Өкмөттүн жаңы мүчөлөрү ант берди
![Өкмөттүн жаңы мүчөлөрү ант берди](https://gdb.rferl.org/ED655D82-8D09-41D8-8F6F-4357263AF516_cx0_cy14_cw0_w800_h450.jpg)
Жаңы вице-премьер-министрлер Эркин Асрандиев менен Акрам Мадумаров Жогорку Кеңештин 20-февралдагы жыйынында ант беришти.
Ант берүү иш-чарасына президент Сооронбай Жээнбеков, өкмөттүн толук курамы жана депутаттар катышты.
Экономика тармагын тейлеген мурдагы вице-премьер-министр Замирбек Аскаров кызматтан алынып, ордуна Эркин Асрандиев дайындалган.
Ал буга чейин Кыргыз-орус өнүктүрүү фондун жетектеп турган.
Дагы бир мурдагы вице-премьер-министр Жеңиш Разаков кызматтан кетип, анын ордуна Акрам Мадумаров дайындалган.
Парламентте ошондой эле өзгөчө кырдаалдар министри болуп дайындалган Замирбек Аскаров да ант берди. (BTo)