123ru.net
Azattyk.org
Февраль
2020

Новости за 04.02.2020

Ишкер Салымбеков Кытайга 50 миң беткап жөнөтөт

Azattyk.org 

«Дордой» ассоциациясынын негиздөөчүсү, белгилүү ишкер Аскар Салымбеков Кытай элине жардам берүү максатында 50 миң медициналык беткап жөнөтөрүн билдирди. Ал медициналык каражаттарды өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аркылуу жөнөтөт.  Салымбеков «биздин коңшу Кытай элинин башына оор иш түшүп турганда ар кандай ушактарга жол бербей, достук мамилени көрсөтүү менен сабырдуулукка чакырам», деп жазды «Фейсбуктагы» баракчасына.  Буга чейин кыргыз өкмөтү Кытайдагы вируска байланыштуу абалды жөнгө... Читать дальше...

Түркиянын тышкы иштер министри Орусияны тартипке чакырды

Azattyk.org 

«Орусия Сириядагы өз таасирин согуштун тутанышы үчүн колдонбостон, 3-февралда Идлибге урулгандай соккулар кайталанбашы үчүн пайдаланышы керек. Ал күнү Түркия менен Сириянын бир нече жоокерлери өлтүрүлдү». Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу 4-февралда ушундай билдирүү жасады. Ал Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен телефон аркылуу эмне жөнүндө сүйлөшкөнүн журналисттерге айтып берди.  Дүйшөмбү күнү Сириянын Идлиб аймагында оппозициянын коргонуу жайларына карай Сириянын өкмөттүк күчтөрү чабуул коюшкан. Читать дальше...

Ооган журналисттери биригип, бийликтен ачыктыкты талап кылышты

Azattyk.org 

4-февралда Ооганстандагы 30 маалымат агенттиги биригип, «сөз эркиндигин басмырлап жатат» деп, бийликти айыптады. Алар бардык мамлекеттик мекемелер маалымат берүүгө келгенде өздөрүнөн жогорку мекемелердин атын айтып кутулууну адат кылып алышканына нааразы болуп жатышат.  Ооганстандын аткаруу бийлигинин башчысы Абдулла Абдулла журналисттердин талаптарын туура деп баалап, ооган өкмөтүн жана коомчулукту журналисттерди чечкиндүү колдоого чакырды. Ооган журналисттеринин бул нааразылыгын аймакта сөз... Читать дальше...



Путиндин атасынын сүрөтү храмга чөгөрүлөт

Azattyk.org 

Орус президенти Владимир Путиндин атасынын сүрөтү Куралдуу күчтөрдүн башкы храмына колдонулат. Бул тууралуу «Открытые медиа» маалымат басылмасы кабарлады. Басылманын маалыматына караганда президент Владимир Путиндин атасы, Экинчи дүйнөлүк согуштун катышуучусу Владимир Спиридонович Путиндин сүрөтү Коргоо министрлигинин сайтындагы «Эскерүү жолу» долбоорунда пайда болгон. Ал сайтта чиркөөнүн дубалдарына чегериле турган согуш катышуучуларынын сүрөттөрү жарыяланат. Ардагерлердин сүрөттөрү менен жасалгаланган... Читать дальше...

Акчасы жок «миллионер» атанын чемпион уулу

Azattyk.org 

Евразиянын беш өлкөсүн кыдырып чыккан АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Казакстанда Шинжаң маселесин көтөрдү. Кычыраган кышта муз тоңгон көлмөгө түшкөн окуучу чет өлкөгө мелдештерге барсам дейт, бирок “миллионер” атасынын ага шарты жок. Акын-жазуучу мигранттарды эмне түйшөлтөт, эмне кубандырат? Бир кездери жүз миңдеп саналган орусиялык ижорлордун тарыхы.

Жаанда көйнөкчөн бийлеген «Азгырык»

Azattyk.org 

Социалдык тармактарда Бишкекте оюн койгон Санкт-Петербургдан келген «Искушение» (кыргызча «Азгырык») театрынын айрым сценалары цензурага туш болгону талкууга түштү.

