Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
Azattyk.org
Февраль
2020

Новости за 28.02.2020

ЕККУ чечен блогерине кол салуу болгонуна тынчсызданды

Azattyk.org 

Маалымат каражаттарынын эркиндигине көз салган эл аралык уюмдар чечен блогери Тумсо Абдурахмановго Европада кол салуу болгонуна тынчсыздануусун билдиришти. Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Медиа эркиндиги боюнча өкүлү Арлем Дезир Абдурахмановдун "көзүн тазалоо аракети" тууралуу маалыматтар камтамачылык жаратып жатканын айтты. Ал өткөн айда да Францияда жашаган дагы бир чечен блогерине кол салуу болгонун кошумчалады. "Журналисттерди коргоо комитети" да ушундай эле билдирүү жасады. Читать дальше...

Коронавирустан коргонуу жолдору

Azattyk.org 

Коронавирус дүйнөнүн 29 өлкөсүндө жайылууда. Европада адам өлүмү күн сайын өсүп жатат. Кыргызстанда вирус азырынча каттала элек. Бирок андан коргонуу үчүн кандай чараларды көрүү зарыл? Дүйнө элин чочуткан вирустан коргонуу жолдору кандай?

Болгария Түркия менен чек арасында көзөмөлдү күчөтүүдө

Azattyk.org 

Болгария мыйзамсыз миграциянын алдын алуу үчүн Түркия менен чек арасында көзөмөлдү күчөтүүгө киришти. Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министри Борис Бойко өкмөттүн 28-февралдагы жыйынында билдирди. "Чек арага күчтөр жөнөтүлдү жана деңиз чегин коргоо чаралары күчөтүлдү", - деди Борис Бойко. Премьер-министр бул маселени түрк лидери Режеп Тайып Эрдоган менен телефондон талкуулаганы жатканын кошумчалады. Мунун алдында айрым түрк маалымат каражаттары жүздөгөн мигранттар Түркиянын Греция жана Болгария... Читать дальше...



Чыдамкай жаш дарыгерлер

Azattyk.org 

Эмне үчүн акыркы кезде коомдо дарыгерлерге сын күчөдү? Жаш дарыгерлерге ишенбей, ишинен шек санаган бейтаптар да жок эмес. Буга эмгек жолун кечээ баштаган дарыгерлер кандай ойдо? Алардын жашоосу менен түйшүгү мамлекетти ойлондурабы? Догдурлар үчүн өз кесибинин устаты болууга шарттар түзүлгөнбү? "Азаттык+" бул жолу ушул суроолорго жооп издеди.

Анкара менен Москванын аскердик тиреши

Azattyk.org 

Сирия армиясы Орусиянын көмөгү менен Идлибге урган аба соккулардан түркиялык 33 жоокер набыт кеткенден кийин түрк армиясы өч алуу операциясын баштады. Соңку окуялардан улам Анкара менен Дамасктын өнөктөшү Москванын ортосундагы чыңалуу кучөдү.

"Тыңчы" мыйзамынын тымызын мүдөөсү

Azattyk.org 

Төрт жыл илгери эки ирет каралып, бирок өтпөй калган коммерциялык эмес уюмдардын ишмердигин жөнгө салуу боюнча мыйзам долбоору үчүнчү ирет парламентке сунушталды.

Ирандын төрт депутаты коронавирусту жугузуп алды

Azattyk.org 

Иранда парламенттин төрт депутаты өпкөнү сезгенткен коронавирусту жугузуп алды. Межлистеги 30 депутаттын төртөө илдетке кабылганын парламенттик президиумдун мүчөсү Мохаммад Али Вакили 28-февралда “Твиттер” аркылуу кабарлады. Иранда Кытайдан чыккан COVID-19 вирусун жугузуп алган бир нече жогорку кызматтагы адамдардын арасында аялдар жана үй-бүлө маселелери боюнча вице-президент Масумех Эбтекар да бар. Бул өлкөдө вирус тездик менен жайылып, соңку бир суткада эле сегиз киши илдеттен каза тапты. Читать дальше...

