Мы в Telegram
Добавить новость
123ru.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2021

Новости за 28.09.2021

Түркмөн президентин сындаган активист Стамбулда кармалды

Azattyk.org 

Президент Гурбангулы Бердымухамедовдун бийлигин кескин сындап келаткан түркмөнстандык активист Дурсолтан Таганова Түркиянын Стамбул шаарында кармалды. Таганованын Батыштагы диссидент санаалаштары түрк бийлигинен аны тез арада бошотууну суранышты. Москвадагы "Мемориал" укук коргоо борбору 27-сентябрда активист Дурсолтан Таганова Түркмөнстанга депортацияланышы мүмкүн экенин эскертип коңгуроо кагууда. Маалыматка ылайык, 26-сентябрда түрк полициясы Таганованын Стамбулдагы үйүнө келип кеткен. Активистти... Читать дальше...

Казак абагындагы диссидент акын ооруканага түшкөнү кабарланууда

Azattyk.org 

Казакстанда камактагы диссидент акын Арон Атабек ооруканага которулду. Бул тууралуу 28-сентябрда укук коргоочу, "Ар.Рух.Хак" уюмунун жетекчиси Бахытжан Торегожина "Фейсбуктагы" баракчасына жазды. Павлодарлык укук коргоочу Елена Семёнова Атабек оруканада жатканына бир жума болгонун "Азаттыктын" казак кызматына билдирди. Азырынча Кылмыш жана жаза аткаруу системасы боюнча комитеттин өкүлдөрү бул боюнча эч кандай комментарий бере элек. Бийлик өкүлдөрү акындын саламаттыгы тууралуу маалымат айта элек. Читать дальше...

Орусияда оппозиционер Навальныйга жаңы кылмыш иши ачылды

Azattyk.org 

Орусияда Кремлдин башкы оппоненти Алексей Навальныйга жана анын үзөңгүлөштөрүнө "экстремизмге" байланыштуу жаңы кылмыш иши козголду. Орусиянын Тергөө комитети 28-сентябрда билдиргендей, Навальный 2014-жылы "Орусиядагы конституциялык түзүлүштү өзгөртүү үчүн экстремисттик түйүн түзгөн жана аны башкарган" деп айыпталууда. Ал эми анын өнөктөштөрү Леонид Волков менен Иван Ждановго "экстремисттик түйүндүн ишин жүргүзгөн", Любовь Соболь, Вячеслав Гимади, Руслан Шаведдинов сыяктуу дагы бир нече адамга "бул уюмга мүчө болгон" деген кине тагылууда. Читать дальше...



Жаңылыктар: Ооган качкындары Тажикстанга өтө албай турат

Azattyk.org 

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду "өз каалоосу менен кызматтан алуу" боюнча документ парламенттин тийиштүү комитетине келип түшкөнү маалым болду. Бишкекте жол кире кымбаттады. Депутаттардын чечими менен эми автобус-троллейбустардын жол киреси 11 сом, ал эми кичи автобустардыкы 15 сомго көтөрүлдү. Ооганстандан качкандарды талибдер Тажикстандын аймагына өткөрбөй жатат, башпаанек издегендердин көбү этностук тажиктер экени белгилүү болду.

COVID-19: Жапонияда өзгөчө кырдаал 30-сентябрда токтойт

Azattyk.org 

Жапонияда коронавируска байланыштуу алты айга созулган өзгөчө кырдаал алынганы жатат. Мындай тартип 30-сентябрда аягына чыгарын жапон премьер-министр Ёсихидэ Суга шейшемби күнү жарыялады. Жапонияда өзгөчө кырдаал апрель айында киргизилип, андан бери узартылып келген. Быйыл Токиодогу жайкы Олимп оюндары да катаал чектөөлөр менен коштолгон. Премьер-министр Суганын айтымында, COVID-19дун болочоктогу толкундарын алдын алуу үчүн айрым чектөөлөр бара-бара гана алынат. Мындан тышкары жарандардын эмдөөдөн... Читать дальше...