Эрдоган крым татарларын коргойт

Azattyk.org 

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Ташкентте Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен өзүнчө жолугушту. Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган Киевдеги сапарында Анкара Украинага 36 миллион доллар жардам көрсөтүүгө, Крым татарларынын укуктарын коргоого көмөктөшүүгө убада берди.

Алдыдагы 20 жылда өсмө илдети 60% өсүшү ыктымал

Azattyk.org 

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына ылайык, өсмө дарты азыркыдай ыргакта жайыла берсе, алдыңкы 20 жылда илдет 60% өсүшү ыктымал. Андан жабыркагандардын басымдуусу жакыр өлкөлөргө туура келет. 4-февралда дүйнөдө рак дартына каршы күрөшүү күнү белгиленүүдө. 2000-жылы бул күнү онкологиялык ооруларга каршы "Париж хартиясы" кабыл алынган. Эл аралык уюм бул ирет жакыр жана өнүгүп келаткан өлкөлөргө ракка чалдыккан адамдарга медициналык кызмат көргөзүүдө жардам берүү зарылдыгына көңүл бурат. Читать дальше...



Өкмөттөгү кадрдык жүрүштөр

Azattyk.org 

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров өз арызы менен кызматтан кетти. Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев анын ордуна дароо эле Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун башчысы Эркин Асрандиевдин талапкерлигин көрсөттү.

Айовада Демпартиянын ичиндеги жарыштын жыйынтыгы чыга элек

Azattyk.org 

АКШнын Айова штатында демократтардын баштапкы добуш берүүсү же кокустардын жыйынтыктарын жарыялоо техникалык себептерден улам кечеңдеп жатат. Шайлоодо демократтардын тарапташтары партиянын атынан президенттик жарышка катышчу талапкерин аныкташат. Расмий жыйынтык добуш берүүдөн кийин үч сааттын ичинде белгилүү болмок, бирок партия жетекчилиги добуштар шейшембиде колго саналып чыгарын билдирди. Ошол эле учурда техникалык мүчүлүштүк хакерлер же башка бир кийлигишүүгө байланыштуу эмес экени белгиленди. Читать дальше...

Жолдубаева менен Карамушкинанын бөгөт чарасы узартылды

Azattyk.org 

Биринчи май райондук соту 4-февралда Кундуз Жолдубаева менен Ирина Карамушкинанын бөгөт чарасын карап, аларды 9-апрелге чейин үй камагында калтырууну чечти. Бул тууралуу Жолдубаеванын адвокаты Бакыт Автандил уулу «Азаттыкка» билдирди: «Айыптоочу тарап кылмыштын оордугуна байланыштуу деген жүйө менен буларды үй камагында калтырууну суранды. Бирок укуктук жактан алганда кылмыштын кандай гана оордугу болбосун, тергөө учурунда ал жарандын бөгөт чарасын тандоого негиз болуп бере албайт. Үй камагы да адамдын эркин жүрүү укугун чектейт. Читать дальше...

Роухани: Иран келишимдин алкагында Евробиримдик менен кызматташууга даяр

Azattyk.org 

Иран эл аралык өзөктүк келишимдин алкагында Европа Биримдиги менен кызматташууга даяр. Бул тууралуу президент Хасан Роуханиге шилтеме кылып ИСНА маалымат агенттиги билдирди. Президент дүйшөмбүдө Евробиримдиктин тышкы саясат мекемесинин жетекчиси Жозеп Боррелл менен Тегеранда жолугушканда ушундай комментарий берди. Боррел ирандык генерал Касем Сулеймани АКШнын соккусунан курман болгондон кийин Жакынкы Чыгышта курчуп кеткен кырдаалды басаңдатууга аракет кылып Ислам Республикасына барган. Президентке... Читать дальше...

Текебаев: Жээнбеков шайлоону таза өткөрсө тарыхта калат

Azattyk.org 

"Азаттыктын" 2х1 форматындагы эксклюзив маегинин кезектеги коногу - "Ата Мекен" саясий партиясынын лидери, мамлекеттик ишмер Өмүрбек Текебаев. Саясатчы өзүнө байланышкан соттук териштирүүлөр, "Ата Мекендин" ички иштери, партиялык шайлоо системасы, күзүндө өтчү парламенттик шайлоодогу партиялардын орду, азыркы мамлекеттик башкаруунун күнгөй-тескейи тууралуу суроолорго жооп берди.