1-марттан тарта чек арадан ID-карт менен өтүүгө тыюу салынат

Azattyk.org 

Кыргыз өкмөтү Кыргызстандын чек арасынан ID-карт менен өтүүгө 1-марттан тарта убактылуу тыюу салды. Мындай чара жарандардын коопсуздугун сактоо жана чек арадагы көзөмөлдү күчөтүү максатында киргизилгенин өкмөттүн маалымат кызматы билдирди: “Буга чейин эпидемиологиялык кырдаал начар болгон өлкөлөрдөн Москвага келгенин жашырып, мамлекеттик чек арадан ID-карта менен өтүүгө аракет жасаган кыргызстандыктар аныкталды. Алардын бардыгы карантинге алынды", - деп айтылат өкмөттүн коронавирусту алдын алуу... Читать дальше...



Коронавируска байланыштуу беш өлкөнүн жарандарына Кыргызстанга каттоого чектөө кирди

Azattyk.org 

Кыргызстан коронавирус көп катталып жаткан Кытайдын, Ирандын, Италиянын, Жапониянын жана Түштүк Кореянын жарандарынын келишине убактылуу чектөө киргизди. Мындай чечим коронавирусту алдын алуу боюнча республикалык штабдын 28-февралдагы жыйынында кабыл алынганын өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. Чечимге ылайык аталган өлкөлөрдүн жарандары 1-марттан тарта ишке же туристтик максаттарда Кыргызстанга кире алышпайт. Ошондой эле 1-марттан тарта илдет жайылган өлкөлөрдүн жарандарына чакыруу жөнөтүүгө тыюу салынат. Читать дальше...

Активист Агадилдин денесиндеги "жараат" тууралуу видео тарады

Azattyk.org 

Казакстандык жана эл аралык укук коргоочулар казак бийлигинен тергөө абагында көз жумган активист Дулат Агадилдин денесиндеги кыйноонун белгилери боюнча түшүндүрмө берүүнү талап кылышты. «Ар.Рух.Хак» өкмөттүк эмес уюмунун жетекчиси, укук коргоочу Бахытжан Торегожина Интернетте пайда болгон видео Агадилдин өлтүрүлгөнүн далилдей турганын жазды. Норвегиялык Хельсинки комитетинин өкүлү Ивар Дале да маркум активист Нур-Султандагы тергөө абагында сабалган болушу мүмкүн деп шек саноодо. Укук коргоочу... Читать дальше...

АКШ Косовонун тарифтер боюнча чечимин колдогон жок

Azattyk.org 

Кошмо Штаттары Косово өкмөтүнүн Сербиядан импорттолгон товарларга тарифтерди убактылуу жана жарым-жартылай гана алып туруу чечимин колдобойт. Бул тууралуу АКШнын Сербия жана Косово боюнча чабарманы жана Германиядагы элчиси Ричард Гренелл билдирди. Ал Косовонун премьер-министри Албин Курти "олуттуу ката" кетирип жатканын, тарифтер толугу менен алынышы керек экенин "Твиттерге" жазды. Косово 2008-жылы Сербиядан бөлүнүп, өзүн өз алдынча мамлекет деп жарыялаган. АКШ Косовонун эгемендигин жактаган башкы мамлекеттердин бири. Читать дальше...

Тажик зыяратчылары Дубайдан кайтты

Azattyk.org 

Кичи ажылыкка бараткан Тажикстандын жарандары жарым жолдон артка кайтарылмай болду. Буга Сауд Арабиясы коронавирус коркунучунан улам чет өлкөлүк зыяратчыларга эшигин жапканы себеп болду.

Асанов: ИИМдин жетекчилигинин ич күйдүлүгүнүн негизинде тергөө жүрдү

Azattyk.org 

Бул тууралуу Кой-Таш окуясынын жүрүшүндө кызмат абалынан кыянат пайдаланды деп айыпталган ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов 28-февралдагы соттон кийин билдирди. Журналисттердин суроолоруна жооп берген Асанов өзүнө карата тагылган айыптарды "негизсиз жана ойдон чыгарылган" деп атады. Ал 2019-жылдын 7-августунда болгон окуяларга токтолуп, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйүнө чабуул жасоого каршы болгонун билдирди: “Ошол күнү барымтадагыларды сүйлөшүү жолу менен алып чыгайын дегем. Читать дальше...

