123ru.net
Azattyk.org
Февраль
2020

Новости за 09.02.2020

Азербайжанда парламенттик шайлоо өттү

Azattyk.org 

Шайлоо мөөнөтүнөн мурда болду. 9-февралда жергиликтүү убакыт менен саат 19:00дө добушканалар жабылды. Борбордук шайлоо комиссиясы алардын жабылышына 2 саат калганда элдин катышуусу 44,84% түзгөнүн билдирген. Буга чейин кайталап добуш берүү, добушканалардагы видео чагылдыруунун үзгүлтүккө учурашы, өз алдынча байкоочуларга тоскоолдук кылуу сыңары мыйзам бузуу фактылары тууралуу кабарланган. Баштапкы санактар 10-февралда белгилүү болмокчу. Парламенттеги 125 мандат үчүн 19 партиядан 272 талапкер ат салышты. Читать дальше...

«Күмбөз курган бала...»

Azattyk.org 

Кыргыз эл жазуучусу Элүүбай Отунчиев - айыл турмушун сүрөттөөнүн таанымал чебери.

Кордайдагы чыр тууралуу күбөлөрдүн сөзү

Azattyk.org 

Казакстандын Кордай районундагы 8-февралга оогон түнү болгон башаламандыктан каза тапкандардын саны 10 адамга жетти. Эки адам ооруканада каза тапканы кабарланды. "Азаттык" радиосунун кабарчысы Кыргызстанга өтө качкандардын айрымдары менен сүйлөштү.



Ригалыктар хоккейчи кыздарга форма чогултту

Azattyk.org 

Ригадагы хоккей мектебиндеги ата-энелер Ысык-Көлдөгү кыздардын хоккей командасына форма, башка жабдыктарды чогултуп жөнөтүүнү чечкен. Бирок азырынча жүктү жеткирүү маселеси чечилбей турат.

Иран орбитага сателлит учурууга даярданууда

Azattyk.org 

Ирандын министрлер кабинети 9-февралдын кечинде сателлит учуруларын жарыялады. Алдыңкы күнкү кабарларда учуруу белгисиз мөөнөткө жылдырылганы айтылган. Жекшембиде Маалымат жана байланыш министри Мохаммад Жавад Азари-Яхроми «Зафар» деп аталган сателлит орбитага 9-февралда Семнан космодромунан учуруларын билдирди. Бул тууралуу “Рейтер” IRIB маалымат агенттигине шилтеме берип жазды. Өткөн жылы кеминде эки жолу Ирандын сателлит учуруу аракети ийгиликсиз аяктаган. АКШнын расмий адамдары Тегерандын... Читать дальше...

Москвада көзөмөл камераларга каршы чыккандарды кармап кетишти

Azattyk.org 

Москвада адамдын жүзүн тааный турган системаны колдонууга каршы чыккан бир нече активистти полиция кармап кетти. Аларга уруксат берилбеген акцияга катышкан деген күнөө тагылып жатат. Активисттер беттерин боёп алып президенттик администрация жайгашкан имараттын жанына чогулушкан. Социалдык медиада өткөн айдын аягында «Следуй» деген акция башталган. Уюштуруучулар камераларда таанылбаш үчүн жүзүн атайлап боёп алышканын айтышууда. Кытай жана Батыш өлкөлөрү менен катар Орусияда да көзөмөл технологиялары жайылууда. Читать дальше...

Ооганстанда жогорку жетекчинин уулдары атыша кетти

Azattyk.org 

Кабулда Ооганстандын аткаруу бийлигинин жетекчиси Абдулла Абдулланын орун басары Мохаммад Мохакектин үйүндө ок атышуу болуп, бир уулу каза тапты. Полициянын маалыматына ылайык, жогорку аткаминердин балдары өз ара жаңжалдаша кеткен. Натыйжада Мохакектин кичүү уулу Бакир окко учту. Дагы сегиз киши ооруканага жеткирилди. Окуя боюнча тергөө башталды. Хазарлардын өкүлү, Мохакек мурда талибдерге каршы күрөшкөн можахеддердин талаа командири болчу. 2004-жылы президенттикке ат салышкан. Бир кездери... Читать дальше...