Баткен мамлекеттик университетинин ректоруна сөгүш берилди

Azattyk.org 

Буга аталган окуу жайында жана анын филиалдарында жылуулук системасы иштебегени, студенттерге жетиштүү шарт түзүлбөгөнү, окуу жайынын эскирген материалдык-техникалык базасы жаңыланбаганы негиз болгон. Буга байланыштуу Эмгек кодексинин 146-беренесине ылайык, Баткен мамлекеттик университетинин ректору Абдувап Зулпуевге сөгүш берилгенин Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.  Мындан тышкары аталган чечимге окуу жайында окутуучулар курамынын сапаты талапка жооп бербей, билим... Читать дальше...

Шадиевдин кызына катталган мүлктү сот камактан чыгарганы кабарланды

Azattyk.org 

Эки жыл мурун кылмыш иши козголгон соң өлкөдөн чыгып кетип, кийин 10 жылга сыртынан кесилген мурдагы вице-премьер Аскарбек Шадиевдин мүлкү кайрадан талкууга түштү. Бул ирет анын жакындарына катталган мүлктү Бишкектин Биринчи май райондук соту камактан чыгарганын жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты. Андагы маалыматка ылайык, саясатчынын кызына катталган бир нече мүлктү төмөнкү инстанциядагы сот камактан чыгарган. Бул маалыматты Биринчи май райондук соту тактаган жок. Анын өкүлдөрү «Азаттыктын» өтүнүчүн азырынча жоопсуз калтырышты. Читать дальше...

Кадыровду сындаган чечен блогер Францияда өлтүрүлдү

Azattyk.org 

Белгияда жашап жүргөн чеченстандык блогер Имран Алиевдин сөөгү 30-январда Франциядагы мейманканалардын биринен табылды. Ал бир нече жолу бычакталган. Имран Алиев Интернетте «Старый Мансур» деген псевдоним менен белгилүү болчу. Жергиликтүү полиция Алиевдин өлүмүнүн чоо-жайын иликтеп жатат. Бирок азырынча кылмышкерлер табыла элек. 44 жаштагы Имран Алиев Кремлдин сүймөнчүгү, Чеченстандын президенти Рамзан Кадыровду өзүнүн «YouTube» каналы аркылуу такай сындап келген. Алиев - Европа өлкөлөрүндө өлтүрүлгөн алгачкы чечен эмес. Читать дальше...

Курсан Асановдун тергөө иши аяктады

Azattyk.org 

Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы 4-февралда кабарлады. Ага ылайык, ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов Жазык кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүгү («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу»), 43-беренесинин 2-бөлүгү («Кылмыш жасоону уюштуруу же анын аткарылышына жетекчилик кылуу»), 44-беренесинин 2-бөлүгү («Сүйлөшүп алып чогуу кылмыш кылуу»), 45-беренесинин 3-бөлүгү («Кылмышты уюштуруу, шыкактоо жана көмөк»), 5-бөлүгү («Кылмыш жасоого башка адамдарды көндүрүү») боюнча айыпталууда. Читать дальше...

Өлкөнү маскара кылган жасалма паспорт

Azattyk.org 

Кыргыз паспортторун түрдүү өлкөлөрдүн жарандары алып жүрүп, ар кандай чуулуу иштерге катышканы буга чейин өлкөнүн эл аралык аброюна шек келтирсе, эми АКШ менен мамиленин салкындашына себеп болду.


Музыкальные новости
Джастин Бибер

Джастин Бибер раскачивал тапочки в суши-парке, и это атмосфера 4/20





Персональные новости
Выставка

Выставка достижений народного хозяйства (ВДНХ) отпраздновала “День Космонавтики”





Ош аймактык шайлоо комиссиясына үч партия өкүлдөрүн сунуш кылды

Azattyk.org 

Ош аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсү катары иш алып барууга «Биримдик», Кыргыз либерал-демократиялык партиясы, «Бир Бол» партиялары талапкерлерин сунуш кылышты. Бул тууралуу «Азаттыкка» Борбордук шайлоо комиссиясынын Ош облусу боюнча өкүлү Расулбек Кадыров билдирди. Анын айтымында, комиссияга мүчөлөрдү сунуштоо боюнча убакыт аягына чыкты. «Бизге КЛДП, «Биримдик» жана «Бир Бол» партиялары шайлоо комиссиясына мүчө катары документ берди. Төртүнчү партияны азыр тактап атабыз. Бул эми шайлоо комиссиянын курамына сунуштар болду. Читать дальше...

