Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
Azattyk.org
Февраль
2020

Новости за 28.02.2020

Түркияда Интернетке чектөө киргизилди

Azattyk.org 

28-февралга караган түнү Идлибдеги салгылашуудан улам Түркияда «Твиттер», «Фейсбук» жана «Инстаграм» сыяктуу социалдык тармактардын байланышы солгундады. Бейшембиден жумага караган түндөн баштап Интернет колдонуучулардын социалдык тармактагы баракчалары жаңыланбай калган. Жергиликтүү маалымат каражаттары Интернет байланышындагы бул үзгүлтүктүн себебин Идлибдеги соңку кырдаал менен түшүндүрүүдө. Расмий Анкара өлкөдөгү Интернет байланышынын ылдамдыгы жана сапаты боюнча маалымат бере элек. Сириянын... Читать дальше...

Коронавирус жайылган өлкөлөрдүн жарандарынын Кыргызстанга келишине тыюу салуу сунушталды

Azattyk.org 

Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус жайылып жаткан Кытайдын, Ирандын, Италиянын, Жапониянын жана Түштүк Кореянын жарандарынын Кыргызстанга келишине убактылуу тыюу салууну коронавирусту алдын алуу боюнча республикалык штабга сунуш кылды:  «Кытайдан, Ирандан, Италиядан, Жапониядан жана Түштүк Кореядан келген адамдарды толук карантинге алып жатабыз. Ушул эпидемиологиялык абал курчуп бара жаткан өлкөлөрдүн жарандарынын Кыргызстанга келишине тыюу салуу боюнча сунуш киргиздик», - деди 28-февралда... Читать дальше...

Караколдогу депутаттардын чыры

Azattyk.org 

Каракол шаардык кеңешинин депутаты, «Табылга» партиясынын мүчөсү Азамат Айтбаев кызматташы, КСДПнын шаардык кеңештеги мүчөсү Тууганбек Чолпонбаев сабаганын айтып, УКМКга арыз жазды.



Сокулукта күйөөсү өрт койгон аял каза болду

Azattyk.org 

Чүйдүн Сокулук районунда күйөөсү өрт койгон 42 жаштагы аял каза болду. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы кабарлады. Маалыматка ылайык, окуя 12-февралда катталган. Милициянын маалыматы боюнча, ал күнү мас абалында үйүнө келген 46 жаштагы адам жубайы тамак жасап жаткан маалда бензин чачып жиберген. Күйүп жаткан газдан келинге жалын жармашып, оор абалда ооруканага жеткирилген. Бир күн өтпөй алган жараатынан улам эсине келбей каза болгон. Бул окуя боюнча Жазык кодексинин «Киши өлтүрүү» беренеси боюнча иш козголуп, шектүү камакка алынды. Читать дальше...

«Эйр Манас» авиакомпаниясы Бишкек-Ош каттамын убактылуу токтотот

Azattyk.org 

«Эйр Манас» компаниясы 1-марттан тартып Бишкек-Ош каттамын токтотот. Бул тууралуу Кыргызстандын Жарандык авиация агенттиги кабарлады. Мындай чечим өндүрүштүк муктаждык менен түшүндүрүлгөн. Буга чейин билет сатып алган жүргүнчүлөргө акчасы кайра кайтарылып берилет.  Каттамды убактылуу токтотуунун конкреттүү себептери жана качан ал кайра жанданаары жөнүндө «Эйр Манас» так маалымат бере элек. «Эйр Манас» Түркиялык «Пегасус» компаниясы менен бирге иштеп келген. Былтыр «Пегасус» ишин токтотуп, анын... Читать дальше...

«Diamond Princess» кемесиндеги кыргызстандыктан коронавирус аныкталды

Azattyk.org 

Жапониянын Иокогама портунда карантинге алынган «Diamond Princess» саякат кемесинде Кыргызстандын жараны коронавирус жугузуп алганы аныкталды. Бул тууралуу Бишкектеги басма сөз жыйынында Тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов билдирди. Кыргызстандын жараны вирус жугузуп алганын 26-февралда тапшырган анализинин жыйынтыгы көрсөткөн. Абдрахманов кыргызстандык бейтап учурда Жапониядагы ооруканалардын биринде дарыланып жатканын жана абалы жакшы экенин кошумчалады. Кыргызстандын Жапониядагы... Читать дальше...