Курултайчылар бийликти тескөөнү сунушташты

Azattyk.org 

8-февралда “Дасмия” комплексинде өткөн элдик курултайга 500дөн ашуун делегат катышты. Курултайчылар иштей албаган бийликти кетирүү механизмин иштеп чыгууну жана бийликтин эл алдындагы жоопкерчилигин талкуулашты. Кой-Таш окуясын иликтеген коомдук комиссиянын корутундусу айтылып, алашемдикке жол берген укук коргоо органдарынын жоопкерчилин кароо талабы коюлду.



Кордайда жараат алган сегиз казакстандык Алматыга жиберилди

Azattyk.org 

Аларды 9-февраль күнү Казакстандын саламаттык сактоо министринин орун басары Камалжан Надыров алып кетти. Вице-министр саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев менен жолугуп, Казакстандагы жаңжалдан качып келип, Чүйдөгү ооруканаларда жаткан адамдардын абалы менен таанышты. Камалжан Надыров кыргыз өкмөтүнө жана кыргызстандык дарыгерлерге ыраазычылык билдирип, жаңжалдан жараат алгандар мындан ары Алматыда дарыланарын маалымдады. Натыйжада сегиз казакстандык бул шаарга жөнөтүлгөн. Читать дальше...

Бишкекте волейбол боюнча кыз-келиндер арасында мелдеш өтүүдө

Azattyk.org 

Бишкекте волейбол боюнча кыз-келиндер арасында "Дилгир" лигасы өтүп жатат. Ага ага жети облустан жана Ош, Бишкек шаарларынан жалпы 12 команда катышып жатат. Мелдеш 8-февралда башталган. Беттештер олимпиадалык системада өтүп жатат. Волейбол ышкыбоздору арасындагы "Дилгир" лигасынын өзгөчөлүгү мында мелдештерге 30 жаштан өйдө кыз-келиндер гана катыша алат. Мелдеш бүгүн жыйынтыкталат. (GT) Волейбол ойногон кыз-келиндер тууралуу "Азаттык" радиосунун видеосу.

Аба ырайы: кар жаайт

Azattyk.org 

Аба ырайы: 10-февралда жаан жаап, карга айланат.  11-12-февралда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн 0…+5, күндүз 9…14; Таласта түнкүсүн -1…+4, күндүз 9…14; Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 0…5, күндүз 10…15; Ысык-Көлдө түнкүсүн 0…-5, күндүз 3…8; Нарында түнкүсүн -15…-20, күндүз -3…-8; Бишкекте түнкүсүн күндүз мезгил-мезгил менен кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 1…+3°, күндүз 11…13 градус болот.

Азербайжанда мөөнөтсүз парламенттик шайлоо өтүп жатат

Azattyk.org 

Өлкөдөгү бардык добушканалар эртең менен ачылып, добуш берүү жүрүп жатат. Ага 19 саясий партия катышып, парламенттеги 125 орун үчүн 1,3 миңдей талапкер ат салышууда.  Азербайжандын президенти Илхам Алиев былтыр декабрда парламентти таркатып, мөөнөтүнөн мурда шайлоо февралда өтөрүн жарыялаган. Бийликтеги «Жаңы Азербайжан» партиясы мунун себебин Милли Межлистин «жаңыланышы» менен түшүндүргөн. Шайлоого оппозициячыл күчтөрдөн "Мусават" жана REAL ("Республикалык альтернатива") партиялары катышууда. Читать дальше...

