Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
Azattyk.org
Февраль
2020

Новости за 20.02.2020

ФИФАнын мурунку баш катчысы Жером Вальке коррупцияга айыпталды

Azattyk.org 

Швейцариянын башкы прокурору дүйнөнүн эң башкы футбол уюму - ФИФАнын мурунку баш катчысы Жером Валькени жана француз ПСЖ футбол клубунун президенти Нассера Ал-Хелаифини коррупцияга айыптады. Бул тууралуу Reuters маалымат агенттиги кабарлады. Сөз Италия жана Грецияда өткөн дүйнө чемпионатын көрсөтүү укугун телекомпанияларга берүүдөгү коррупция тууралуу болуп жатат. Вальке пара алууга, өз бийлигинен пайдаланып жасалма документ даярдаган деп айыпталса, Ал-Хелаифи Валькени азгырып, мыйзамсыз аракеттерге түрткөн деп шектелүүдө. Читать дальше...

Грузия жана Британия Орусиянын чалгын кызматын айыптады

Azattyk.org 

Грузиянын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын Генералдык штабынын Башкы чалгын башкармалыгы – ГРУну былтыр сентябрь-октябрь айларында грузиялык серверлерге коюлган масштабдуу чабуулга жооптуу деп айыптады. Грузиянын тышкы иштер мекемесинин билдирүүсүндө 2019-жылдын 28-октябрында өлкө президентинин, расмий мекемелердин, коммерциялык компаниялардын жана маалымат каражаттарынын сайттары бутага алынган.   «Киберчабуул Грузиянын улуттук коопсуздугуна шек келтирип, өлкөнүн элине, мамлекеттик мекемелердин... Читать дальше...

Дүйнөлүк банк: Кедей өлкөлөргө берилген жардам уурдалууда

Azattyk.org 

Дүйнөлүк банк донордук уюмдар кедей өлкөлөргө берген жардам кандай сарпталганы тууралуу иликтөөсүн жарыялады. Бул документте дүйнөдөгү эң кедей 22 өлкөнүн аты аталган. Арасында мурдагы советтик чөлкөмдөн Кыргызстан жана Армения бар. Иликтөөнүн үстүнөн иштеген үч автордун бири Дүйнөлүк банктын кызматкери. Алар чет өлкөлүк жеңилдетилген насыяларга өзгөчө көз каранды 22 өлкөнү иликтешкен. Изилдөөнүн жыйынтыгында бул өлкөлөр ички дүң өнүмүнүн 1% түзгөн ири каржылык жардамды алаары менен кайра сыртка... Читать дальше...



Казак бийлиги уруксат берилбеген митингге катышуунун жоопкерчилиги тууралуу эскертти

Azattyk.org 

«22-февралда Казакстандын бир нече шаарларында нааразылык митингдери өтөт» деген имиштерди утурлай өлкөнүн Башкы прокуратурасы митингге чыгуунун жоопкерчилиги оор болорун эскертти. Башкы прокурор Булат Дембаев социалдык тармактар аркылуу 22-февралда элди митингге чыгууга чакыргандарды «чагымчылар» деп атады. Ал эми мурунку министр жана банкир Мухтар Аблязов негиздеген «Казакстандын демократиялык тандоосу» кыймылы экстремисттик уюм деп табылганын эскертти:  «Алдын-ала уруксат берилбеген коомдук иш-чарага катышкан ар бир адам кармалат. Читать дальше...

Атамбаевдин саламаттыгы саясатташтыбы?

Azattyk.org 

Камактагы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочулары анын кан басымы төмөн болуп жатканын билдирип, ага дарыланууга мүмкүнчүлүк берилиши керек экенин айтышууда. 20-февралда Бишкек шаардык соту Атамбаевди тергөө абагында калтырды.

Айпери Медет кызы Азия чемпионатында күмүш медаль тагынды

Azattyk.org 

Балбан Айпери Медет кызы спорттук күрөш боюнча чоңдор арасында өтүп жаткан Азия чемпионатынын күмүш медалын тагынды. Ал кыз-келиндер күрөшүнөн 76 килограммга чейинки салмакта финалга чыгып, алтын байге үчүн болгон беттеште жапониялык балбан Хирое Минагава Сузукиге 4:1 эсебинде утулуп калды. Хирое Минагава Азия чемпиону атыкса, Айпери күмүш медалга ээ болду.  Спорттук күрөш боюнча чоңдор арасында өтүп жаткан Азия чемпионаты ушу тапта Индиянын Нью-Дели шаарында өтүп жатат. «Биргелешкен күрөш дүйнөсү»... Читать дальше...