Жапаров Шыкмаматовду шайлоого узатты

Azattyk.org 

Алмамбет Шыкмаматов берген арызына ылайык инвестициялар министри кызматынан бошотулуп, парламенттик шайлоого катыша турган болду. Ал парламенттик шайлоого катышуу үчүн кызматынан кеткен алгачкы жогорку кызматтагы жетекчи болуп калды. Шыкмаматовдун шайлоо алдындагы чечими Президент Садыр Жапаров 28-сентябрда инвестициялар министри Алмамбет Шыкмаматовдун Жогорку Кеңешке шайлоого байланыштуу кызматынан кетүү жөнүндө арызын кабыл алды. Анын орун басары Нурадил Баясов министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Читать дальше...

Нарын шаарынын мэри кызматтан кетерин жарыялады

Azattyk.org 

Нарын шаарынын мэри Самарбек Болотбеков "Фейсбуктагы" баракчасына ээлеген кызмат ордунан кетип жатканын 28-сентябрда жарыялады. "Сиздердин ишенимиңиздерге терең ыраазычылык билдирем. Аз болсо да, үч ай ичинде болгон күч аракетимди Нарын шаарынын жашоосун ыңгайлуу болушуна колуман келген аракетимди жумшадым. 100 күндүк ишим тууралуу отчет тапшырдым. Тилекке каршы, акыркы жагдайга карата моралдык тараптан кызматымда калуу туура эмес деп ойлойм", - деп жазды ал.   Болотбеков “Жогорку Кеңештин... Читать дальше...

Кылмышка шектелген он чакты адам Орусиядан кармалды

Azattyk.org 

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгү өлкөдө кылмыш жасап, чет жактарда жашырынып жүргөн он чакты кыргызстандык жаранды кармады. Алар Кыргызстанда кылган кылмыштары үчүн издөөгө алынган. ИИМдин басма сөз кызматы кабарлагандай, алардын ичинде алдамчылыкка, чек араны мыйзамсыз өтүүгө, зордуктоого шек саналгандар, 1998-жылы абактан качып кеткен адам жана алимент төлөбөй качып жүргөндөр бар. Алардын айрымдары Москва шаарында кармалып, тергөө абагына киргизилген. Алдамчылыкка шек саналып... Читать дальше...



Абдыгуловду арыз жаздырган банк мыйзамы

Azattyk.org 

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кызматтан алуу маселесин карай турган парламенттин профилдик комитетинин 28-сентябрдагы жыйыны болбой калды. Мунун алдында Абдыгуловдун өзүнөн кызматтан кетүү тууралуу арыз түшкөнү кабарланган. Бир нече айдан бери депутаттар Улуттук банкка байланыштуу мыйзамды өзгөртүүнү да карап жаткан. Мекеме ага каршы чыккан. Бул жагдай башкы каржы көзөмөл мекемесинин көз карандысыздыгын жоготуп, валюталык кризис жаратат деген кооптонуу туудурууда. Өтпөй калган... Читать дальше...

Элчилик: Москвада ок жеген кыргызстандык жарандын абалы оор

Azattyk.org 

Москвада октон жаракат алып, ооруканада жаткан кыргызстандык жарандын абалы оор. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги маалымдады. Ага ылайык, 27-сентябрда полицияга 26 жаштагы кыргызстандык жарандын башына ок тийгени тууралуу маалымат түшкөн. Аны "Тез жардам" кызматы ооруканага жеткирген. Бул факты боюнча Москва шаарынын Красносельск райондук тергөө бөлүмү "Адамдын ден соолугуна атайылап оор залал келтирүү" беренеси менен кылмыш ишин козгоду. Элчилик жарандын абалы оор болгондуктан... Читать дальше...

