Боронов: Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы товар жүгүртүү өстү
2018-жылы Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы товар жүгүртүү 25 пайызга өстү. Ал эми 2019-жылдын январь-март айларында көрсөткүч 472 млн. долларды түзүп, 12 пайызга көбөйдү.
Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов кыргыз-кытай өкмөттөр аралык соода-экономикалык кызматташуу боюнча комиссиясынын жыйынында айтты.
«Электромобилдерди чогултуп өндүрүүнү уюштуруу, Кыргызстандагы мунайзат кайра иштетүүчү заводдорго инвестиция салуу иштерин улантуу зарыл. Бул ЕАЭБ талаптарына жана стандарттарына дал келген продукция чыгарууну камсыздайт. Мындан тышкары текстилдик, кен иштетүү, энергетика, өнөр жай ишканаларын ачуу келечектүү», – деди Боронов.
Өкмөттөн кабарлашкандай, ал мындан тышкары Кытайга каттаган кыргызстандык жүк ташуучу айдоочулардын маселесин көтөрдү жана Кытай тарапка эки өлкө ортосунда жаңы аба каттамдарын ачууну сунуштады.
Жыйын Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин жана Кытайдын төрагасы Си Цзинпиндин Кыргызстанга мамлекеттик сапарынын алдында өттү. (BTo)