123ru.net
Azattyk.org
Февраль
2020

Новости за 01.02.2020

Алай: Кытай менен чектеш айылдарда коронавирус боюнча түшүндүрүү иштери жүрүп жатат

Azattyk.org 

Алай райондук администрациясы Кытай менен чектеш жайгашкан Нура айылынын эли менен 1-февраль күнү жолугуп, коронавирус боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Бул тууралуу райондун акими Замир Молдокулов «Азаттыкка» билдирди. Анын маалыматына караганда, митинг жана жол тосулганы жөнүндөгү маалыматтар чындыкка дал келбейт. - Митинг, эч нерсе болгон жок. Баары тынч. Мен ошол Нурада жүрөм. Алар жөн эле коронавирус боюнча кооптонуп, суроо беришти. Мен баары менен сүйлөштүм, түшүндүрдүм. «Жол тосулду»,... Читать дальше...

Министр Айдарбеков Кытайдын элчиси менен коронавирусту талкуулады

Azattyk.org 

1-февралда тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнди кабыл алды. Министрликтин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, Айдарбеков жолугушууда Кытайдагы коронавируска байланыштуу кыргыз тарап Кытайды колдоого аларын айтты. Ошондой эле Кытайда убактылуу же туруктуу жашаган кыргыз жарандарынын маселесин чечүүгө кытай тарап көмөк көрсөтүп жатканына ыраазычылык билдирди.   Дүйшөмбүдө өкмөт коронавирустун биринчи учуру катталган Кытайдын Ухан шаарында Кыргызстандын 15 жараны бар экенин билдирген. Читать дальше...

"Азаттыктын" кабарчысы "Умма" журналынын сынагында жеңди

Azattyk.org 

"Азаттык" радиосунун кабарчысы Санжар Эралиев "Умма" ислам журналы мусулман аялдардын укугуна арнап уюштурган сынакта беш мыкты журналисттин бири деп табылды.  Анын адвокат Мухайё Абдураупова жөнүндөгү видеобаяны "Стереотипти жоюу" номинациясында жеңүүчү болду. Атайын статуэтка 1-февралда Бишкекте салтанаттуу иш-чарада тапшырылды.  "Умма" журналы 1-февраль - Бүткүл дүйнөлүк жоолук күнүнө карата журналисттер арасында сынак уюштуруп, мусулман аялдар жана алардын укуктары жөнүндөгү макала-баяндарды тандап алышкан. Читать дальше...



Аба ырайы: жаан жаабайт

Azattyk.org 

«Кыргызгидромет» борбору кабарлагандай, 2-февралда жамгыр жаабайт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн -1…-6, күндүз 8…13; Таласта түнкүсүн -2…-7, күндүз 7…12; Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн 0…-5, күндүз 9…14; Ысык-Көлдө түнкүсүн -3…-8, күндүз 3…8; Нарында түнкүсүн -20…-25, күндүз -4…-9; Бийик тоолуу райондордо -21…-26, күндүз -6…-11 градус болот. Бишкек шаарында абанын түнкү төмөнкү температурасы -4…-6°... Читать дальше...

Кытайда коронавирустан өлгөндөрдүн саны 259 адамга жетти

Azattyk.org 

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 1-февралда билдирүү таратып, бардык мамлекеттерди жер-жерлерде коронавирустун жайылышына даяр болууга чакырды. Уюмдун мындай билдирүүсү вирустан каза болгондордун көбөйгөнүнө байланыштуу болду. Кытай бийлигинин соңку маалыматы боюнча, өпкөнүн сезгенүүсүнө алып келчү жаңы коронавирустан 259 адам өлүп, вирусту жуктургандардын саны 11 791ге жетти. Кытайдан сырткары 25 өлкөдө коронавирустун 100дөн көп учуру катталды. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Кытайдан башка мамлекеттерде... Читать дальше...

