Кара-Сууда мечиттин чатыры күйүп кетти
Ош облусунда мечиттин чатыры күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, окуя 20-февралга караган түнү Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айылында болгон. Усманов көчөсүндө жайгашкан жыгач устундуу тунуке жабылган мечиттин 300 чарчы метр чатыры күйгөн.
Өрттүн себеби такталууда. Адамдар жабыркаганы тууралуу маалымат жок.
Соңку бир сутка ичинде Кыргызстанда жалпысынан тогуз өрт катталып, 12 бөлүм тартылды.
Быйыл январь айында Алайдын Жаңы-Алай айыл аймагына караштуу Таш-Коргон айылындагы жалпы аянты 180 чарчы метрлик мечиттен чыккан өрт бул диний мекеменин имаратын керектен чыгарган.
Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын маалыматына караганда, өлкө боюнча 2 669 мечит каттоодон өткөн. Каттоодон өтө электеринин саны 300гө жакын. (RK)