытай жараны экени маалым болду.
21-22-февралда кыргыз-тажик чек арасы боюнча эки тараптуу өкмөттүк жумушчу топтун жолугушуусу өттү.
Малайзиянын премьер-министри, 94 жаштагы Махатхир Мохамад кызматтан кетүү арызын падышага тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн кеңсеси 24-февралда билдирди. Өткөн дем алыштарда бийликтеги коалициянын айрым мүчөлөрү менен оппозициялык топтор жаңы өкмөт түзүү тууралуу сүйлөшүү өткөрүшкөн. Алар Махатхирдин мураскери болот деген Анвар Ибрагимдин премьер-министрликке келишин алдын алууну көздөшөт. Эки саясатчы 2018-жылкы шайлоодо жеңип, Малайзиянын бириккен улуттук уюмун бийликтен кулатуу үчүн тандемге биригишкен. Читать дальше...
Тажикстан коронавируска байланыштуу Иран менен аба каттамдарын убактылуу токтотту. Бул тууралуу коңшу мамлекеттин өкмөтүнө караштуу Жарандык авиация агенттигинин жетекчисинин орун басары Азиз Набизода «Азаттыктын» тажик кызматына билдирди. Тажикстан учактары Ирандын Тегеран жана Мешхед шаарларына жумасына эки жолу учуп турушчу. 5-февралда алгачкы ирет Тегеран-Дүйшөмбү-Бишкек каттамы ишке ашкан. «Varesh Airlines» авиакомпаниясына караштуу бул каттам ар дүйшөмбү жүргүзүлөт. Буга чейин Түркия... Читать дальше...
Алты жашар уулунун өлүмүн акыйкат тергелишин талап кылган ата. Гепатиттин эки түрүнөн сактаган эмдөө жана анализдер. Миграциядагы эне өзү гана эмес, баласын да өнөкөт ооруга дуушар кылууда. Уздар сейрек колдонгон ыкма менен өзгөчө сүрөттөрдү жараткан саймачы.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карганбек Самаковдун уулу Кубанычбек Самаковго козголгон кылмыш иш кайра каралат. Жогорку сот анын ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайра карап чыгуу тууралуу арызын канааттандырганын «Азаттыкка» мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. «Жер тилкесин мыйзамсыз трансформациялаган» деп айыпталган Карганбек Самаковду 2017-жылы Бишкектин Октябрь райондук соту Кылмыш-жаза кодексинин «Кылмышка шериктеш болуу», «Коррупция» беренелеринин негизинде 10 жылга эркинен ажыратууга өкүм чыгарган. Читать дальше...
АКШнын президенти Дональд Трамп Индиянын чыгышындагы Ахмедабад шаарына 24-февралда барды. Бул анын мамлекет башчы катары экономикалык кубаты жагынан дүйнөдө бешинчи орунда турган Индиядагы алгачкы сапары. Дүйнөдөгү чоңдугу жагынан экинчи чоң стадионго чогулган 100 миңдей адамдын алдында сүйлөп жатып Трамп Вашингтон менен Нью-Делинин ортосундагы соода байланыштарды бекемдөөгө убада берди. Ал ошондой эле Кошмо Штаттар Индияны «мыкты жана эң коопттуу аскердик техника» менен камсыз кылууга даярданып жатканын... Читать дальше...
Түркиянын Ван аймагындагы жер титирөөдө аймактагы Улуу Памир айылындагы вандык кыргыздар жабыркаган жок. Бул тууралуу «Азаттыкка» айыл башчысы Эйүпхан Кошар билдирди. "Баары тынч, аман-эсен. Жер титирөө бизден 200 чакырымдай алыс аймакта болду. Иран чек арасында жайгашкан башка облуста болду. 23-февраль күнү эртең менен Ван провинциясында катталган жер титирөө тогуз адамдын өмүрүн алган. Алардын үчөө - балдар. Күчү 5,8 баллга жеткен жер титирөөнүн очогу Иран менен чектешкен аймакта жайгашкан. Читать дальше...
Ошто шаардагы алгачкы Шахмат академиясы ачылды. Аны эл аралык деңгээлдеги шахмат калысы Даниял Абдивалиев ачты. Абдивалиев «Азаттыкка» билдиргендей, академия беш жаштан жогорку курактагы 200 баланы окута алат. «Ошко келип турнир өткөргөндө ата-энелер «бизге мектеп ачып берсеңер жакшы болмок. Биз да мелдештерге катышат элек» деп суранып калышты. Буга чейин Бишкекте мектеп ачайын деп ойлоп жүргөм. Ата-энелердин суранычы менен Ошто ачтык», - деди ал. Академияда Орусиянын жана Индиянын үйрөтүү ыкмасы колдонулат. Читать дальше...
Коронавируска байланыштуу Жапониянын жээгинде карантинде турган «Diamond Princess» кемесиндеги төрт казакстандык мекенине кайтарылды. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги 24-февралда кабарлады. «23-февралда Нур-Султан калаасына Токиодон 20 казакстандык келди. Төртөө «Diamond Princess» кемесинин жүргүнчүлөрү. Бардыгы медициналык текшерүүдөн өткөрүлөт», деп айтылат мекеменин маалыматында. Буга чейин Казакстандын Тышкы иштер министрлиги саякат кемесиндеги төрт казакстандык 21-февралда жээкке чыкканын... Читать дальше...
Кыргыз-тажик чек арасы боюнча өкмөт аралык комиссиянын кезектеги жыйынында жер алмашуу маселеси каралган жок. Бул тууралуу «Азаттыкка» өкмөттүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев билдирди. «Өкмөт аралык комиссиянын биздеги жетекчилиги жаңы болду, билесиздер. Алмашуу маселеси өтө татаал. Бир күндө чечилбейт. Дагы карап көрүп, эл менен макулдашкандан кийин айтабыз. Бул жолугушууда алмашуу деген маселе көтөрүлгөн жок», - деди ал. Кыргызстандын жана Тажикстандын вице-премьер-министрлери... Читать дальше...
Түркияда дүйшөмбүгө караган түнү жер экинчи жолу силкинди. Сейсмологиялык борбор кабарлагандай, Иран менен чек арага жакын жайгашкан Ван провинциясында болгон жер титирөөнүн күчү 5,8 баллга жетти. Бул жолу жабыркагандар тууралуу маалымат чыккан жок. Андан мурдараак 23-февраль күнү эртең менен ушул эле аймакта катталган жер титирөө тогуз адамдын өмүрүн алган. Алардын үчөө - балдар. Жабыркагандардын саны 50 кишиге чукулдады. Тогузунун абалы оор экенин Түркиянын саламаттык сактоо министри билдирди. Ванда кыргыздар көп отурукташкан. Читать дальше...
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
123ru.net — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.