Тажик депутаттары 16 миң адамга мунапыс берүүчү мыйзамды колдоду
6-сентябрда Тажикстандын парламентинин төмөнкү палатасы түрмөдөгү миңдеген адамга мунапыс бере турган мыйзам долбоорун жактырды. Башкы прокурордун орун басары Дилшод Талбакзода парламентте билдиргендей, мунапыска 16 миң киши илинет жана алардын 10 700дөйү кылмыш жоопкерчилигинен толук бошотулат же аларга козголгон кылмыш иши жабылат. Ошондой эле 5300 адамдын абактагы мөөнөтү кыскарат. Бул мунапысты тажик президенти Эмомали Рахмон өлкө эгемендигинин 30 жылдыгына карата сунуштаган. "Мунапыс жөнүндө" мыйзамга ылайык... Читать дальше...