Мураталиев: Айбек Мырзага кызматташууну сунуш кылгам
Өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Марат Мураталиев Жерүй алтын кенин иштетүү маселесинин айланасында болгон мүчүлүштүктөргө облустук администрациянын тиешеси жок деп билдирди. Мураталиев коомчулукка видео кайрылуу таратып, анда жарандык активист Айбек Мырзанын кайрылуусунда айткандарын четке какты:
«Жерүй алтын кенин иштетүү боюнча мага жалаң эле Айбектен эмес, башка да активисттерден сунуш түшкөн. 5-февралда алардын чакыруусу менен Талас шаарында тегерек үстөл өткөн. Бирок Айбек Мырза 30га жакын жигиттер менен келип, алар элдин сүйлөшүнө мүмкүнчүлүк бербей, кыйкырып, тартип бузушту. Жыйындын аягына чейин катышпай кетип калышкан. Аларга чогуу комиссия түзүп, алтын кенинин ишин бирге иликтөөнү сунуш кылгам. Макул болгон эмес».
Марат Мураталиевдин маалыматына караганда, Жерүй алтын кенин иштетүү боюнча түзүлгөн комиссиянын кийинки жыйыны 5-мартта болот.
Жарандык активист, Жерүй алтын кенин иштетүү боюнча түзүлгөн элдик комиссиянын мүчөсү Айбек Мырза 25-февралда президентке видео аркылуу кайрылып, өмүрүнө коркунуч жаралып жатканын билдирген. Ал кенди иштетүүдө коррупциялык аракеттер бар экенин белгилеп, аны жоюу аракетине бут тосуу болуп жатат деп айткан. Активист мунун артында Талас облустук администрациясынын адамдары турат деп эсептейт.
Жерүйдө 80 тоннадан ашык алтын бар экени аныкталган. 1992-жылдан бери аны иштетүүнү каалаган ондон ашык инвестор алмашты. Акыркы жолу кыргыз өкмөтү 2015-жылы Жерүйгө жаңы аукцион жарыялап, соңунда орусиялык «Востокгеолдобыча» компаниясы жеңген. Келишим боюнча Жерүйдө Кыргызстандын бир пайыз да үлүшү жок.
«Востокгеолдобычанын» карамагында «Альянс Алтын» ишканасы түзүлүп, учурда Жерүйдү иштетүү боюнча аракеттер көрүлүп жатканын билдирип келет. Бирок өкмөт менен түзүлгөн келишимге ылайык, кенди иштетүү мөөнөтү кечеңдегени үчүн «Альянс Алтын» ишканасын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетке караштуу атайын комиссия былтыр жыл башында айыпка жыккан. (ZKo)