Коронавируска байланыштуу жума намазга баргандарды чектөө сунушталды

Azattyk.org 

Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус коркунучунан улам жума намазга катышкан адамдардын санын азайтууга чакырды. Министрлик мындай кат менен Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияга жана Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгына кайрылды. Бул тууралуу бүгүн Бишкектеги басма сөз жыйынында Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдирди. Министрлик ошондой эле жарандарды той, маарекелерди өткөрүүнү да азайтууга чакырып жатат.  «Биз намазга тыюу салууну эмес, ага катышкан адамдардын санын азайта турууну суранып жатабыз. Читать дальше...



Жергиликтүү кеңешке депутат болгон мектеп директорлорун бошотуу сунушталды

Azattyk.org 

Кыргызстанда мектеп директорлору менен башкы дарыгерлер жергиликтүү кеңештин депутаттыгына шайланса, алардын кызматын өткөрүп берүүгө милдеттендирген мыйзам долбоору иштелип чыкты. Аталган мыйзам долбоору парламенттин расмий сайтында коомдук талкууга чыгарылды. Депутат Аида Исмаилова «Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын макамы жөнүндө» мыйзамга ушундай өзгөртүүлөрдү сунуш кылып жатат. Долбоордо бюджеттен каржыланган мекемелердин жетекчилери өз ишин депутаттык менен айкалыштырууга болбой тургандыгы жазылган. Читать дальше...

Эски мыйзамдын талашы күчөдү

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеште коммерциялык эмес жана өкмөттүк эмес уюмдардын ишин жөнгө салуучу мыйзам долбоору талкууланды. Аны кароо учурунда депутаттар менен төраганын ортосунда талаш-тартыш болуп, долбоорду парламентке алып чыгууда мыйзам бузулганы айтылды.

Блогер Cыдыманов үй камагына чыкты

Azattyk.org 

Блогер Элмирбек Сыдыманов үй камагына чыкты. Мындай чечимди 28-февралда Бишкек шаардык соту кабыл алды. Интернетте Sydyman деген ат менен таанымал блогер улуттук, расалык, диний же аймак аралык кастыкты козутту деген шек менен 19-февралда эки айга камакка алынган. Мындан соң ал жаңылганын моюнуна алып, кечирим сураган. Ал эми апасы бийлик башчыларына кайрылып, уулун үй камагына чыгарууну өтүнгөн.  Элмирбек Сыдыманов «Инстаграм» баракчасында Сыдыман деген ат менен белгилүү. Ал буга чейин өзүнүн... Читать дальше...

Бишкекте кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Azattyk.org 

Бишкекте кримтөбөл Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу баш калаанын милициясы кабарлады. Анын маалыматына ылайык, буга чейин бир нече жолу соттолгон «Чач» деген каймана ат менен белгилүү 32 жаштагы адам жазык кодексинин 268-беренеси («Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатын көздөбөстөн мыйзамсыз даярдоо») боюнча шек саналууда.  Кармоо учурунда кылмышка шектүүнүн машинесинен мыйзамсыз тапанча табылган жана ал милиция кызматкерлерине каршылык көрсөткөн. Читать дальше...

Бишкек-Лондон: Уурдалган акча, Максим Бакиев жана кызматташтык

Azattyk.org 

Бишкек менен Лондон Кыргызстандан уурдалган акчаны артка кайтаруу багытында кызматташышы мүмкүн. Эки тарап бул боюнча сүйлөшүү жүргүзүп жатканын Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Чарльз Гарретт «Азаттык» менен болгон маегинде ырастады.

Шайлообек Дүйшеев ардактуу профессор наамына ээ болду

Azattyk.org 

Кыргыз эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты  Шайлообек Дүйшеев Ишеналы Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университетинин ардактуу профессору болду. Мамлекеттик университетинин жетекчилиги акынга профессордук наамды студенттер менен 27-февралда уюштурулган жолугушууда тапшырды. Жолугушууда Шайлообек Дүйшеев студенттер менен баарлашып, ырларын окуп берди. Студенттер акындын чыгармаларынын негизинде даярдаган концертин тартуулашты. Эл акыны Шайлообек Дүйшеев быйыл 23-февралда 70 жашка чыкты. Читать дальше...