Коомдук комиссия Кой-Таш боюнча күч органдарынын жетекчилеринин жоопкерчилигин кароого чакырды

Azattyk.org 

Коомдук комиссия Кой-Таш окуясына жооптуу укук коргоо органдарынын жетекчилерине чара көрүүгө чакырды. Бул тууралуу “Элдик курултай” уюму түзгөн Коомдук комиссиянын төрагасы Улукбек Маматаев Бишкекте 8-февралда өткөн курултайда билдирди. Анын айтымында, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди жоопко тартуу негизги талап болсо да, аны кармоо боюнча операция абдан начар уюштурулган. Буга байланыштуу операцияга жооптуу укук коргоо органдарынын жетекчилеринин жоопкерчилигин кароону сунуштады. Кой-Таш... Читать дальше...

Трамптын планы боюнча Израилдин жаңы картасы даярдалууда

Azattyk.org 

Израил АКШ президенти Дональд Трамп сунуштаган планга ылайык, өлкөнүн жаңы картасын даярдай баштады. Бул тууралуу Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху билдирди. Жаңы картага Иордан дарыясынын жээги жана жаңы еврей конуштары түшүрүлөт. “Атайын түзүлгөн израил-америкалык комитет картаны түзүү ишинин жогорку чегинде жана ал аз гана убакытты алат”, - деп билдирди Нетаньяху. Жакынкы Чыгыштагы кырдаал быйыл январь айында АКШ президенти Дональд Трамп Израил менен Палестин автономиясынын ортосундагы... Читать дальше...

Бишкекте автожуучу жайда өрт чыкты

Azattyk.org 

Бишкекте Абдрахманов жана Күрөңкеев көчөлөрүнүн кесилишиндеги автожуучу жайда өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, учурда өрттү өчүрүү үчүн беш бригада иштеп жатат. Өрттөн эмнеден чыкканы жана жабыр тарткандар боюнча маалыматтар тактала элек.(BkA)

Казакстандан кайткандар үчүн ачылган борборго эч ким кайрылган жок

Azattyk.org 

Кыргызстандын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Казакстандан өткөндөргө баш паанек кылчу жайларды ачкан. Бул тууралуу аталган министрликтин орун басары Ализа Солтонбекова “Азаттык” радиосуна билдирди. Анын айтымында, Чүй облусунун аймагында жайгашкан шелтердик борборлорго кайрылгандар болгон жок. Кордайдагы башаламандыктан соң Кыргызстанга өткөндөрдүн дээрлик бардыгы жакындарынын жана дунган диаспорасы уюштурган жерлерге жайгаштырылган. Чек арадагы абалга Кызыл Жарым ай коомунун Кыргызстандагы... Читать дальше...

Кордайдан келгендердин айрымдары артка кайтууда

Azattyk.org 

7-8-февралда Ысык-Ата районунун бир нече айылына Казакстандан 4000дей адам келди. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ысык-Ата районунун Кең-Булуң айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучусу Чолпонкул Чоткараев билдирди. Анын айтымында, чек арадан өткөндөр Кең-Булуң, Ивановка, Арал айылдарындагы жакындарыныкында, туугандарыныкында баш калкалап жатышат.


Музыкальные новости
Концерт

Концерт в музее имени П.И. Чайковского





Персональные новости
Арцах

"Предстоящая встреча Путина и Пашиняна может стать переломным моментом в российско-армянских отношениях": Михаил Александров





Чек ара кызматы: Казакстанга кайткандар көбөйүүдө

Azattyk.org 

9-февралда Кыргызстандан Казакстанды көздөй өткөн жарандардын көбөйгөнү байкалууда. Бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, жекшембиде саат күндүзгү 10.00го карата 1000ден ашуун казак жараны Кыргызстандан чыгып кетти. Мамлекеттик орган кыргыз-казак чек арасында кырдаал туруктуу экенин кабарлады. “2020-жылдын 7-8-февраль күндөрү "Кең-Булун” жана "Токмок" өткөрүү жайларында Казакстандан Кыргызстанга келген жарандар көбөйгөн. 2020-жылдын 9-февралында кайра Кыргызстандан... Читать дальше...