Помпео: АКШ Беларустун көз карандысыздыгын колдойт

Azattyk.org 

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео 1-февралда Минскиде Беларустун президенти Александр Лукашенко менен жолукту. Помпеонун Беларуска алгачкы визити Минск менен Москванын ортосундагы интеграция жана мунай баасына байланыштуу абал курчуп турган учурга туш келди. Майк Помпео Лукашенко менен жолугушууда АКШ Беларустун көз карандысыздыгын колдой турганын айтты жана Кошмо Штаттары жакын арада Минскиге элчи жиберерин билдирди. Мамлекеттик катчы АКШ үчүн адам укугу маанилүү маселе экенин белгилеп... Читать дальше...

ТИМ: визага чектөө Кыргызстан-АКШ алакасына зыян тийгизди

Azattyk.org 

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы кыргыз жарандарына Кошмо Штаттарына иммиграциялык жана грин-карт (Diversity Visa) визаларын алууга киргизген чектөө боюнча жооп берди. Мекеме 1-февралда тараткан маалыматта Кыргызстан кабыл алынган чечимге өкүнүп жатканы жана бул Кыргызстан менен АКШнын алакасына сезилерлик зыян тийгизгени айтылат. Ошондой эле кыргыз тарап чет өлкөгө чыгууну каалаган жарандарына биометрикалык документтерди мурда эле бере баштоону пландап жатканы АКШга белгилүү экени... Читать дальше...



Башкы прокуратура Алмаматовду бошоткон судьяларга чара көрүүнү сунуштады

Azattyk.org 

Башкы прокуратура коррупцияга айыпталып соттолгон, Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы бөлүм башчысы Насирбек Алмаматовду бошотуп жиберген судьяларга чара көрүүнү өтүнүп, Соттор кеңешине караштуу Тартип комиссиясына кайрылды. Бул тууралуу аталган комиссиянын басма сөз катчысы Назира Сагыналиева 1-февралда «Азаттыкка» комментарий берип жатып айтты. - 29-январда Бишкек шаардык сотунун үч судьясына тартип чарасын колдонуу боюнча Башкы прокуратурадан сунуштама келген. Алмаматовдун ишин караган судьяларга... Читать дальше...

Соттук департаменттин мурдагы жетекчиси камалды

Azattyk.org 

Жогорку соттун Соттук департаментинин мурдагы жетекчиси (Р.И) 31-январда ири суммада пара алууга шек саналып камакка алынды. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлагандай Коррупцияга каршы кызмат Соттук департаментти текшерип, «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзам бузулганын аныктаган. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Бишкектин Биринчи май райондук сотунун жана Соттук департаменттин имаратын оңдоо боюнча тендерде кызматтык адамдар жеке ишкерден опузалап ири өлчөмдө пара алганы аныкталган. Читать дальше...

ИИМ элдин милицияга ишеними жогорулады деп эсептейт

Azattyk.org 

Ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков бул тууралуу милициянын 2019-жылдагы ишинин жыйынтыгы боюнча отурумда айтты. Министрликтин сайтындагы маалыматка ылайык, Өмүрзаков Улуттук статистика комитетинин маалыматына таянып ички иштер органдарына ишеним 13,5 пайыздан 23 пайызга жогорулаганын билдирди. Бул күч түзүмдөрүнүн арасынан жогорку көрсөткүч. Ошол эле кезде былтыр милиция кызматкерлерине карата 63 кылмыш иши козголгон. Анын ичинде 27 коррупция, 22 кызматынан кыянаттык менен пайдалануу... Читать дальше...

Өкмөт аэропортторду жеке колго бермей болду

Azattyk.org 

Өкмөт Кыргызстандын аэропортторун жеке колго берүү демилгесин кайрадан көтөрүп чыкты. Бул жолу да «Манас» жана ага караштуу аба майдандарды чет элдик башкарууга өткөрүү каралып жатканы айтылды.

Улуу Британия Евробиримдиктен чыкты

Azattyk.org 

Дээрлик үч жарым жылга созулган талаш-тартыштан кийин Улуу Британия 1-февралга караган түнү Европа Биримдигиндеги мүчөлүгүн токтотту. Эми Лондон менен Брюсселдин келечектеги алакасы кандай болоору боюнча 11 айлык өткөөл мезгил башталды. Бул убакыт ичинде эки тараптын карым-катышы, анын ичинде соода-экономикалык алакасы кандай болоору тууралуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт. Улуу Британия Евробиримдикке 1973-жылы кошулган жана шаркеттен бөлүнүп чыккан биринчи мамлекет болуп калды. Азыр эми бул биримдикке 28 эмес, 27 өлкө мүчө. Читать дальше...

