УКМК: Спортко бөлүнгөн миллиондогон акча уурдалды
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бишкекте спортко деп бөлүнгөн ири суммадагы акча каражаты уурдалганын кабарлады.
Мекеменин басма сөз катчысы Рахат Сулайманов билдиргендей, Бишкек мэриясынын Дене тарбия жана спорт башкармалыгында бюджеттик каражатты уурдоо боюнча коррупциялык схема аныкталды.
«Такталгандай, Дене тарбия жана спорт башкармалыгынын башчысы жооптуу адамдар менен бирге спортчулардын машыгууга чыгышын күбөлөндүргөн жасалма документтерди даярдоо аркылуу бюджеттик каражаттарды өздөрүнө системалуу түрдө ыйгарып алып турган, бирок ал машыгуулар уюштурулган эмес», - деди ал.
Атайын кызматтын маалыматына караганда, жасалма кагаздардын негизинде бюджеттен 3 млн. сом уурдалган.
Факт боюнча сотко чейинки өндүрүш Жазык кодексинин 320-беренесинин («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») негизинде Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.
Коррупцияны кабыл алуу индекси боюнча Кыргызстан 180 өлкөнүн арасынан 126-орунга жайгашты. Былтыр өлкө 132-орунда болчу. (RK)