Блогер Сыдыманов абакта катаал мамиле болбогонун билдирди
Блогер Элмирбек Сыдыманов тергөө абагындагы шартка нааразылыгы жок. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Кыйноого каршы улуттук борбордун директору Нурдин Сулайманов билдирди.
Анын айтымында, мекеменин кызматкерлери Сыдыманов менен 19-февралда жолугуп чыгышты:
- Өзү менен жолугуп чыгышты балдар. Эч кандай адамкерчиликсиз мамиле, кыйноо болбогонун айтты.
Сулайманов кошумчалагандай, блогер отурган камерада дагы эки киши бар.
Сыдыманов аймак аралык кастыкты козутуу боюнча шектүү катары эки айга Бишкектеги №1 тергөө абагына камалды.
Анын адвокаттары баш коргоо чарасын өзгөртүүнү өтүнүп шаардык сотко арыз беришкени маалым болду.
Бул окуя вайнерлер менен блоггерлердин чыгармачылык эркиндиги жана жоопкерчилиги тууралуу теманы күн тартибине чыгарды. (RK)