Украина: Ухандан келгендерге каршы нааразылык акциялары

Azattyk.org 

Полтава облусунун тургундары жергиликтүү эс алуу үйлөрүнүн бирине Кытайдын Ухань шаарынан эвакуацияланган жарандардын жайгаштырылышына нааразы. Новые Санжары аймагында эл жолду тосуп, чиркегичтери менен 20дай автоунааны токтотуп салды.   Жолду тазалаш үчүн аймакка аскердик техника киргизилип, полиция менен Улуттук гвардиянын күчтөрү тартылды. Нааразылык акциясына чыккандар менен укук коргоо органдары кагылышканы кабарланды.   Бийлик карантинге алынган жарандарды катуу кайтаруу менен алып келерин билдирди. Читать дальше...

Шайлоо босогосуна чекит коюлдубу?

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанда саясий партиялардын парламентке өтүү босого чеги жети пайыз болушу керек экенин ишарат кылды. Ал тогуз пайызга саясий күчтөр даяр эмес экенин, ал эми беш, үч пайызды саясатчылар өз кызыкчылыктарына колдонуп кетерин айтты. Муну менен саясий чөйрөдө акыркы кезде эң көп талкууланган темага чекит коюлгандай болду. Деген менен байкоочулар шайлоодогу мындан башка да негизги маселелер чечилбей жатканын эскертишүүдө.



Нур-Султанда жалгыз жаран кытай элчилигинин алдына пикетке чыкты

Azattyk.org 

Нур-Султан шаарындагы Кытайдын элчигинин алдында жалгыз адам пикетке чыгып, Шинжаңда камакта отурган инисин бошотууну талап кылды. Алматынын тургуну Байболат Күнболотулы иниси Баймурат 702 күндөн бери абакта отурганын, анын өлүү же тирүү экенин билбей турганын айтып берди. Ал бир тууганынын сүрөтү менен кошо «Иниме боштондук!», «702» күн деген жазууларды да көтөрүп турду. «Кытайдагы туугандарым кысымдан коркуп, телефонго жооп беришпейт. Инимди бошотмоюнча пикетке чыга берем», - деди Байболат. Анын айтымында... Читать дальше...

Блумбергди партиялаштары катуу сындашты

Azattyk.org 

АКШда Демократиялык партиядан президенттик шайлоого катышууну каалаган талапкерлердин кезектеги дебаты өттү. Ага Нью-Йорктун экс-мэри, миллиардер Майкл Блумберг биринчи жолу катышты.

Өзбекстанда өзүн өзү өрттөгөн аял тирүү калды

Azattyk.org 

19-февралда Өзбекстандын Кашка-Дарыя облустук прокуратурасынын алдында өзүнө өзү өрт койгон аялды куткарып, атасынын денеси күйдү. Атасы куткарып калган Мукадас Мустафаева үйүнүн сүрдүрүлүшү боюнча райондук жана облустук пракуратурага жазган арыздарга эч ким көңүл бурбаганынан улам өзүнө өзү кол салууга аргасыз болгонун айтууда.  Кызын куткармакчы болуп өзүн өрт чалган 60 жаштагы Алим Мустафаев: «Кызымдын үйү үчүн бир жылдан бери күрөшүп келе жатабыз. Бирок майнап чыккан жок. Эми бийлик үйдү сот аркылуу сүрдүргөнү калды. Читать дальше...

Ассанждын адвокаты «Викиликстин» негиздөөчүсүнө Ак үйдөн сунуш түшкөнүн айтты

Azattyk.org 

«Викиликстин»​ негиздөөчүсү Жулиан Ассанж Лондондогу сотто Орусиянын 2016-жылкы шайлоодогу ролун танса, анда Трамптын администрациясы ага ырайым берүүнү сунуш кылганын айтууда. Бул тууралуу Ассанждын адвокаты билдирди. Адвокат Эдвард Фицжеральддын сөзүнө караганда, Трамптын администрациясы эгер Ассанж 2016-жылкы шайлоодо Демократиялык партиянын серверинен уурдалган каттарга Орусиянын эч кандай тиешеси жок десе, анда Ак үй ага ырайым берерин ортомчу аркылуу айттырган. Ак үйдүн басма сөз катчысы... Читать дальше...