Тамеки жана никотин кесепеттеринен коргоо мыйзамына кол коюлду

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров тамеки жана аэрозолдун зыяндуу кесепеттеринен коргоо жөнүндө мыйзамга кол койду. "Мыйзам бардык тамеки каражаттарынын жарнамасына толук тыюу салуу аркылуу, тамекиге жана тамеки каражаттарынын бардык түрлөрүнө каршы күрөшүү боюнча нормаларды жакшыртууга жана чараларды күчөтүүгө багытталган", - деп жазылган президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматта. 2021-жылдын 29-июлунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган мыйзамдын максаты – Кыргыз Республикасынын калкынын... Читать дальше...

Сары-Жазды жердеген малчынын турмушу

Azattyk.org 

Жубайлар Рустам менен Наргиза Ысык-Көлдүн Сары-Жаз өрөөнүндө деңиз деңгээлинен 3800 метр бийиктикте жашап, мал чарбасы менен алектенет. Алар өрөөндө -40 градус суукта дагы кыштап калат. Бул жерде электр энергия, телефон байланышы да жок. Жаратылыш шарты дагы катаал жерге жетиш үчүн облус борборунан 150 чакырымдан ашык татаал жолду басып өтүү керек.

Михаил Саакашвили Грузияга кайтып барарын жарыялады

Azattyk.org 

Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвили 2-октябрда мекенине кайтып барарын билдирди. Бул күнү Грузияда жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтөт. Учурда Украинада жашап жаткан Саакашвили Грузияда өзүнө каршы кылмыш иштери ачылганына карабай Тбилисиге учуп бара турганын "Фейсбукка" жарыялаган видеосунда белгиледи. "Грузиянын тагдыры чечилип жатат. Грузиянын келечеги сыноо алдында турат. Ошондуктан мен силер менен бирге болуу, силердин [саясий] эркиңерди коргоо жана Грузияны коргоого аралашуу үчүн 2-октябрдын кечине билет алдым"... Читать дальше...

"Озоди" "Талибан" жүздөгөн качкындарды Тажикстанга өткөрбөй жатканын билдирди

Azattyk.org 

Ооганстанда бийлик башына келген "Талибан" кыймылы жүздөгөн ооган качкындарын коңшу Тажикстандын аймагына өткөрбөй жатканы белгилүү болду. "Эркин Европа / Азаттык" радиосунун тажик кызматынын ("Озоди" радиосунун) колуна тийген видеодо көрүнгөндөй, Ооганстандын түндүк-батышындагы Бадахшан провинциясы менен Тажикстандын Ишкашим району чектешкен аймакта жүздөгөн качкындар топтолуп турат. Алар Тажикстанга өтө албай жатканын Ооганстандагы "Бадахшан Плюс" каналынын блогери Абдулфаттох Азизи "Озоди" радиосуна айтып берген. Читать дальше...

Бишкекте жол кире 1-ноябрдан тартып көтөрүлөт

Azattyk.org 

Бишкек шаардык кеңешинин бүгүн, 28-сентябрдагы токтому менен борбор калаадагы коомдук транспортто жүрүү акысы кымбаттады. Ага ылайык, троллейбуста жана автобуста жүрүү акысы - 11 сом, ал эми маршруттук кичи автобустарда жүрүү акысы - 15 сом болот. Жол кире 1-ноябрдан тартып кымбаттайт. Мэрия Бишкекте жүргүнчүлөрдү ташууга кеминде 1,5 миң автобус зарыл экенин белгилеп келет. Ушул тапта Бишкек шаарында 75 автобус, 120 троллейбус каттамга чыгат. Муниципалдык транспорттон тышкары "Шыдыр жол" ишканасынын 14 автобусу жүргүнчү ташыйт. Читать дальше...