Эгемендикти сынаган эриш-аркак жылы

Azattyk.org 

Кремлде «Эриш-аркак» жылынын ачылыш аземине арналган концертке Москва шаарындагы жана Орусиянын аймактарынан келген төрт миңдей кыргызстандык катышты.

Курсан Асановдун иши: адвокат Алмазбек Атамбаевди сотко чакырууну өтүндү

Azattyk.org 

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановго козголгон кылмыш иши боюнча сот отуруму уланды. Анын жүрүшүндө Асановдун адвокаты Чынара Жакупбекова сотко мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди алып келип суракка алууну өтүндү. Адвокат иштин материалдарында Атамбаевдин көрсөтмөсү камтылганын буга себеп катары көрсөттү. Судья Адылбек Эсенбаев бул өтүнүчтү ачык калтырды. Кийинки жараян 17-мартка белгиленди. Курсан Асанов тергөө териштирүү Ички иштер... Читать дальше...

Орусия Канттагы базада учкучсуз авиация отрядын түзгөнү кабарланды

Azattyk.org 

Орусиянын Канттагы аскер базасында кыска жана орто аралыктагы учкучсуз авиация отряды түзүлдү. Бул тууралуу Орусиянын Борбордук аскер округунун командачысы Александр Лапинге шилтеме берип, орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты. Андагы маалыматка ылайык, бул отрядда орто аралыкка сокку урчу «Форпост» жана кыска аралыкка ылайыкташкан «Орлан-10» учактары жайгаштырылган. Лапин бул комплекстер Орусиянын Сириядагы операциясында колдонулуп, жакшы жыйынтыкка жетишкенин билдирген. Кыргызстандын... Читать дальше...

Коронавирустан улам Кыргызстанда өтчү эл аралык мелдештер жылдырылды

Azattyk.org 

Дүйнөдө коронавирустан улам Кыргызстанда өтчү бир катар эл аралык мелдештер жылдырылды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик кабарлады. Маалыматка ылайык, бул агенттикте чукул жыйын чакырылган. Анын жыйынтыгында Кыргызстанда өтчү спорттук күрөш боюнча Азиянын лицензиялык мелдешин, шайба менен ойнолуучу хоккей IV дивизиондун дүйнө чемпионатын жана Азия жана Окения чөлкөмүндө спорттогу кызытмага каршы аракеттер боюнча өкмөт аралык жолугушууну кийинкиге жылдыруу чечилди. Читать дальше...


Музыкальные новости
Николай Басков

«Гостевой брак»: Басков раскрыл странные подробности личной жизни





Персональные новости
ЦСКА

ЦСКА уступил "Балтике" в 26-м туре чемпионата России





29-февралга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

Аба​ ырайы: 29-февралда Нарын облусунун кээ бир райондорунда, Ош, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Аба температурасы: Чүйдө түнкүсүн -3…+2, күндүз 9…14; Таласта түнкүсүн -4…1, күндүз 9…14; Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн -1…+4, күндүз 10…15; Ысык-Көлдө түнкүсүн –2…-7, күндүз 3…8; Нарында түнкүсүн -5…-10, күндүз 1…6; Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2... Читать дальше...

Европа соту Бакуну журналистке кенемте төлөөгө милдеттендирди

Azattyk.org 

Адам укуктары боюнча Европа соту Азербайжан бийлигин журналист Хадижа Исмаиловага кенемте төлөөгө милдеттендирди. 2015-жылы журналист 7 жарым жылга түрмөгө кесилген. Исмаилова жана укук коргоочулар ал иштерди «жасалма, жок жерден ойлоп табылган» деп сыпаттап келишет. Ошондо «Эркин Европа / Азаттык радиосу» менен кызматташып жүргөн журналист «Салык төлөөдөн качуу» жана «Коомдук акчаны максатсыз пайдалануу» беренелери боюнча соттолгон. Европа соту Исмаилова кесибине байланыштуу жазаланганын белгилеп... Читать дальше...

