Саякат кемесиндеги казакстандыктар мекенине кайтарылды
Коронавируска байланыштуу Жапониянын жээгинде карантинде турган «Diamond Princess» кемесиндеги төрт казакстандык мекенине кайтарылды. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги 24-февралда кабарлады.
«23-февралда Нур-Султан калаасына Токиодон 20 казакстандык келди. Төртөө «Diamond Princess» кемесинин жүргүнчүлөрү. Бардыгы медициналык текшерүүдөн өткөрүлөт», деп айтылат мекеменин маалыматында.
Буга чейин Казакстандын Тышкы иштер министрлиги саякат кемесиндеги төрт казакстандык 21-февралда жээкке чыкканын, аларга вирус жукпаганын кабарлаган.
«Diamond Princess» деп аталган саякат кемеси 5-февралда гонконгдук жүргүнчүдөн коронавирус табылганына байланыштуу карантинге алынган. Бортто 3700 адам бар болчу. Кеме карантинде турган эки жуманын ичинде жүргүнчүлөрдүн 600ү жугуштуу илдетке кабылган. 19-февралда кемедеги карантин аяктаган.