Коррупция тууралуу айтып чыккан Алановдун арызын атайын тергөө тобу иликтейт

Azattyk.org 

Мамлекеттик чек ара кызматынын подполковниги Талгат Алановдун арызын иликтөө үчүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери кошулган тергөө тобу түзүлөт. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, Алановдун арызын кароо создуктурулуп жаткандыктан Ош гарнизондук Аскер прокуратурасы, Коопсуздук кеңешинин катчылыгы сотко чейинки өндүрүштү көзөмөлгө алып, ал берген материалдар Аскер прокуратурасына жөнөтүлдү. Мындан тышкары,... Читать дальше...

Баткендеги социалдык шаарчага таза суу тартылды

Azattyk.org 

Баткен шаарынын вице-мэри Имигүлсүн Рыскулованын "Азаттыкка" билдиришинче, Баткендеги Али Аль-Ганим жана Фаиза Аль-Харафи атындагы социалдык шаарчага үч чакырым аралыктан таза суу тартылып, ар бир үйгө киргизилген.  Буга чейин социалдык шаарчада жашап жаткан тургундар үйлөр сапатсыз курулуп, таза суу келбей алыстан ташып жатышканын, канализация, ФАП жана бала бакча иштебей турганын билдиришкен. Баткен мэриясы ФАП ишке киргенин, тургундар айткан кемчиликтер тез арада оңдолгонун маалымдашты.  ... Читать дальше...

АКШ кыргыз жарандарына иммиграциялык, грин-карт визаларын берүүнү чектеди

Azattyk.org 

АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы Кыргызстандын жарандарына Кошмо Штаттарына иммиграциялык жана грин-карт (Diversity Visa) визаларын алууга чектөө киргизди. Мындай чечим 31-январда кабыл алынганын АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу кабарлады. Элчилик виза боюнча киргизилген чектөө тууралуу Дональд Лунун видеокайрылуусун таратты. Анда АКШ кыргызстандыктарга иммиграциялык эмес визаларды, анын ичинде, туристтерге, ишкерлерге, студенттерге жана жумушчуларга визаларды берүүнү улантары айтылат. Читать дальше...

NYT: АКШ кыргыз жарандарына иммиграциялык виза берүүнү чектейт

Azattyk.org 

АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы Кыргызстандын жарандарына Кошмо Штаттарына иммиграциялык виза алууга чектөө киргизди. Бул тууралуу New York Times басылмасы жазды. Жума күнү жарыяланган тизмеге Кыргызстандан тышкары Мьянма, Эритрея, Нигерия, Судан жана Танзания мамлекеттери кирген. Азырынча Ак үй бул тууралуу расмий маалымат тарата элек.  Басылма жазгандай, аталган мамлекеттердин жарандарынын АКШга кирип-чыгуусуна чектөө киргизилбейт. Болгону иммиграцияга жол жабылат. АКШ өлкөгө... Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

«Фонкод» отметили в народном голосовании Всероссийского конкурса спортивных проектов


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
ATP

Карлос Алькарас снялся с турнира ATP-500 в Барселоне


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Поможем природе вместе — творческий конкурс экоподелок «Турбозавров» и детского познавательного телеканала О!





Путин в России и мире
Москва

Путин всё знал, но никого не предупредил: Немцы обвинили Москву в прорыве израильского Купола


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

У помощника Лукашенко по общим вопросам нашли три квартиры в Минске




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

В Киеве обвинили Зеленского в неспособности добиться нового пакета помощи от США


Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Владимир Высоцкий

Актриса Лужина призналась, что у нее не было романа с Высоцким



Москва

Жителей Люберец 20 апреля приглашают на уборку берега Кореневского карьера

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net