Матраимовдор фондуна Түркиядан 2,3 миллион доллар которулганы белгилүү болду
“Азаттыкка” келип түшкөн документтер бир нече жыл аралыгында Кыргызстандан кеминде 250 миллилн доллар чыгарылып кеткенин ырастады.
Бул сумманын бир бөлүгү чет өлкө жарандарынын атына которулганы белгилүү болду. Ишенимдүү булактарыбыз 2011-2017-жылдар аралыгында Ош шаарындагы бир нече банктар аркылуу кеминде 700 миллион доллар сыртка которулганын билдиришти. Мындай сумма кайдан табылганын “Азаттык” дагы иликтеп жатат.
Редакциянын колуна тийген банк дүмүрчөктөрү акчаларды “Айэркин Саймаити” аттуу уйгур улутундагы Кытайдын жараны которгонун көрсөттү. Жүз миллиондогон доллар Түркия, Британия, Бириккен Араб Эмирлиги, Германия, Орусия, Кытай баштаган 13 өлкөгө которулган.
Ушул эле Саймаити жана анын аялы Вуфули Бумаилиамунун атынан 2015-2017-жылдар аралыгында Түркиядан Кыргызстандагы “Исмаил Матраимов атындагы кайрымдуулук фондуна” 2 338 700 доллар которулган. Аталган фондго Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, "Райым миллион" атыккан Райымбек Матраимовдун бир тууган иниси Русланбек Матраимов ээлик кылат. Ал Саимаити жана Бумаилиамуну тааныбай турганын айтып, алардан акча келгени тууралуу маалыматты четке какты.
“Исмаил Матраимов атындагы фонд” бир нече жылдан бери спорттук иш-чараларды өткөрүп, ага жогорку мамлекеттик кызматкерлер катышып келет. Быйыл 1-майда парламент спикери Дастан Жумабеков, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жана депутаттар, облус жетекчилери, элчи жана башка саясатчылар катышканы эл арасында катуу сынга алынган.