«Левада»: Путиндин Конституциясын калктын 25% гана колдойт

Azattyk.org 

Орусияда шайлоочулардын 25% гана президент Владимир Путин сунуш кылган конституциялык өзгөртүүлөрдү колдоп добуш берүүгө даяр. 10% добуш берүүгө катышууну көздөгөнү менен Башмыйзамды өзгөртүүгө каршы. Мындай тыянакты Москвадагы «Левада» борбору «Ачык медиа» порталынын буюртмасы менен жүргүзгөн сурамжылоо көрсөттү.  Бул сурамжылоодо ой-пикирин билдиргендердин 37% добуш берүүгө катышуу-катышпоо маселесинде бир чечимге келе элек экенин айтышса, 23% шайлоого барбай турганын белгилешкен. Бирок бул көрсөткүчтөр... Читать дальше...

Кой-Таш окуясы боюнча баштапкы сот 3-мартка жылды

Azattyk.org 

Кой-Таш окуясына байланыштуу козголгон кылмыш иши боюнча баштапкы отурумун Биринчи май райондук соту 3-мартка жылдырды. Бул тууралуу айыпталуучулардын бири, КСДПнын төрага орун басары Кундуз Жолдубаева билдирди. Буга чейин сот отуруму 2-мартта башталаары кабарланган. Кийинки күнгө жылдыруу себебин Биринчи май райондук соту түшүндүрө элек. Жолдубаева муну камактагы саясатчы Садыр Жапаровдун тарапкерлери 2-мартка мерчемдеген нааразылык акциясына байланыштырып, бийликтин чочулоосу катары сыпаттап жазды. Читать дальше...

Сирияда курман болгон түрк жоокерлеринин саны 33кө жетти

Azattyk.org 

Сириянын түндүк-батышындагы Идлиб провинциясында президент Башар Асаддын күчтөрүнүн аба соккуларынан курман болгон түрк аскерлеринин саны 33кө жетти. Бул тууралуу Түркиянын Сирия менен чектешкен Хатай провинциясынын губернатору Рахми Доган 28-февралда билдирди. Анын айтымында, учурда жараат алган 32 жоокер ооруканада дарыланып жатат.  Бул чабуулдарга жооп иретинде Сирия өкмөтүнүн позицияларына «абадан жана кургактан сокку урулганын жана мындай соккулар улана турганын» түрк президентинин кеңсеси кабарлады. Читать дальше...

Африканын түштүгүндө биринчи жолу коронавирус табылды

Azattyk.org 

Нигериянын бир жараны өпкөнүн сезгенишине алып келген коронавирусту жугузуп алганын ырастады. Ага вирус Италиядан Нигерияга келип иштеп жаткан бир адамдан жукканын өлкөнүн саламаттык сактоо министри Осаги Эханире 28-февралда «Твиттер» аркылуу кабарлады.  Бул Кытайдан чыккан COVID-19 вирусу Сахара чөлүнүн түштүгүндөгү мамлекеттерге да жеткенин айгинелеген биринчи учур. Мурдараак Түндүк Африкадагы Египет менен Алжирдин бирден жарандары вакцинасы табыла элек бул илдетке чалдыкканы белгилүү болгон. Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

Личка — о самой дорогой покупке в Москве: два дня назад решил купить самокат за 60 тысяч рублей


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
WTA

Андреева обыграла Паолини и вышла в 1/4 финала турнира WTA в Мадриде


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

В 2024 году исполняется 140 лет созданию в Москве первой общедоступной публичной бесплатной библиотеки





Путин в России и мире
Москва

Дугин в интервью Такеру Карлсону: "Путин — это традиционный лидер"


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Лукашенко заявил о желании построить в Белоруссии вторую АЭС




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Цинизм зашкалил: Елена Зеленская повеселилась в Киеве с герцогиней Эдинбургской


Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Николай Басков

«Гостевой брак»: Басков раскрыл странные подробности личной жизни



Москва

На Первомай в Москве заметно похолодает

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net