Азимжан Аскаровдун өлүмүн УКМК иликтейт

Azattyk.org 

Башкы прокуратура Азимжан Аскаровдун өлүмүн иликтөөнү башка органга өткөрүп берүү тууралуу адвокаттын өтүнүчүн колдоого алды. Бул тууралуу "Бир дүйнө - Кыргызстан" коомдук уюму кабарлады. Маалыматка ылайык, Башкы прокуратура Азимжан Аскаровдун өлүмүн мындан ары иликтөө үчүн тергөөнү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине (УКМК) өткөрүп берди. Укук коргоочу Азимжан Аскаровдун өлүмүнө байланыштуу ишти тергөөнү башка мекемеге өткөрүп берүү өтүнүчү менен "Бир дүйнө - Кыргызстан" коомдук... Читать дальше...

Куралдуу жаңжалдан кийин Баткенге чогулган каражаттын жарымы иштетилди

Azattyk.org 

Апрель айынын соңунда кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан кийин элден чогулган 120 млн. сомдой каражатты сарптоо үчүн атайын комиссиянын чечими менен 60 млн. сомго жакыны сарпталды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев “Азаттык” радиосуна билдирди. Анын айтымында, чек ара чырынан кийин атайын эсепке ар тараптан гуманитардык жардам катары чогулган каражатты сарптоо үчүн бекитилген жобо бар. Ал жобого ылайык ушу күнгө чейин... Читать дальше...

Камакка алынган Алмаз Сарыбаев жеке ооруканага которулду

Azattyk.org 

Бийликти күч менен басып алууга шек саналып камалган Алмаз Сарыбаев Бишкек шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайынан жеке ооруканалардын бирине которулду. Бул тууралуу “Азаттыкка” акыйкатчы Токон Мамытов билдирди. Анын сөзүнө караганда, Сарыбаев ачкачылыгын токтотпой ден соолугу начарлап кеткен. Акыйкатчы институтунун кызматкерлери аны менен азырынча жолуга элек. “Биздин кызматкерлерден ПЧР тест талап кылынып жатат. Анын жыйынтыгы чыккандан кийин кызматкерлерибиз ооруканага барып акыркы маалыматтарды алып келишет”... Читать дальше...

Шыкмаматов инвестициялар министри кызматынан бошотулду

Azattyk.org 

Алмамбет Шыкмаматов берген арызына ылайык инвестициялар министри кызматынан бошотулду. Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Шыкмаматов алдыдагы Жогорку Кеңешке шайлоого байланыштуу инвестициялар министри кызматынан кетүү жөнүндө арыз жазарын 27-сентябрда билдирген. Ошол күнү Садыр Жапаровдун кабыл алуусунда болуп, президент "Мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси" класстык чинин ыйгарган. Алмамбет Шыкмаматовдун ордуна инвестициялар министринин милдетин аткаруучу болуп... Читать дальше...


Музыкальные новости
Денис Мацуев

Мацуев — о московском дерби: Бездарное зрелище. Уснул на 15-й минуте





Персональные новости
Кубок

Псковские волейболисты стали призерами международного турнира «Кубок дружбы»





Орусияда COVID-19дан көз жумгандардын саны өсүүдө

Azattyk.org 

Соңку бир сутка ичинде Орусияда COVID-19га чалдыккан 852 бейтап көз жумду. Бул пандемия башталгандан берки эң жогорку көрсөткүч. Орусияда коронавируска каршы эмдөө жай жүрүп, вирустун "Дельта" варианты да жайылып жатат. Буга чейин коронавирустан каза болгондордун бир күндүк эң жогорку көрсөткүчү 24-сентябрда катталган. Анда бир сутка ичинде 828 бейтап COVID-19дан кайтыш болгону кабарланган. Расмий эсепке ылайык, Орусияда коронавирустун жалпы курмандыктарынын саны 205 миңден ашты. Бул Европа чөлкөмүндөгү эң жогорку сан. Читать дальше...