«Электр станциялары» ишканасынын жетекчиси алмашты

Azattyk.org 

«Электр станциялары» ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин чечими менен Жолдошбек Ачикеев ишкананын башкы директору болуп дайындалды. Мурдагы жетекчи Таалайбек Толубаев кызматтан өз каалоосу менен кеткен. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынын басма сөз кызматы кабарлады. Жолдошбек Ачикеев 44 жашта. Буга чейин «Улуттук электр станциялары» ишканасында жетекчилик кызматтарда иштеп келген. Директорлор кеңешинин дагы бир чечими менен «Электр станциялары» ишканасынын жетекчисинин орун басарлыгына Алмаз Кушубаков дайындалды. Читать дальше...

Идлибдеги согушта Түркия 30дай жоокеринен ажырады

Azattyk.org 

Сириянын түндүк-батышындагы Идлиб провинциясында Башар Асаддын күчтөрүнүн аба соккуларынан кеминде 29 түрк жоокери мерт болуп, 35и жаракат алды. Бул тууралуу Түркиянын Хатай провинциясынын губернатору билдирди. Буга байланыштуу бейшемби күнү кечинде түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин кезексиз жыйынын өткөрдү. Анкаранын расмий өкүлү Фахреттин Алтундун «Анадолу» агенттигине билдиргенине караганда, жыйында «Асад режиминин бардык белгилүү позицияларына жооп иретинде сокку уруу» жөнүндө чечим кабыл алынды. Читать дальше...

Тажик оппозициясы Австриядан Шовализоданы кайтарып бербөөнү өтүнүүдө

Azattyk.org 

29 жаштагы тажикстандык жаранга Австриянын бийлиги качкын макамын берүүдөн баш тарткан. Ал 22-январдан бери камакта отурат.  Чет жактарда жүргөн тажик оппозициячылары Шовализода мекенинде кыйноого кабыларын билдиришип, расмий Венадан чечимин карап чыгууну өтүнүштү.  Хизбулло Шовализода 4-мартта Австриядан Тажикистанга жиберилери кабарланган. Тажикстан улуттук альянсынын өкүлү Махмуджон Файзрахмонов Шовализодага Дүйшөмбү шаарына авиабилет алынганын айтты. Ал эми Вайсиддин Одинаевдин маалыматына караганда... Читать дальше...

Тегеранда коронавирустан улам жума намазга чогулууга тыюу салынды

Azattyk.org 

Бул тууралуу мамлекеттик телеканал 27-февралда кабарлады. Расмий маалыматтар боюнча, Иранда вирус жугузгандардын саны 100дөн ашты. Арасында өлкөнүн вице-президенти Масумех Эбтекар да бар. 25-февралда коронавирусту саламаттык сактоо министринин орун басары Ираж Харирши да ооруну жугузуп алганы кабарланган. Эбтекардын командасындагы бардык мүчөлөр вируска тест тапшырышууда.  Ирандын Ватикандагы мурунку элчиси Хади Хосроушахи коронавирустан көз жумганын IRNA агенттиги маалымдады. Бир күн мурун ал Тегерандагы ооруканалардын бирине жеткирилген. Читать дальше...

Кыргызстанда коронавируска чалдыккандар жок

Azattyk.org 

Оору аныкталган өлкөлөрдөн келген бардык адамдар милдеттүү түрдө карантинден өткөрүлүп жатышат. Бул тууралуу 27-февралда коронавирустун алдын алуу боюнча түзүлгөн атайын штабдын жыйынында кабарланды. Чек арадагы бардык көзөмөл өткөрмө бекеттери күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат. «Январдан бери оору аныкталган өлкөлөрдөн келген бардык адамдар кылдат иликтөөдөн өткөрүлүп, обсервация аймагында карантинге алынып, катуу текшерүүдөн соң гана өлкөгө киргизилип жатат» деп жазылган маалыматта. Мындан тышкары... Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

«Молитесь, друзья»: сын олимпийского чемпиона Ивана Стретовича погиб во время родов в Новосибирске


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
Елена Рыбакина

Рыбакина узнала свое место в новом мировом рейтинге


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Российский рынок одноразовой биоразлагаемой посуды: итоги 2023 г., прогноз до 2027 г.





Путин в России и мире
Москва

Путин: РФ продолжит взаимодействие с Ираном как при Раиси


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Запись от имени Президента Беларуси сделана в книге соболезнований в посольстве Ирана




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Зеленский заявил, что обеспокоен заявлениями республиканцев в США


Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Певец

Певец Лоза заявил, что Джикия является настоящим капитаном



Москва

Шорт-лист номинации «Иностранная литература» премии «Ясная Поляна» составили 10 книг

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net