Түрк-америкалык окумуштуу Түркиядагы абактан бошоду
Түрк - америкалык окумуштуу, НАСАнын Марс программасынын мурдагы кызматкери Серкан Голге эки өлкөнүн лидерлери Дональд Трамп менен Режеп Тайып Эрдоган 29-майда телефон аркылуу сүйлөшкөндөн кийин Түркиядагы түрмөдөн бошоду.
30-майда Ак үйдө журналисттерге сүйлөп жатып, Трамп түркиялык кесиптешине ыраазычылык билдирди.
40 жаштагы Серкан Голгенин бошотулушу тууралуу расмий түшүндүрмө берилген жок.
Ал 2016-жылы Түркияда үй-бүлөсү менен эмгек өргүүсүндө болуп, Техас штатынын Хьюстан шаарындагы үйүнө баратканда кармалган. Окумуштуу 2016-жылдагы төңкөрүш аракетинен кийин колго түшкөн.
Анкара Фетхуллах Гүленди 2016-жылдын 15-июлунда ишке ашпай калган төңкөрүш аракетинин артында турган деп айыптап келет.
Серкан Голге Гүлендин кыймылына тиешеси жок экенин билдирген. Ал "террордук кыймылга" мүчө деп, 2018-жылдын февралында жети жарым жылга соттолгон. Кийин абак мөөнөтү беш жылга кыскарган.