Алайда биринчи жолу “Тоо театрларынын фестивалы” өтөт

Azattyk.org 

Республикалык маанидеги фестивал биринчи жолу 29-30-сентябрда Гүлчө айылында уюштурулуп жатат. Иш чара Алымбек датканын 220, Курманжан датканын 210 жана Алай театрынын 75 жылдыгына карата демилгеленгенин Токтогул Ажибаев атындагы Алай музыкалык-драма театрынын жетекчиси Алымкул Исаков “Азаттык” радиосуна кабарлады. Уюштуручуулардын айтымында, иш-чаранын максаты тоолуу аймактардагы театрлардын чыгармачыл потенциалын өркүндөтүү. Иш чара Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги... Читать дальше...

Венгрия газ келишими боюнча Украинанын сынына жооп берди

Azattyk.org 

28-сентябрда Венгриянын Тышкы иштер министрлиги Украинанын элчисин чакыртып, Киевдин Москва менен Будапешттин ортосундагы жаңы газ келишимин сындаган билдирүүсү боюнча түшүндүрмө талап кылды. Бул тууралуу Венгриянын тышкы иштер министри Петер Сийярто "Фейсбукка" жазды. Ал Украинанын билдирүүсү Венгриянын суверендүүлүгүнө шек келтиргенин айтты. 27-сентябрда Венгриянын энергетика тармагындагы MVM компаниясы Орусиянын мамлекеттик "Газпром" компаниясы менен Будапештте 15 жылдык жаңы газ келишимине кол койгон. Читать дальше...

Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат

Azattyk.org 

Кытай Эл Республикасынын түптөлгөн күнүн майрамдоого байланыштуу 1-октябрдан 7-октябрга чейин Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы чек ара бекеттери жабылат. Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына караганда, "Торугарт" жана "Эркечтам" көзөмөл-өткөрмө бекеттеринен жүк алып өтүүгө тыюу салынат. 8-октябрдан тартып бекеттер кайрадан иштей баштайт. Атайын алгоритмге ылайык, аталган өткөрмө бекеттеринен азырынча Кытайдан келе жаткан жүктү гана алып кирүүгө уруксат берилет.

Грекиянын Крит аралында кайрадан жер силкинди

Azattyk.org 

Шейшемби күнү Грекиянын Крит аралында кайрадан жер силкинип, анын магнитудалык күчү 5,3 баллга жетти. Афиныдагы Геодинамика институту 28-сентябрда билдиргендей, бул кечээки жер титирөөдөн бери катталып жаткан ондогон майда силкинүүлөрдүн эң күчтүүсү болуп калды. Анын очогу Криттеги Гераклион шаарынан түштүк-чыгышты көздөй 22 чакырым аралыкта жайгашкан. Грекиянын бийлиги жарандарды жарака кеткен имараттардан оолак болууга чакырды. Миңдеген жергиликтүү тургундар шейшембиге караган түндү чатырларда же автоунааларда өткөрүштү. Читать дальше...

Аба ырайы: Чукул билдирүү

Azattyk.org 

Кыргызгидромет 1-4-октябрда туруксуз аба ырайы күтүлөрүн билдирди. Мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоо этектеринде жааган жамгыр карга айланып, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 2-октябрда күндүз жана 3-октябрда кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет. 2-3-октябрларда күндүз абанын температурасы төмөндөйт. Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Спорт в России и мире
Москва

Учитель из Бутово стала «Гуру физкультуры»


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
Новак Джокович

Шикарный и практичный стиль Елены Джокович из базовых вещей


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Жёсткие экологические требования решат инновационные энерготехнологии





Путин в России и мире
Москва

Поездам прибавляют ходу // Как может сократиться время пути от Москвы до курортов на Черном море


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Это - война: литовские беспилотники попытались атаковать Минск




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире

Навальный в России и мире
Москва

Продюсера Reuters арестовали за публикацию материалов на YouTube-канале «НавальныйLIVE»



Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Алла Пугачёва

Гитарист Пугачевой Левшин рассказал о проблемах со здоровьем у певицы



Москва

«Пришло время жить на своей земле»

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net