"Кыргыз досторум абалымды сурап турат". Оштогу индиялык студенттер
![](https://gdb.rferl.org/01000000-0aff-0242-1a5d-08dc798b7b3f_tv_w800_h450.jpg)
Апта соңундагы Бишкектеги окуядан кийин жер-жерлерде чет элдик студенттердин коопсуздугун камсыздоо үчүн чаралар көрүлгөнү айтылды. Өлкөнүн Ош, Жалал-Абад облустарында чет жактан келип окугандардын саны арбын. Ош мамлекеттик университетинде 10 миңге чукул чет өлкөлүк студент билим алат.