Британ премьер-министринин атасы Кыргызстанга туристтерди тартууга чакырды
Британиянын борбору Лондон шаарында 25-февралда «Кыргызстан Туризм Роудшоу» деген иш-чара өттү. Ал британиялык туристтерди Кыргызстанга тартууга арналган. Иш-чараны Лондондогу кыргыз элчилиги жана Туризм департаменти уюштурган.
Бул иш-чарага британ премьер-министри Борис Жонсондун атасы, 80 жаштагы Стенли Жонсон да катышты.
Ал Кыргызстанда 2018-жылы илбирсти коргоо аракетинде видеокамераларды орнотууга катышканы боюнча айтып берди. Европарламенттин мурдагы депутаты, азыркы белгилүү активист жана жазуучу жыйынга катышкан британиялык туркомпанияларды Кыргызстанга көптөгөн туристтерди жөнөтүүгө чакырды.
Лондондо өткөрүлгөн жолугушуу бул жуманын аягына чейин Манчестер менен Эдинбург шаарларында да уланмакчы.
Бул иш-чарага Кыргызстандан 12 туркомпаниянын өкүлдөрү жана «Мурас» элдик аспаптар тобу да катышты.
Кыргызстандын элчилиги «Түрк аба жолдору» компаниясы менен сүйлөшүүлөрдөн кийин, аба компаниясы Улуу Британиядан Кыргызстанга 2020-жылы аттанган туристтик топтор үчүн билеттин баасы 20% арзандатыларын жарыялады. (ZKo/BkA)