Интернатта бала жабыркаган окуяны иликтөөгө жарандык коом өкүлдөрү катышат
Чүйдүн Беловодское айылындагы психоневрологиялык социалдык стационардык мекемедеги окуяны иликтөөгө жарандык коомдун өкүлдөрү да катышат. Бул тууралуу 20-февралда Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги кабарлады.
Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, Москва райондук ички иштер башкармалыгы балага карата зордук-зомбулук жана ырайымсыз мамиле болгон-болбогонун териштирип жатат.
«Ички териштирүү учурунда баланын денесинде белгисиз себептерден улам пайда болгон көк ала аныкталган. Бала тарбияланып жаткан топ менен иштеген кызматкерлер тартиптик жазага тартылды жана алар башка топторго бөлүштүрүлдү» деп билдирди министрлик.
Беловодскоедеги интернатта 9 жаштагы баланын денесиндеги тактар тартылган сүрөт азыр социалдык түйүндөрдө тарап жатат. Айрым маалымат каражаттары ал баланын апасы милицияга кайрылып, уулу зомбулукка кабылганын айтып бергенин жазышкан. (RK)