Бишкекте абанын булганышына каршы кезектеги акция өттү
Бүгүн, 20-февралда Бишкекте абанын булганышына каршы кезектеги акция өттү. Президенттин жана парламенттин кеңсеси жайгашкан имараттын алдында уюштурулган иш-чарага 20дай сүрөтчү катышып, экология темасына арналган сүрөттөрүн алып чыкты. Айрымдары көркөм өнөрдүн тили менен оюндарды уюштурушту. Атайын орнотулган тактага ар ким каалоосун жазды. Акциянын катышуучусу, сүрөтчү Назгүл Куватбекованын айтымында, жарандык активисттер уюштурган мындай иш-чара дагы уланат. «Декабрда биринчи акция өткөргөнбүз. Читать дальше...