Айпери Медет кызы Азия чемпионатынын финалына чыкты

Azattyk.org 

Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы спорттук күрөш боюнча чоңдор арасында өтүп жаткан Азия чемпионатынын финалына чыкты. Мелдеш ушу тапта Индиянын Нью-Дели шаарында өтүп жатат.  «Биргелешкен күрөш дүйнөсү» (United World Wrestling) уюмунун расмий сайтындагы маалыматына ылайык, Айпери Медет кызы кыз-келиндер күрөшүнөн 76 килограммга чейинки салмакта килемге чыгып, мелдештин финалына жетти.  76 килограммга чейинки салмакта 7 балбан кыз эки тайпага бөлүнүп күрөшүүдө. 1/8 финалда Айпери Медет кызы... Читать дальше...

Ортомчулардын оюнчугуна айланган мигранттар

Azattyk.org 

Ортомчуларга ишенип Орусияга Кыргызстандан ишке келгендер кандай акыбалда? Жакшы айлык менен жакшы иш убада кылып, мигранттардан акы алып, чет жакка жөнөткөндөрдү ким көзөмөлдөйт?

Шайлоо-2020: Жээнбеков тынчтыкты буза тургандар өз баасын аларын эскертти

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков шайлоо учурунда өлкөдө тынчтыкты бузууга аракет кылгандарга карата мыйзамдуу чара көрүлөрүн эскертти. 20-февралда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында сүйлөп жатып мамлекет башчысы шайлоону өлкөдөгү тынчтыкка кедерги тийгизбей, инвестициялык климатка залал келтирбей өткөрүүгө аракет көрүлөрүн айтты. Жээбековдун пикиринде, коомдун ачыктыгынан пайдаланып жеке кызыкчылыгын жалпы элге таңуулагысы келгендер бар.  «Тигил же бул маселени кысым көрсөтүү, ультиматум жолу менен чечүүгө аракет кылгандар да бар. Читать дальше...

Абактан чыккан бийкечтин кыялы

Azattyk.org 

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына караштуу «Келечек» ишканасы - түрмөдөн бошоп чыккан аялдарды кайра кадимки турмушка үйрөткөн жай. Аялдар бул жерде жумуш менен гана камсыз болбостон, аларды жаркын жашоо, кең келечек күтүп турганы, ал нерселерге талыкпаган аракет, сабыр менен жетсе болору тууралуу маалымат алышат.

Орусиянын эки жаранынан коронавирус табылды

Azattyk.org 

Жапониянын Иокогама портунда токтотулган саякат кемесиндеги жүргүнчүлөрдүн арасынан Орусиянын эки жаранына коронавирус жукту. Бул тууралуу Орусиянын Жапониядагы элчилиги кабарлады. Жакынкы убакта алар ооруканага жеткирилет. Буга чейин ошол эле кемеде Орусиянын бир жаранына коронавирус жукканы кабарланган. Саякат кемеде илдетке кабалып, эки жума мурун ооруканага жаткырылгандардын арасынан Жапониянын 80 жаштан өткөн эки жараны каза болду.  «Diamond Princess» деп аталган саякат кемеси 5-февралда... Читать дальше...


Музыкальные новости
Виктор Цой

Бразильский футболист: «Я — большой фанат Виктора Цоя»





Персональные новости
Россия

Куда поехать на майские праздники в России: топ-7 направлений





Саймаити боюнча депутаттык комиссиянын иш мөөнөтү узартылды

Azattyk.org 

Кытай жараны Айеркен Саймаитиге байланыштуу жагдайларды иликтөө жана маалыматтарды текшерүү максатында Жогорку Кеңеште түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын иш мөөнөтү узартылды. Мындай чечим парламенттин 20-февралдагы жалпы жыйынында кабыл алынды. Буга «жаңы жагдайлар пайда болгону» себеп экени айтылды. Комиссиянын иши 21-мартка чейин узартылды. Комиссиянын мүчөсү, депутат Алмазбек Эргешов «Азаттыкка» билдиргендей, Түркиядан маалымат келе элек. «Жаңы жагдай дегенибиз - биз жетишпей жатабыз. Читать дальше...