Кытай коронавируска каршы күрөштө алсыздыгын мойнуна алды

Azattyk.org 

Кытай бийлиги коронавируска каршы күрөштө «айрым кемчиликтер» жоюлбай жатканын мойнуна алды. 4-февралда өлкөнүн Саламаттык сактоо комиссиясы вирустан 425 киши өлгөнүн, ооруну жугузуп алгандардын саны 20 миңден ашканын билдирди. Акыркы күнү бир суткада вирустан көз жумгандардын саны 64 адамга жеткени дайын болду. Ал арада Гонконгдо коронавирустан бир киши көз жумду. Маркум январдын орто ченинде вирустун очогу Уханга барып келгени аныкталган. Ушундан улам Кытай Коммунисттик партиясынын саясий бюросу... Читать дальше...

Эрдоган Киевге келип, Крымды Орусиянын бөлүгү катары тааныбай турганын айтты

Azattyk.org 

Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган 3-февралда Киевде украин президенти Владимир Зеленский менен жолукканда ушундай билдирүү жасады. Ал Крымды Орусия басып алган деп эсептей турганын, ал эми Украинадагы реформаларды расмий Анкара колдой турганын жарыялады. Эрдогандын Украинадагы иш сапары Сирия маселесинин айынан орус-түрк алакалары сууп турган учурга туш келди. Буга чейин Анкара «Сириянын президенти Башар Асаддын Идлиб провинциясына койгон чабуулун тыйбай жатат» деп, Москваны ачык айыптаган. Ал... Читать дальше...

Аялзатынын баары эле «айым» эмес

Azattyk.org 

«Айым» деген сөз илгертен эле өлкөбүздүн түндүк аймагына караганда түштүк аймагында көбүрөөк колдонулуп келгендиги белгилүү.

Аксыда 25 жаштагы келин үч эм төрөдү

Azattyk.org 

Райондун Ак-Суу айыл аймагынын Аксай айылынын 25 жаштагы тургуну Алтынкыз Таалайбек кызы 3-февралда үч эм төрөдү. Бул тууралуу «Азаттыкка» район акиминин орун басары Дамира Абдылдаева билдирди. «Үч эм Таш-Көмүр шаардык ооруканасынын төрөт бөлүмүндө төрөлдү. 1550, 1800 жана 1900 грамм салмактагы ымыркайлардын үчөө тең кыз. Эненин да, наристелердин да абалы жакшы. Бул үй-бүлө буга чейин бир уулду, бир кызды тарбиялап жаткан», - деди Абдылдаева. Кыздарга Айкөл, Көйкөл, Сайкал деген ысымдар коюлду. Читать дальше...

Аба ырайы: Күн ачык болот

Azattyk.org 

5-февралда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жана Чүй облусунун тоолуу райондорунда бир аз кар жаайт, калган аймактарда күн ачык болот. Күндүз жалпы өлкө аймагында жаан-чачын жаабайт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6, күндүз 5…10; Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -21…-26, күндүз -12…-17; Талас облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 4…9; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…-5, күндүз 6…11; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…-9... Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

Сотрудники Росгвардии приняли участие в чемпионате Центрального округа по боксу.


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
WTA

Шнайдер проиграла Бадосе на старте турнира WTA в Штутгарте


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

АО «Транснефть – Дружба» подвело итоги деятельности в сфере экологической безопасности





Путин в России и мире
Москва

Путин наградил гендиректора Музеев Московского Кремля орденом «За заслуги перед Отечеством»


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Очередные кадровые назначения объявлены в Минске




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Владимир Зеленский подтвердил ракетный удар по аэродрому в Джанкое


Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Metallica

Фронтмен Metallica Хэтфилд сделал тату с прахом умершего лидера Motorhead Лемми



Москва

В 2024 году будет отреставрировано 45 жилых домов-памятников со сложным архитектурным убранством

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net