HRW өкүлү Азимжан Аскаров маселесин козгоду
Адам укугун коргогон Human Rights Watch уюмунун Европа жана Борбор Азия боюнча аткаруучу директору Хью Уильямсон 23-сентябрда Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев менен жолугуп, өлкөдөгү адам укугуна байланыштуу маселелерди сүйлөштү. Бул тууралуу ТИМ басма сөз кызматы кабарлады. Жолугушууда качкындар, мигранттар жана улуттук азчылыктардын укугу тууралуу сөз болуп, COVID-19 вирусунун өлкөлөрдөгү адам укугуна тийгизген таасири талкууланды. Уильямсон Кыргызстандын Ооганстанга... Читать дальше...