Кордайдагы башаламандыктан каза болгондордун саны 10го жетти

Azattyk.org 

Бул тууралуу Казакстандын ички иштер министринин орун басары Алексей Калайчиди билдирди. Анын айтымында, эки адам ооруканада өзүнө келбей үзүлгөн. Министрдин орун басарынын маалыматы боюнча, Масанчи айылындагы башаламандыктардын учурунда беш полиция кызматкери жараат алган. Алардын үчөөнө ок жаңылган. ИИМдин өкүлү чырды жөнгө салууда полиция курал-жарак колдонбогонун белгиледи. Учурда 39 адам ооруканада дарыланууда. 8-февралга караган түнү Казакстандын Кордай районундагы Масанчи, Сортөбе, Каракемер... Читать дальше...

Казакстандан келген 4000ге жакын адам Ысык-Ата районуна жайгаштырылды

Azattyk.org 

Ысык-Ата районунун бир нече айылына акыркы бир күндө Казакстандан 4000дей адам келип, туугандарына жайгашты. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ысык-Ата районунун Кең-Булуң айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучусу Чолпонкул Чоткараев билдирди. Анын айтымында, Кыргызстандын аймагына өткөндөр Ысык-Ата районундагы Кең-Булуң, Ивановка, Арал айылдарындагы жакындарына, туугандарына баш калкалап жатышат. “Казакстандан өткөндөрдү бул жактагы туугандары, тааныштары тосуп, алып кетип жатышат. Учурда милиция кызматкерлери келгендердин санын тактап жатышат. Читать дальше...

Жээнбеков: Атамбаевге каршы көрсөтмө берсем, үй камагына чыгарымды сунушташты

Azattyk.org 

Бул тууралуу камактагы Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков адвокатынын жардамы аркылуу “Азаттыкка” берген маегинде билдирди. Анда Жээнбеков камалып турган Бишкектеги №1 тергөө абагында өзүнө карата кысым жок экенин, буга чейинки камерадагы түнкү тинтүү системалык кемчилик деп эсептээрин билдирген. Равшан Жээнбеков тергөө жүрүшүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге каршы көрсөтмө берүү сунушу болгонун билдирген. “Атамбаевге каршы көрсөтмө бериңиз, үй камагына чыгаралы деген сунуш болду. Читать дальше...

Коронавирустан каза болгондордун саны 800дөн ашты

Azattyk.org 

Кытайда коронавирустан каза болгондордун саны 9-февралга таңкы маалымат боюнча 811ге жетти. Кытайдын саламаттык сактоо боюнча улуттук комиссиясынын маалыматы боюнча акыркы суткада 89 адам каза болгон. Мындай жол менен коронавирустан каза болгондордун саны 2002-2003-жылдары тараган SARS (дем алуу органдарынын оор синдрому) вирусунан өлгөндөрдөн ашты. Коронавируска окшош бул вирус убагында дүйнө боюнча 8000 кишиге жугуп, 800дөйү каза болгон. Кытайдын мамлекеттик органдарынын маалыматы боюнча, акыркы... Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

Праздник космических масштабов: ММА для каждого


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
Андрей Рублёв

Теннисист Рублев со счетом 1:6 проиграл тренировочный сет Надалю в Барселоне


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Сбер собирает волонтёров на весенние «Чистые игры»





Путин в России и мире
Москва

Запад признает, что бывший офицер КГБ В.Путин не дал им подчинить Москву и вернул великую славу России


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Минск: Дан старт очередному совместному космическому проекту




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Зеленского выпороли ультиматумом: США жестко ответили на наглость и поучения Киева


Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Певица

Певица Натали Орли: как научиться правильно дышать



Москва

В МИД Японии сообщили о намерении сохранить долю в нефтегазовых проектах РФ

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net