Москвада алты кыргызстандык экстремизм боюнча шек саналууда

Azattyk.org 

Москвада Мещанский соту алты кыргыз жаранын экстремисттик топ түзгөн деген шек менен 17-мартка чейин камакка алганын жергиликтүү басылмалар кабарлашты. Соттун басма сөз кызматы Айбек Мамажунусовго, Мурзы Кушуевге, Айбек Халматовго, Асан уулуна, Калбаев Артыкка, Козонов Алтынбекке 282-берененин 1-бөлүгү («Экстремисттик топ түзүү») менен иш козголгонун билдирди. Москвадагы кыргыз элчилигинин басма сөз катчысы Гүлбарчын Байымбетова аталган адамдардын жарандыгы жана камакка алуу шарттары тууралуу маалымат такталып жатканын билдирди. Читать дальше...

Искусстводо айтылбаган ыш көйгөйү

Azattyk.org 

Бүгүн Бишкектеги абанын булганышына байланыштуу сүрөт, фотография, плакат көргөзмөсү өттү. Акциянын максаты - ыш маселесине бийликтин көңүлүн бурдуруу. Бирок иш-чарага таанымал сүрөтчүлөр дээрлик катышкан жок. Уюштуруучулар бул көрүнүш чыгармачыл чөйрө экологиялык маселелерге кайдигер экенинен кабар берет деген пикирде.

АКШнын мамкатчысы Сауд Арабиясынын жетекчилиги менен жолугат

Azattyk.org 

Бул тууралуу Мамлекеттик департаменттин өкүлдөрү кабарлашты. Помпео Сауд Арабиясынын падышасы Салман, анын баласы, мураскер Мухаммед бен Салман жана тышкы иштер министри Фейсал бен Фархан менен жолугуш үчүн Эр-Рияд шаарына 19-февралда барды. Помпео Сауд Арабиясына жөнөп жатып, «Биз Ислам Иран Республикасы жаратып жаткан коркунучтарды талкуулоого көп убакыт бөлөбүз», - деп билдирди. Иран 2015-жылы өзөктүк курал боюнча келишимден чыгып кеткен. Ага жооп кылып, АКШ Иранга каршы каржылык санкцияларды киргизген. Читать дальше...

Мугалимдин эсинде калган Бадахшан

Azattyk.org 

Элүүнчү жылдардан кийин көптөгөн кыргызстандык мугалимдер Тажикстандагы кыргыздар жашаган Жерге-Тал, Тоолуу Бадахшан Автоном облусундагы климатты өтө катаал Мургаб райондоруна өз ыктыярлары менен барып, ал жактагы улутташтардын улан-кыздарына билим бере башташканы - өзүнчө бир унутулгус тарых.

Базар-Коргон менен Ноокендин акимдерине ишин тапшыруу сунушталып жатат

Azattyk.org 

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон жана Ноокен райондорунун акимдерине жумушун тапшыруу боюнча сунуш берилген. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 20-февралындагы жыйынында депутат Зиядин Жамалдинов билдирди. Ал өкмөттө кадрдык алмашуу бат жүрүп жатканын сынга алып, жогорудагы эки райондун акимдерин арыз жаздырып, иштен кетирүү аракети болуп жатканын кошумчалады. «Бул алдыдагы парламенттик шайлоого карата болушу мүмкүн, анткени 2019-жылдын көрсөткүчтөрү боюнча жакшы иштеген район башчыларын колдоонун ордуна аларды иштен алганы жатат. Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

ЭСК указала на ошибки главного арбитра дерби ЦСКА — «Спартак» Казарцева


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
Рафаэль Надаль

Надаль навестил в больнице 16-летнюю российскую теннисистку


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

В 2024 году исполняется 140 лет созданию в Москве первой общедоступной публичной бесплатной библиотеки





Путин в России и мире
Москва

Президент России Владимир Путин подтвердил проведение XVI Международного военно-музыкального фестиваля «Спасская башня»


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Лукашенко заявил о желании построить в Белоруссии вторую АЭС




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Цинизм зашкалил: Елена Зеленская повеселилась в Киеве с герцогиней Эдинбургской


Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



The Beatles

Вышел трейлер отреставрированной документалки о группе The Beatles



Москва

В Москве заметили первый в России электромобиль Tesla Cybertruck

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net